ГОРМОНДОР – сүйүүнүн жана оорунун себепкерлери

Адамдын организминдеги жашоого эң керектүү гормондордун саны 30. Бүгүн күндөлүк жашообузда башкы роль ойноп, маанайыбызга, активдүүлүгүбүзгө, дегеле өзүбүздү кандай сезүүбүзгө таасир эте турган гормондор тууралуу сөз козгойбуз.

ОКСИТОЦИН
Бул гормонду мээдеги гипофиз бези иштеп чыгарат. Муну бакыт гормону деп да аташат. Окситоциндин арты менен биз сүйүү сезимине кабылабыз. Аталган гормондун жетишсиздиги адамды бат-баттан тынчсызданууга жана санаага батууга жеткирет.
Бизди башкалардын маанайын жүзү­нөн байкоого дал ушул окситоцин гормону жеткирет. Достук жана сексуалдык мамилелерди түзүүгө жана калыптандырууга да таасири чоң. Аялдар бул гормондун арты менен балдарына түбөлүк байланып турушат.
Окситоцин гормонунун көбүрөөк иштелип чыгышына шоколад, банан, авокадонун таасири чоң. Ошондой эле курамында селен заты бар патиссон, сельдерейдин да үлүшү бар.

ИНСУЛИН
Бул гормондун “төрөлгөн жери”–уйку бези. Көмүртектерди энергияга айлантат. Инсулиндин иштелип чыгуусунун бузулуусу кант диабетине, кан тамыр ооруларына жеткирет. Таттуу нан, торттор организмдеги инсулиндин алмашуусун начарлатат. Тескерисинче, кээ бир көмүртектер (кара нан, жашылчалар) инсулиндин алмашуусун жакшыртат. Инсулин –кыймылдын гормону. Мисалы, 1 саат фитнес менен алектенген соң ал 5-7 пайызга көбөйөт.

НОРАДРЕНАЛИН
Бөйрөк үстүндөгү бездер иштеп чыгара турган гормон. Адамдарды стресстерден коргоп, иммунитетти чыңдап, булчуңдардын тартышып оорушунун алдын алат. Норадреналин гормонунун көбүрөөк бөлүнүп чыгышына йогурт менен сабизден жасалган салаттар шарт түзөт.

ЭСТРОГЕН
Бул гормон аялдардын эн безинде, ал эми эркектердин урук безинде иштелип чыгарылат. Мунун арты менен клеткалар жаңыланып, кан тамырлар менен тери серпилгичтигин сактайт.
Эстроген гормону үчүн Е витамини (өсүмдүк майы, акшактар), К витамини (шпинат, ашкабак, уйдун боору, жумуртканын сарысы), фолий кислотасы (петрушка, капуста) маанилүү.
Организминде эстрогендин деңгээли калыпта болуп, дайыма кыймылда жүргөн аялдар өз курагына караганда жаш көрүнүшөрүн айта кетели.

СОМАТОТРОПИН
Гипофиз бези тарабынан иштелип чыгарылат. Булчуңдардын талбай иштешине жана муундардын бекемдигине жооп берет. Анын жетишсиздигинен булчуңдар бошоп, алсыз тартат. Эмчек менен курсак салаңдап калат. Соматотропин үчүн С витамини (сельд, тунец, скумбрия балыктары, балык майы), белоктор (уй, тоок, үндүк эти, күрүч, буурчак) керектелет.

ТИРОКСИН
Бул гормонду калкан сымал без иштеп чыгарат. Тироксиндин ашыкча болуусу адамды арыктоого, ал эми жетишсиздиги семирүүгө, акыл-эстин төмөндөшүнө, уйкусуздукка алып келет.
Тироксин маселеси йоддун жетишсиздигинен келип чыгат. Йод болсо деңиз азыктарында (деңиз капустасы менен балыры, креветкалар ж.б.) көп.

РЕНИН
Бөйрөктөр тарабынан иштелип чыгарылат. Кан тамырлардын иштешин көзөмөлдөйт. Бөйрөктөгү кан басымдын көтөрүлүп кетишине дал ушул гормон күнөөлүү. Мындай дарттын келип чыгышына бөйрөктүн сезгенүүгө учурашы, организмдеги суу менен туздун алмашынын бузулушу жеткирет. Ренин тиешелүү өлчөмдөн ашык болбошу үчүн бир күндүк тамак-аштагы туздун өлчөмү 1 чай кашыктан ашык болбошу керек. Ал үчүн туздалган, ышталган азыктарга басым жасабоо керек.

ТЕСТОСТЕРОН
Бул гормондор бөйрөк үстүндөгү бездерде (баарында) жана урук безинде (эркектерде) иштелип чыгарылат. Тестостерондун жетишсиздиги адамды алсыратып, ачуулуу кылат. Эркектердин бел кубатын төмөндөтсө, аялдарды семирүүгө (ичте май топтоого) жеткирет. Аталган гормондун деңгээли курамында цинк бар азыктар (уй, кой эти, краб, устрица, ашкабак уругу) менен тамактанганда көтөрүлөт.

Гормон грек сөзү, бизче которгондо “козгоо”, “түрткү болуу”, “дүүлүктүрүү” деген маанини билдирет. Гормондорду ички бездер бөлүп чыгарат. Ал эми ички бездер оорусун эндокринологдор дарылайт.


Элдик медицинадан

АРЫКТОО ҮЧҮН СУУСУНДУК
Ит мурундан 2 аш кашык алып, ага алма кагын кошуу керек. Эми үстүнө 0,5 литр кайнак суу кошуп тыныктырып койсо, дары даяр. Дарыдагы ит мурун тамакка табитти басып, алма организмдеги ашыкча сууларды чыгарат.

ЖҮРӨК ООРУСУ ҮЧҮН КАГОР
Жүрөктүн стенокардия оорусуна колдоно турган жөнөкөй ыкма бар. Ал үчүн 1 стакан жакшы кагор менен сарымсактын 5 тиши керектелет. Сарымсакты жанчып, кагорго аралаштыруу зарыл. Уктаар алдында стакандагы дарынын үчтөн бирин ичүү керек. Дарылануу курсу 1 ай. Андан тышкары жашылчалар менен жемиштерди көбүрөөк жеш сунуш кылынат. Анткени витаминдер инфаркт менен инсульттун алдын алат.

ФИКУС – ТИШ ООРУНУН ДАРЫСЫ
Тиш ооруганда фикустун спирттеги тундурмасы колдонулат. Тундурма үчүн фикустун 10 грамм ширеси, 50 грамм спирт керектелет. Экөөнү аралаштырып, 2 күн тыныктырып койгондон кийин колдоно берсе болот. Пипетка менен тиштин түбүнө (дүмүрүнө) тамызылат.

ИЧ КӨПКӨНДӨ
Ичке жел толгондо 1 лавр жалбырагы менен 1 тоголок мурчту майдалап, аралаштыруу кажет. Муну жылуу чай менен ичүү сунушталат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
Сүрөт
интернет булактарынан алынды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tokmok
2010-02-27 04:38:01
super,rahmat abdan kerektuu nerselerdi jazypsynar. Thanks
0
№ 382, 26-февраль - 4-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан