ЫПЛАС СУУДАН ЧЫККАН БИОГАЗ 3 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Нарын облусунун борбору Нарын шаарында 70-80 жылдан бери суу-канал түтүктөрү алмаштырылбай келет. Шаардык мэрия 2017-жылдын жаз айынан тарта эл аралык банктардын бири грант катары бөлгөн каражатка түтүк алмаштыруу иштерин баштамак. Бул иш өз кызматын баштаганча эле кезектеги түтүк оңдоо ишинен 3 адам кырсыктап каза болду. Дагы экөө облустук ооруканада жатышат. Окуяга төмөндө кененирээк кайрылабыз.

"ТҮТҮК ЖАРЫЛЫП КЕТКЕН ДЕШҮҮДӨ"

Окуя боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук өрткө каршы башкармалыгына караштуу өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Адилет Жекшенбаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 9-июнь күнү болжол менен 17:12 чамасында биздин кызматка "Тез жардам" кызматынын диспетчери чалып, Нарын шаарынын Бусурманкулов көчөсүндө кырсык болгонун кабарлады. Окуя катталган жерге барсак, шаар ичиндеги ыплас суулар өткөн түтүктү оңдогону кудукка түшкөн кызматкерлерди кесиптештери чыгара албай жатышыптыр. 1 сааттай алышып жатып кудуктун ичинен 3 адамдын жансыз денесин алып чыктык. Кырсык болгон күнү ишкананын кызматкерлери түтүктөр өтүүчү кудукка түшүп, насос алмаштырмакчы болушкан. Жумушун аяктап жатканда түтүктөрдүн бири жарылганбы, айтор, кудуктун ичи ыплас суудан бөлүнүп чыккан биогазга толо баштаган. Газга ууланып, кызматкерлер сыртка чыгууга үлгүрбөй калышкан. Аккан ыплас суу кудукка дагы толо баштаган экен.
Каза болгон кызматкерлер узун резина өтүк, атайын кийимдерди кийип, бирок противогаз кийбей киришкен. Каза болгон кызматкерлердин денеси укук коргоо органына өткөрүлүп берилди. Жабырланган дагы эки кызматкерди облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып кетишти.

"ТҮТҮКТӨРДҮН АЛМАШПАГАНЫНА 70-80 ЖЫЛ БОЛГОН"

Суу-канал ишканасы – муниципалдык мекеме. Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев бул кырсык боюнча атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди:

– Окуя боюн­ча Экотехинспекция иш алып барып жатат. Комиссиянын курамына шаардык мэрия юрист кошуп берди. Комиссия өз ишин аягына чыгармайынча бул кырсыкка кайсы бир адамдарды же мекемени күнөөлөө туура эмес болуп калат. Нарын шаарындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири – бул канализация. Кеминде 70-80 жылдан бери Нарын шаарында таза жана ыплас суу түтүктөрү алмашылбай келген. Алардын эскилигинин жеткени да ушундай каргашалуу кырсыкка алып келди көрүнөт. Быйыл мэрия ушул маселеге байланыштуу долбоор жазып, аны ишке ашырууну Европалык банк каржыламакчы болгон. 6 миллион 200 миң евро бөлүнүп, этап менен иш алып баруу башталган. Атайын адистер Суу-канал ишканасынын кызматкерлерин окутуп, үйрөтүшкөн. Эми инженерлер ишке тартылып, Нарын шаарын бүтүн изилдеп, канализацияны кайдан, кантип алып өтүүнүн жолдорун издешет. Быйыл күзүндө ишти практика жүзүндө баштоо үчүн техника, жумушчу топ менен камсыздай турган фирмаларга тендер жарыяламакпыз. 2017-жылдын жазы менен ушул ишти баштоо алдында турганбыз. Бирок бөлүнүүчү каражатка шаардын 30 пайызы гана суу-канал түтүктөрү менен жабдууга жетет.
Каза тапкан кызматкерлердин арты 10 жылдан бери Суу-канал ишканасында иштеп келгендер. Андыктан коопсуздук эрежелерин билишпейт деп айтуу кыйын. Комиссия ишин жыйынтыктаганча жергиликтүү бийликтин бюджетинен каза болгондордун үй-бүлөсүнө 50 миң, ал эми ооруканадагы 2 кызматкерге 10 миң сомдон жардам бердик. Мындан сырткары мекеме-ишканалар да четте калбай, колдон келген каражаттарын чогултуп жатышат. Облустук администрациядан ар бир үй-бүлөгө 20 миң сомдон жардам бөлүндү дешти. Үй-бүлөлөргө канчалык жардам бергенибиз менен, бүлө башчыларын кайтара албайбыз. Ошентсе да жалпы урук-тууган, үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Аларга төлөнө турган компенсациянын өлчөмүн түзүлгөн комиссия аныктамакчы.

"КУДУККА ТҮШӨ КӨРБӨ ДЕП ЖАКШЫ ЭЛЕ ЖАЛЫНГАМ"

Иш үстүндө каза болгондордун бири Талантбек Абдылдаевдин келинчеги Асел Бектурсун кызы кызматкерлердин атайын кийимдер менен жабдылбагандыгын айтты. "Талантбектин айлыгы биздин негизги киреше болчу. Эми баламды жалгыз кантип багам?",- деп зээнди кейитти.
– Талантбек 6 жылдан бери Суу-канал ишканасында иштеп келе жаткан. Кырсыкты күтүлбөгөн кырсык деп айта албайм. Талантбек мага бул боюнча айтып эле келе жаткан. Бир да жолу противогаз кийгенин көргөн эмесмин. Окуя болордон мурун ошол кудукка чака салып көрүшүптүр. "Алып чыксак чака газга кадимкидей эле күйүп кетти. Эми ошол жакка адамдарды киргизебиз деп жатышат. Кудуктан ыплас сууну сордурчу насос алып келишкен. Анысы да 2 күндөн кийин иштебей калды" деп келген. Ошондо эле билгем бир балакет болорун. "Талантбек, айланайын, кудукка түшө көрбө" десем, "Чоңдор түш десе түшөбүз да" деп койгон. Ал жерде 3-4 күндөн бери эле иштеп жатышкан. Өрт өчүрүү кызматына противогаз сурап барышса, "өзүбүзгө жетпей жатат" деп бербей коюшуптур. Килейген бир шаарды тейлеген негизги мекеме да противогаз сурайбы? 9-июнь күнү Талантбекке телефон чалдым. "Кудуктун жанында турабыз. Бирөө түшүп кеткен, жарым сааттан бери дайыны жок. Экинчибиз да кирип кетти, азырынча андан да дайын жок. Азыр эми мени кир деп жатышат",- деди. Кире көрбө деп жакшы эле сурангам. Андан кийин чалсам телефону өчүк болуп калды. Биринчи кызматкер киргенде эле куткаруу кызматын чакырса балким, тирүү калышмак беле...
Булар бири-бирин куткарабыз деп арты артынан кире беришкен экен. Акыркы кирген кызматкер ошол жерден ары-бери өткөндөрдү жардамга чакырууга үлгүрүптүр. Көзөмөлдөп, инструкция берип турган сыртта эч ким болгон эмес. Мындан мурун да жип менен 1 кызматкерди түшүрүшүп, ал эсин жоготуп баштаганда тартып алышып, ооруканада дарыланып чыккан экен. Кантип анан муну күтүлбөгөн кырсык деп атоого болот? Сөөктөрдү алып чыккандар "оозу-мурдуларына ыплас суу толуп калган экен, жууп-тазаладык" дешти. Газга ууланганы аз келгенсип, ыплас суу жуткандарын эстеп кан жутуп отурам.
Жолдошум 30га чыкпай кете берди. Мен 1 жаш 9 айлык баламды кучактап, 25ке чыкпай жесир калдым. Үч үй-бүлө башчыбыздан айрылдык. Эми бизди ким багат? Айлыктары көтөрүлгөн деле эмес. Акыркы эки айда 7000 сомдон алып, ошого жакшы алдык деп сүйүнүп жүргөн. Болбосо акча жок деп айынан кечиктирип, сүйрөп жатып 4500-5000 сом айлык которуп келчү. Төлөгөн компенсациясынын деле кереги жок. Ал Талантбектин ордун толуктап бербейт. Сураганым, балам чоңойгуча жок дегенде жөлөк пул чектеп беришсе болду.
Айламды таппай турам. Кырсыкка тигил же бул адам күнөөлүү деп догурунбайм, болору болду. Эми каза болгондордун ордуна келген кызматкерлер да ушундай тагдырга кез келбеш үчүн ишкана жетекчилиги жакшылап көңүл бурса дейт элем. Техника, кийим-кече, противогаз менен кызматкерлерди жабдып алып анан иш алып барышпайбы? Же биздин чоңдор ойгонуш үчүн сөзсүз эле адам өмүрү кыйылышы керекпи?
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнөн билдиришкендей, кырсыктан жабыркаган эки жарандын абалы турукташып, терапия бөлүмүнө которулган. Алар 31 жаштагы Жыргал Самсалиев жана 45 жаштагы Калыбек Усупов. Ал эми 30 жаштагы маркум Алмаз Өмүрзаков үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы болсо, дагы бири Талантбек Абдылдаев да 30 жашта, үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы. Үчүнчүсү Нурлан Дүйшөналиев 41 жашта болгон, анын артында жубайы жана 2 баласы калды. Үчөө тең Нарын шаардык Суу-канал ишканасында слесарь болуп эмгектенип келишкен.

Куткаруу кызматы каза болгондорун денесин алып чыгып жаткан учуру.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
cholpon20000
2016-06-20 09:49:29
жаткан жерлери жайлуу болсун. Коробуз го чондорубуз эми не кылышаарын
+1
gulmira96
2016-06-20 15:41:45
Шаардын мэриясы жалдырап кайсы жакты карап отурат,жок дегенде канализацияларды тыныраак тазалап коюшпайбы. Козум корбосо кочугумду бору жесин деп отура беришкен да чондор. Анын кесепети карапайым элге эле тийуудо.
+2
Djansu
2016-06-23 11:11:53
иииййй байкуштар,жаткан жерлери жайлуу болсун.
+2
Munira90
2016-06-23 13:04:38
Шаардык мериянын кайдыгер мамилесинен ушул окуя болуп жатат,жумушчулардын да куноосу противогаз жок болгондон кийин кудукка кирбеши керек эле,ар бар адам озунун укугун билиши керек ошондой коркунучтуу жерге оз омурлорун тобокелге салып киришкен,эми озулорунун эле шору ,кудукка салып коргон чака газга толуп куйуп кеткен жерге противогаз кийбей киришкен озулорундо куноо.
-2
mishonia8077
2016-06-24 02:18:45
Нарында бирдеме болмоюнча чондор кыймылдабайт.
0
rayimo
2016-07-09 11:24:49
Билип туруп эле кол алдындагы жумушчуларын өлүмгө жиберген турбайбы эми ишкана жетекчиси өз керт башы менен жооп берсин Ушундай тупой сабатсыз адамды эмнеге мындай кызматка коюушкан?
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан