Дайыр Исмадияровду гастроль боюнча рекордчу десең жарашат. Ал бирде карасаң Москвада, эртеси Баткенде жүргөн болот."Айрым кесиптештериме салыштырмалуу гастролго чыккандан коркпойм. Кайда барбайын мени чыдамсыздык менен күткөн күйөрмандарым болот",- дейт ырчы мырза. Баса, кыздар, жакында той. Дайыр"күзүндө үйлөнөм" дейт.
“АЗЫРКЫДАЙ ЖАШООНУ БАЛА КЕЗДЕ КЫЯЛДАНЧУМУН"
– Бала кездеги тилектер орундалат дегенине азыр ишенип отурам. Кичинекей кезимде азыркыдай жашоону кыялданчумун. Кой деген кожо жок, кайда барам, качан келем, эмне кием – өз эрким. Менин чыгармачылыгымды баалаган күйөрмандарым бар.
Мурун жаңы чыгып жатканда менин дарегиме айтылган сөздөрдү угуп алып сыгылып, нерв боло берчүмүн. Азыр менин жашоомдо андан маанилүү нерселер көп болгондуктанбы, көңүл бурбай калдым. Менин ийгиликтеримдин баары бирөөнүн артынан жаман сүйлөбөй, өз жолум менен кетип жатканымдан болуш керек. Бишкекте, кеңседе отуруп алып мени сындагандардын оюна чын жүрөктөн баары бир дейм. Аларга нерв кетиргенче күйөрмандарыма жакшы маанай тартуулаганым пайдалуу. Андайлар Бишкектен чыкпай эле өзүн кыйын сезе бербестен, жер кыдырсын, элге аралашсын.
Азыр гастролдоп жүрүп элге жакын болгон ырчылар саналуу эле. Айрымдар гастролго чыгуудан да коркушат. Концертке киши келбей калса, авторитетимди түшүрүп аламбы дешсе керек. А мен эч нерседен коркпойм, эртең болсо деле жер кезип кете берем. Жакында бир жерден"Кандай болсоң да сени жактырбагандар чыга берет. Жадакалса суу үстүндө бассаң да сүзө албайт экен деп кеп кылышат" деген сөздү окуп аябай жактырдым. Иштеп, аракет кылсаң эл баалайт. Жакында эле Базар-Коргонго гастролдоп барсак Советбек деген байке үйүндө коноктоп, короосунда турган Жип унаасын белек кылды. Бул деле чоң сый-урмат эмеспи. Куру сөз менен көкүрөк каккандын ордуна мен иштейм.
“МЕНИН ФАВОРИТИМ – ФРАНЦИЯ"
– Учурда Францияда өтүп жаткан Европа чемпиондугунан мен да четте калган жокмун. Футболдун фанаты болбосом да кызыгам. Азыркы чемпиондукта менин фаворитим – Франция. Буга чейин да Франция өз үйүндө чемпион болгону белгилүү. Ошондуктан француздар мурунку ийгилигин кайталап, Европа чемпиону болоруна үмүтүм чоң.
“ЧЫНЫГЫ ЖҮЗҮМДҮ ЖАКЫНДАРЫМ ГАНА БИЛЕТ"
– Мына, сахнада жүргөнүмө 8 жылдан ашты, "атаандаштыкта дос болбойт" деген кептин тууралыгына ынандым. Көпчүлүк мени сабырдуусуң деп айтышат. Эл алдында сыр бербей күлүп жүрө бергеним менен, ичимде буркан-шаркан болот, бирок аны сыртка чыгарууну туура көрбөйм. Менин чыныгы жүзүмдү бир туугандарым, жакын адамдарым жакшы билишет. Бир туугандарымдын арасына барганда дароо эрке Дайыр боло калам. Ал эми апам менен сүйлөшкөндө"серьёзныймын".
Мындан 3 жыл мурун атам каза болгондо нес болуп ыйлай албай койгом. Бишкекте элем, Ошко баргыча ыйлабай, баары өкүрүп жатса унчукпай кирдим. Качан гана атамды көргөндө ыйлагам. Ошондо биринчи жолу нес болуп, өзүмдү эмне болуп жатам деп түшүнбөй калгам.
“БОЙДОКМУН, БИРОК 3 ӨКҮЛ БАЛАМ БАР"
– Башында мени өкүл ата кылып шайлайбыз дешкенде каршы чыккам. Өзүм бойдок болсом, кантип өкүл ата болмок элем? Бирок"сиз үйлөнгөндөн кийин катышкым келет" деп жүрүп өкүл балам көндүрдү. Учурда 3 өкүл балам бар. Алар менен ата-баладай жакшы катышабыз, керек учурда мен да, алар да жардамыбызды аябайбыз. Биринчи уулубузга менеджерим өкүл эне болду. Аны да талкуу кылгандар чекеден чыкты. Көпчүлүк жерде эки тараптан өкүл эне, өкүл ата шайлашат эмеспи. Мен үйлөнүп, менеджерим турмушка чыкканда экөөбүз үй-бүлөбүз менен өкүл ата-эне боло беребиз деп сүйлөшкөнбүз. Эмнеге менеджеримди шайладым, анткени ал дайым жанымда жүрөт.
Ушул кезге чейин көп кыздар менен мамиле түзүп көрдүм. Жашың өткөн сайын тандап каласың деген чын экен. Кээде отуруп эч нерсени биле элегимде, эрте эле үйлөнүп алсам болмок экен деп кетем. Кээде туруп шашып үйлөнгөндө эмне деп калам. Мен ата жактан бир аз өксүк болуп өскөндүктөн келечекте балдарым андай болушун каалабайм. Ошондуктан азыртан келечектеги балдарыма жакшы шарт түзүп бере алгандай даражага жетип, анан үйлөнүүнү туура көрдүм. Учурда жаңы салган үйүм бүтүп, жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Кудай буюрса, күзүндө үйлөнөм.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg