Актан Рыскелдиевдин жубайы Феруза: "АКТАНДЫН ЭРДИГИ – МАГА ҮЙЛӨНГӨНДҮГҮ"

Тамашоучу, "Позитифф" командасынын капитаны Актан Рыскелдиевдин үйлөнгөнүнө 1 жылдан ашты. Андан бери күлкү жаратуучу уулдуу болуп, бир нече телевизиондук долбоорлордо чыгармачылык кесибин улантып келет. "Тамашоуго" кинодон келгем, эми кайра киного кетем" деген жигит жубайы Феруза менен келип, жашоосундагы кызыктардан айтып отурду.

– Кандайсыңар, Актан, Феруза? Маегибизди кантип табышып калганыңардан баштасак?

Актан: – Кандайсыздар? Экөөбүз Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуп жүргөндө тааныштык. Мен 4-курста окуп жатканда Феруза 1-курска биздин факультетке келди. Толугунан келген, бою менден узун кыз эле.
Феруза: – Боюм узун эмес болчу, жөн эле дайыма шиш така кийип жүрчүмүн.
А.: – Анан мени көрсө эле кача берчү. Феруза сыртынан мага өзүнө караган, бардар үй-бүлөнүн кызындай, шаардык сезилчү. Кой, бул мендей шалапайды кантип карасын деп курбусу менен сүйлөшө баштагам. Көрсө, бул мени ошондо эле жактырчу тура. Курбусу менен сүйлөшкөндө ичинен күйүп-бышып эле жүрчү экен.
Ф.: – Актанды биринчи көргөндө эле жактыргам. Жигитим катары эмес, дароо эле болочоктогу жолдошум катары элестеткем. Актандан кача бергенимдин себеби – уяла берчүмүн. Анан бул активист, институттун алдыңкы студенти эле. Акылдуу, билимдүү, менден улуудай көрүнчү, бирдеме сураса билбей калам деп сүйлөшкөндөн каччумун. Кийин факультеттер арасында КВН болгондо мен да катышып, репетицияга чогуу барып жүрүп табышып калганбыз.

– Экөөңөр бири-бириңер үчүн кандай эрдиктерди жасагансыңар?
Ф.: – Актандын эрдиги – мага үйлөнгөндүгү деп ойлойм. Анткени мени көп күттүрдү, башында "2 жылдан кийин үйлөнөбүз" деген, андан соң "Тамашоуго" берилип кетип дагы 2-3 жылга жылып кетти. Ошон үчүн мен "Тамашоуну" жаман көрчүмүн. Себеби мага көңүл бөлбөй, оюнун баары ошол жакта болуп калган. Кыз-жигит кезде "Тамашоунун" оюндарына такыр барчу эмесмин. Үйлөнгөндөн кийин гана Актан сүйрөп барып көрсөткөн. 5 жыл мамиле кургандан кийин Актанга таарынып, "сен бутуңа тур, анан үйлөнөбүз" деп Орусияга кетип калдым. Бирок жарым жылдан кийин кайра табышып, дароо үйлөнүп алдык.
А.: – Мен бутума турам, машина, үй алып анан үйлөнөм дечүмүн. Көрсө, Ферузага анын баарынын кереги жок экен, "сен жанымда болсоң эле жетиштүү" дечү. Ал эми менин эрдигим катары 2010-жылы Июнь окуясында кооптонуп, Ферузаны далай кайтарып жүргөнүмдү айта алам. Ошондо сессия башталган эле, мугалимдер Ферузанын баасын төмөндөтүп, "өзбексиң" деп кемсинтип турушчу. Анын айынан экөөбүз көп жолу мугалимдер менен айтышканбыз. Көчөдө жүргөндө да эки жагымды карап, абайлап басчумун. Абал курчуп турганда бат-бат сессиясын тапшырып, Ысык-Көлгө кетип калганбыз. Дос-тааныштарым "өзбекке үйлөнүп эмне кыласың?" деп көп жолу мени бузушту, бирок сүйүү улут тандабайт экен.
Ф.: – Менин атам өзбек, апам кыргыз. Өзүм Ысык-Көлдө төрөлүп-өскөм. Жиним келгенде "менин канымда өзбектин да, кыргыздын да каны бар, менде эмне күнөө?" дечүмүн. Бактыга жараша, жагымсыз окуялардын баары артта калды, башкысы биз азыр биргебиз.

– 6 жылдай кыз-жигит болуп жүрүпсүңөр, бул аралыкта бири-бириңерди жакшы эле билип калсаңар керек?
Ф.: – Мен Актандын "Тамашоуго" чейинкисин да, кийинкисин да билем. Башында мага көп тыюу салчу, "курбуларың менен көчөгө көп чыкпа, боёнбо, балдар менен сүйлөшпө, узун кий" деп көп айтчу. Анан көчөдө баратканда такыр колумдан кармап, кучактачу эмес. "Үйлөнгөндөн кийин өзгөрөм" деген, бирок азыр деле антпейт.
А.: – Мени ошондой тарбиялашкан, "кыз деген бийик, улук" деп. Анан окуу жайдын үлгүлүү студенти болсом, мага карап түздөнгөн студенттер бар эле, ошолордун көзүнчө сени кучактап, жыттап турсам уят эмеспи.
Ф.: – Анан такыр белек берчү эмес. Бир жолу концертке чакырган. Ага да тааныштар аркылуу билети жок киргенбиз. Концерт башталганда отурган жерибизден билети барлар тургузуп жиберип, бир ыр уккандан кийин эле кетип калганбыз.
А.: – Өзүм студент болсом, менде кайдагы акча? Бир жолу эшиктин алдынан толтура гүл үзүп алып келип бердим эле го. Сен мени жамандаганы келген окшойсуң, ээ? (күлүп).
Ф.: – Ха-ха! Анан жалкоо, мага үйдөн жардам бербейт. Тамакты шашып жейт, өзү биринчи жеп бүтүп, мени да шаштыра берет.
А.: – Феруза көк бет, башка кыздарга окшоп жоош эмес, эркектердей тарсылдап жүрөт. Жатаканада жашап жүргөндө далай кыздарды сабап салганын көргөм. Бир күнү жолугушууга келсем спорттук кийим, кроссовка кийип алып эшикте турат. "Эмне болду?" десем, "сен бөлмөгө кире бер, мен азыр кирем" деп койду. Бөлмөдө отурсам эле эшикте ызы-чуу кыйкырык, балкондон карасам Феруза бир кызды сабап жатыптыр.
Ф.: – Ооба, бир жолу мени менен бир бөлмөдө жаткан кызды сабап салгам. Мени көзгө илбей эле Актанга "подкат" кылып жатпайбы, аябай жиним келип экөөбүз мушташкан элек.

– Феруза, кыргызда жаңы келген келин жүгүнүп кызмат кылат, сенде бул жаатта кандай болду?
Ф.: – Чынында, мен деле Актанга кошулуп кайната-кайненеме эркелеп алдым. Үйдө жоолук салынбайм, жалкоомун, кыйратып деле кызмат кыла элекмин. Кайын сиңдим бар, ошол мага бала карашып, үйлөрдү жыйнашат. Ал турмушка чыгып кетсе жаман болом го.

– Үйлөнүү тоюңардагы эсте калган окуя...
Ф.: – Уят болбосо керек, айта берейинчи, ээ, Актан? (күлүп). Актан нике түнүбүздө уктап калган. Мен муну күтүп отурам, келип эле төшөккө кулаган бойдон уктап кетти. Эртең менен кайненемдер келгенде "апа, могу балаңыз уктап калды" деп жиним келип алганымды такыр унута албайм.
А.: – Мен элдин жаман сөзүнө калбайын деп кечке отун жарып, ташып, самоорго чай кайнатып, эшиктеги оокат менен алек болуп аябай чарчаган элем. Ошого атайын эмес, жөн гана катуу чарчаганымдын кесепетинен болду.

– Маегиңерге чоң рахмат, бактыңар түбөлүктүү болсун!

"Уулум күндө эртең менен бетиме чапкылап ойготот".

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Аялым эркекче жүргөн кыз болчу" дейт Актан Рыскелдиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Inna_91
2016-06-20 17:53:25
Бактылуу болсун
+1
Samat-89-kg
2016-06-20 23:08:31
воопьще жакпады.
0
Medinaa
2016-06-21 00:41:35
ayaly ashykchale eken.
+1
Bereke10
2016-06-21 10:00:35
Бактылуу болгула. Башкаларга окшоп калп эле жа[moderated]рленбей ачык,тамашалуу жакшы маек болуптур. Кээ бир "жылдыз" соройлор калп эле "жылтырак" боло беришет го,тим эле сонун "все в шоколаде", элден башкача жашайбыз деп, чын-чынына келгенде жашоолору тескери болуп чыга келет. А булар эч нерсени жашырбай эле болгонун болгондой, кадимки катардагы уй-булолордой эле жашаарын айтышыптыр. Бактылуу болушсун. Аралаш уй-булолордун балдары акылдуу,сулуу озгочо болушат. Кели
+3
Uzakova.Z.A
2016-06-21 17:28:31
Жонокойлугу жакты
+1
Munarka
2016-06-21 18:41:05
кыз Актандан чонбу ошондо
0
ZHaziko
2016-06-22 07:53:31
Кыргыз кызына жетпейт
+2
Sajakat14
2016-06-23 02:14:23
ZHaziko,апасы кыргыз экенго.
+1
elyanurahs97
2016-06-22 11:51:59
Админ салам актриса Калипа Усеновадан интервью алгылачы,корунбой кеттиго,эмне кылып журот болду экен.
0
admin_superstan
2016-06-22 12:02:01
elyanurahs97, саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
elyanurahs97
2016-06-22 11:57:08
клиптин коркун ачкан сулуу Калипа Усеновадан интнрвью кутобуз.
0
s5kgbal
2016-06-24 00:21:03
Анча мынча сөздөрүн жөн эле коюшпаптырда
0
stervella415
2016-06-25 19:31:26
Нике туну еркектерге уйку даарысын барсе да уктаваса керек,если никеге чейин жатышпаса...
0
stervella415
2016-06-25 19:31:43
Неси болсода бактылуу болгула
+1
milashka.98
2016-06-25 23:50:30
Кыргыз кызына эле үйлөнбөптүрда ,Актан мага жагат эле азыр жакпай калды
-1
Gulya21
2016-06-26 05:16:50
Жомок окукандай болдумго бактылуу болгула
-1
Miydinova.guli
2016-07-13 20:53:28
Мага Актан абдан жагат, бактылуу болушсун ИншаАлла. Анан, жакшы эле интервью беришкен менимче, ачык-айкын дегендей.
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан