Европа чемпиондугунда тайпалык оюндар жыйынтыкталып, алгачкы курмандыктар белгилүү болду. Тайпадан чыга албай калган 8 команда үйүнө бет алышса, калган 16 мыктысы жарым чейрек финалга жолдомо алышты. Тайпалык оюндар Украина менен Орусиянын ыргышы, Түндүк Ирландия менен Венгриянын сенсациясы жана башка кызыктарга бай болду.
"А" тайпасы
3-тур
Швейцария – Франция 0:0
Румыния – Албания 0:1
ТАРЫХТА КАЛГАН ГОЛ
Франция 2-турдан кийин плей-офф баскычына чыгуу маселесин аткарган соң Швейцария менен анчейин күч коротпой эле ойноду. Ал эми Владимир Петковичтин шакирттеринин бул оюндагы башкы маселеси – утулууга жол бербөө эле. 90 мүнөт бою коргонууда ойногон Швейцария өзүнө керектүү упайды алып, тайпадан 2-орун менен жарым чейрек финалга чыкты.
Тайпанын 3-турдагы эң кызыктуу оюну Румыния-Албания беттеши болду. "Оюнда өзүбүздү курмандыкка чалуу менен 3 упайга жете алдык",- деп билдирген албандыктар 1:0 эсебинде жеңишке жетишкени менен, кийинки баскычка чыга алган жок. Садикунун голу албандардын Евродо киргизген алгачкы голу катары тарыхта калды.
Эми Румыния менен Албания калган оюндарды сыналгыдан гана көрүшөт.
"В" тайпасы
3-тур
Орусия – Уэльс 0:3
Словакия – Англия 0:0
"БУЛАРГА МЕЛЬДОНИЙ ДА ЖАРДАМ БЕРМЕК ЭМЕС"
Орусия Словакия менен Уэльске катары менен жеңилип, үйүнө сапар тартышты. Бул оюндарда Орусия Европа өлкөлөрүнүн футболунан канчалык артта калганы даана байкалды. Оюндарда футболчулардын жеңишке болгон умтулуусу эч көрүнбөй, өз күйөрмандары "силерге мельдоний да жардам бермек эмес" деп какшыктап чыгышты. "2 жылдан кийин Дүйнө чемпиондугун муз үстүндө эле өткөрөлү" деген шакабалар четтен айтылып жаткан учур. 3-турдук оюндан кийин башкы машыктыруучу Леонид Слуцкий кызматтан кетерин жарыялады.
Англия тайпада 2-орун алганы менен, азырынча мактоого татый элек. Курамында мыкты чабуулчулар болгону менен, 3 оюнда 3 гол гана киргизе алышты. Словакия менен болгон беттеште да оюн эсеби ачылбай, тең чыгуу менен аяктады. Муну менен Словакия керектүү упай алып, Уэльс жана Англиянын артынан жарым чейрек финалга жолдомо алууга жетишти.
"С" тайпасы
3-тур
Украина – Польша 0:1
Түн.Ирландия – Германия 0:1
КОҢШУЛАРДЫ КОШТОГОН УКРАИНА
Курамы жагынан мактана албаган командалар мыкты коргонууну өздөштүрүп, фавориттердин башын маң кылышууда. Алсак, Түндүк Ирландиядан бир топ күчтүү делген Украина алардан жеңилүүгө дуушар болуп, коңшусу Орусияны коштоп мелдештен четтеп калды. 3-турдук оюнда Коноплянка жана анын командасы Польшага бир гол артыкчылыгында утулуп, кирерге жер таппай жаткан кез.
Дүйнө чемпиону Германия талаада кооз оюн көрсөтүп жатканы менен, гол киргизүүсү аксап жатат. Немистерден бир гана гол өткөргөн Түндүк Ирландия сенсациялуу түрдө 1/8 финалга чыгууга жетишти.
"D" тайпасы
3-тур
Хорватия – Испания 2:1
Чехия – Түркия 0:2
ЧЕМПИОН ЧАЛЫНДЫ
Эч бир атаандаштарын сезбей келе жаткан учурдагы Европа чемпиондорун Хорватия чалып жыкты. 3-турдук оюндардын чечүүчү беттешинде "чакмактуулар" Испанияны өзүнө келтире койду. Хорватиянын жарым коргоочусу Иван Перишич жеңиш голун жаратып, өз командасына тайпадагы 1-орунду камсыз кылды.
Түркия чехтерди 2:0 эсебинде жеңгени менен, бул жыйынтык аларга тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк берген жок.
"Е" тайпасы
3-тур
Италия – Ирландия 0:1
Швеция – Бельгия 0:1
ИБРАГИМОВИЧТИН АКЫРКЫ ОЮНУ
Швециянын капитаны Златан Ибрагимович бул мелдештен соң улуттук курамдан кетерин жар салды. Анын командасы Бельгияга 1:0 эсебинде утулуп, эми үйүнө сапар тартышат. Жылдыздуу футболчу канчалык аракет кылбасын, мыкты ойноо үчүн 11 футболчу керектиги байкалды.
Бул тайпада Ирландия да чейрек финалга жолдомо алууга жетишти. Акыркы оюнда Италиянын дарбазасына 85-мүнөттө Робби Брэди гол киргизип, күйөрмандарына майрам тартуулады. Бул гол ирландыктарды "лакки-лузерлер" катарына кошуп, тайпадан чыгуусуна түрткү болду.
"F" тайпасы
3-тур
Исландия – Австрия 2:1
Венгрия – Португалия 3:3
РОНАЛДУНУН РЕКОРДУ
Криштиану Роналду өз өлкөсүн тиштенип жатып кийинки баскычка сүйрөп чыкты. Бул Евродо бардыгын таң калтырып жаткан Венгрия командасы Португалиянын "канын ичти". Балаж Жужак менен Роналду голго гол менен жооп берип жатып, финалдык ышкырык 3:3 эсебин каттады. Муну менен Роналду удаасы менен 4 Евро чемпиондугунда гол киргизген жалгыз футболчу саналып, командасына тайпадан чыгууга жардам берди.
Давид Алаба баштаган Австрия күйөрмандардын үмүттөрүн актай алган жок. Исландия менен болгон беттеште да көңүл толорлук беттеш өткөрө албай, жеңилүү ызасын тартып калышты. Бул жеңиш менен Исландия 2-орунду камсыздап, көпчүлүктү таң калтырып жаткан кези.
ЖАРЫМ ЧЕЙРЕК ФИНАЛ
(Бишкек убактысы боюнча)
КАЙСЫ КОМАНДАГА КҮЙӨРМАНДЫК КЫЛУУДАСЫЗ?
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg