ЭШЕКТИН СҮТҮ ООРУЛАРДЫ АЙЫКТЫРАБЫ?

Редакциябызга «Эшектин сүтү илгертеден элдик медицинада колдонулуп келет. Андыктан боордун циррозун, кургак учукту, бруцеллёзду, гепатитти айыктырат экен деп угабыз. Ошонун канчалык чындыгы бар?» деген сыяктуу кайрылуулар болгондуктан бул жаатта изилдөө жүргүздүк. Жыйынтыгы назарыңыздарда.

Изилдөөчүлөр эмне дейт?

«ЭШЕК СҮТҮНҮН КАСИЕТТЕРИ КӨП»

Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин алдындагы Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин окутуучусу Надира Турганбаева:
– Мен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тамак-аш технологиясы факультетин бүтүргөм. Элден «эшек сүтүн ичип айыктым» дегендерди угуп былтыр ал сүт боюнча изилдеп, «Эшек сүтү – биологиялык активдүү заттардын альтернативдүү булагы» деген эмгек жаздым.
Иран окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, эшек сүтүнүн курамы бээнин жана эненин (аялдын) сүтүнүн курамына жакын.


Ошондой эле эшек сүтүндө кальций, фосфор, каныккан май кычкылдары жана башкалар бар. Андыктан муну балдарга да, чоңдорго да ичүүгө сунушталат. Айрыкча эне сүтү чыкпай калганда берсе жакшы.
Батыш окумуштууларынын изилдөөлөрү боюнча, эшек сүтүнүн касиеттери төмөнкүдөй:

  • Гипоаллергендүү. Уй сүтүнөн аллергия болгон балдарга табылгыс азык.
  • Курамындагы лактозанын өлчөмү уйдукуна караганда көбүрөөк болгону менен, жеңил сиңет.
  • Май уй сүтүнө караганда аз болгондуктан диеталык, семиртпейт.
  • Курамындагы казеин уй сүтүнө салыштырмалуу аз. Ушул себептүү сүтү бат сиңет.
  • Курамындагы альфа лактальбумин заты боордун клеткаларынын калыбына келүүсүнө салым кошот.
  • Курамындагы пайдалуу заттар рак клеткаларынын жаралышынын жана эрте алжуунун алдын алып, эс-тутумду жакшыртат. Организмдеги вирус, бактериялардын өлүшүнө көмөктөшөт.

Эшек сүтүн иче баштаганда бээ сүтү сыяктуу эле башында чоңдор 50, балдар 20-25 граммдан ичип, анан акырындап көбөйтүүсү керек. Башында ичти алып, тазалайт. Дароо көп ичип алса, боорго күч келип, адам көтөрө албай калышы мүмкүн.
Мен эшек сүтүнүн курамын өзүбүздүн лабораторияда изилдеп, дагы бир эмгек жазганы турам.

Элдер эмне дейт?

«БАЛАМ АК КАН ООРУСУНАН ЖАБЫРКАЙТ. ЭШЕКТИН СҮТҮ ИММУНИТЕТИН КӨТӨРДҮ»

Салима Беккожоева, 36 жашта, Бишкек шаарынын тургуну:
– Менин 1 жашар балам ооруганынан текшертсек, врачтар «курч кармаган кандын лимфобластуу лейкозу» дешти. Онкологиялык борборго жатып, 10 ай дарылаттык. Врачка айтпай, табыптын сунушу менен эшектин сүтүн 1 ай 3 маалдан 25-40 граммдан ичирдик. Туугандар шаарга жакын айылда тургандыктан эшек таап, үйүнө багып, саап алып келип берип жатышты. Сүтү иммунитетти көтөрөт экен. 1 айдан кийин врачтан эшек сүтүн ичирсе болобу деп сурасак, «токтоткула» деди, ошону менен ичирбей калдык. Азыр балам оңолуп, жакшы болуп калды. Биротоло айыккандан кийин дагы ичирсекпи деп турабыз. Өзүм деле ичип көрдүм, кадимки сүттөй эле экен.

«БООРУМ ООРУЧУ, ЖАКШЫ БОЛДУМ»

Венера Жапаралиева, 46 жашта, Токмок шаарынын тургуну:
– Врачтар мага «боордун циррозунун башталышы» деген диагноз коюшкан. Ооруканада дарыланып чыккандан кийин Кегети капчыгайында мал багып жаткан таякемдикине барып 1 айдай эшек сүтүн ичтим. Эс алып, кийин дагы барып башка эшектин сүтүн 45 күндөй ичтим. Анан УЗИге түшсөм, "боордун клеткалары калыбына келиптир" дешти. Таякем өзү мурун кургак учук менен ооруп, дарылануу менен катар эшек сүтүн иче берип, таза айыгып кеткен. Бизде эшек сүтүн тергеп "боз бээнин сүтү" деп коюшат.

«БАЛАМДЫН ЖӨТӨЛҮН КАЛТЫРДЫ»

Жыпара Самаганова, 51 жашта, Баткен районунун Бужум айылынын тургуну:
– Мындан 4 жыл мурун 5 жашар балам күндөп-түндөп жөтөлүп калды. Врачтар «бронхит» дешти. 1 курс дарылаттык, көп өтпөй жөтөлү кайра эле башталды. Анан табыпка көрсөтүп, анын айтуусу боюнча эшектин сүтүн 2 ай ичирдим. Жөтөлү акырындап токтоду. Кийин муздак сууга түшкөн экен, кайра бир аз жөтөлдү. Эшек сүтүн ичирсек, жөтөлү 2-3 күндө барып токтоду. Биротоло кетсин деп 1 ай толук ичирдим. Ошондон бери кармай элек.

Дарыгерлер эмне дейт?

«БООРДУН ЦИРРОЗУНУН БАШТАЛЫШЫНДА ИЧСЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ»

Мамбет Мамакеев, Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун директору, медицина илимдеринин доктору, профессор:
– Негизи адам эмнеге же кимге ишенсе, ошондон жакшы болот. Эшектин сүтүнүн курамы бээнин сүтүндөй эле. Эти, сүтү арам делип колдонулбай калганы болбосо, кадимки сүттөй эле сүт. Боордун циррозу оорусу өтүшүп баштаганда адамдын ичине суу толуп, кан тамырлары кеңейип, адам кан кусуп калат. Мына ушул стадияга жеткирбей, оорунун башталышында эле диета кармап, эшек сүтүн ичсе, боордун бузулуп бара жаткан клеткаларын калыбына келтирет. 1 ай ичсе да, 3 ай ичсе да боло берет. Болгону дарылап жаткан врачы менен кеңешип алышы керек. Менин туугандарымдын биринин «Ооруп жатат элем. Эшек сүтүн иче баштагандан бери жакшы болуп калдым» дегенин угуп, мен да 3 жолу ичип көрдүм. Даамы бээнин сүтүндөй экен, бир аз таттуураак болбосо.
Бирок бээнин сүтүнүн чоң касиети бар экенин унутпоо керек.

«ӨПКӨ ООРУЛАРЫН АЙЫКТЫРАРЫ ДАЛИЛДЕНГЕН ЭМЕС»

Акылай Маасаидова, Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн жетекчиси:
– Эшек сүтү астма, бронхиттен айыктыра албайт. Дегеле өпкө ооруларын айыктырары медицинада далилденген эмес.

«КУРГАК УЧУКТУН ООРУ КОЗГОГУЧТАРЫН ЭШЕК СҮТҮ ӨЛТҮРӨ АЛБАЙТ»

Абдуллат Кадыров, Бишкектеги Улуттук фтизиатрдык борбордун директору:
– Кургак учук – бул инфекциялык оору, аны Кох таякчалары козгойт. Андай оору козгогучтарды эшек сүтү өлтүрүп, жок кыла албайт. Кургак учукту бир гана дары-дармектер айыктырат. Биз кымызды гана дарылануу менен катар ичкиле, иммунитетти көтөрөт деп айтабыз.

«ИММУНИТЕТТИ КӨТӨРӨТ, БИРОК ГЕПАТИТТИ АЙЫКТЫРБАЙТ»

Сапарбү Тобокалова, «Цадмир» гепатологиялык борборунун директору, гепаталог, профессор:
– Эшектин сүтү уй, бээнин сүтүндөй кадимкидей эле сүт. Бардык сүттөрдө кальций, белок бар болгондой эле анда деле кальций, белок бар жана иммунитетти көтөрөт. Мындан башка касиетке ээ эмес. Гепатит оорусун эшек сүтү эч качан айыктырбайт. Айыгам деп ичип ооруну өтүштүрбөй, врачтарга кайрылуу зарыл.

Динде эшек сүтүн ичүү уруксатпы?
Аалымдар "эгерде шариятта тыюу салынган нерсе адамдын айыгуусуна себеп боло турган болсо, башка дары жок болуп калса, ошол нерсени колдонууга болот" деп айтышат.

"Эшектин сүтүн айрым чет өлкөдө ичкенден тышкары косметикалардын курамына да кошушат.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
temirov76
2016-07-04 10:07:17
Мен баардык эле эшектин суту эмес тусу кок эшектин суту гана дары болот деп уккан элем.
+2
Danik
2016-07-04 11:30:05
Арам эмес пекен
+2
boze
2016-07-04 14:24:38
Эмнеге арам? Силерди деле арам десе болобу? Алар деле тируу даныбар если че
-1
eliza5566
2016-07-28 21:09:15
boze,биз олсок бизди гробко салбайт, соогубузду орттоп кулун сууга агызбайт, бизди ак кепинге ороп жакшынакай кылып жерге берет. Эмне учун анткени биз мусулманбыз. Мусулман деген арам менен адалды айырмалай билиш керек антпесек эртен адамдар эшек эмес биринин сутун бири ичип баштайт.Аллах бизге буйруган азык менен тамактанып туура жолдо журуу керек.Куранда так далил бар бейишке тазалар гана кирет экен
0
sher.ella
2016-07-04 16:06:00
Эшектин суту арам
+3
leilekstan_1987
2016-07-04 23:15:55
Эшектин кызматы халал суту, эти харам!!
+2
amiraeva
2016-07-06 19:14:29
эшектин эти ,териси калып эми булар сутуно отуптурго. Жымшык акалар билсе бут эшекти чогултуп сут чыкса,чыкпаса саап кетет экен эми.
+2
Karataev.kg
2016-07-07 09:13:10
Эшектин сутун даарылыка ичсе боло берет экен
-1
toromyrza-92
2016-07-07 12:53:18
Эшектин сүтүн ичип сакайып кеткендерди көп көргөм
0
nazik00000
2016-07-07 13:56:08
Инфекция менен торолгон балага эшектин суту жардам берген Аябай арык,бат-бат температурасы которулуп турат болчу Азыр толуп апетити да ачылып калды,Албетте эшектин сутунун пайдасы зор
-1
nurjazy
2016-07-07 17:49:46
Деле адам баласы даамдам көрбөгөн тамак, ичип көрбөгөн суусундук, укпаган ушак, айтылбаган сөз калбады го
0
Nake-pobeditel
2016-07-10 09:03:54
nurjazy,жакшы таап айттыныз адамдын богу дары болот десе деле жегени калдыкпы дейм
0
andrey1111
2016-07-07 17:52:02
Кыргыздын менталитетинде эшектин иши адал суту арам делип келет, бирок эшектин жылкыдан айырмасы аз эле. Ошондуктан эшектин сутунун курамында деле коп айырма жок. Мисалга алсак, эшек менен жылкыны аргындаштырса болот экоонун ортосунан качыр чыга келет. ал эми коптогон жаныбарларды аргындаштырыш кыйын. ушул себептенда жылкынын суту денсоолука пайдалуу дегендей эшектин суту да жылкынын сутундой жадакалса айырмасы деле жок деп билсек болот.
0
Kerben1996
2016-07-08 14:48:17
Эшектин сутунун даарылык касиети бар экенине мен ишенем....атам ооруп Бишкекте да дарыгерлердин кучу жетпегендиктен Аксыга алып келип бир ай эшектин сутун бергенде боордун оорусунан жакшы болуп кеткен
0
Usow
2016-07-11 08:14:24
Эшкетин суту рак оорууларына да дары. Аллах Таалам шыфаа берем десе ар кайсыл жактан бир нерселерди себеп кылып шыфаасын береберет ооруу берген да шыфаа берген да озу.
0
ICHOMTAY
2016-07-11 09:17:59
Эшек сутун ичпеппизго бирок мен ой жугуртуум боюнча эшек суту бээ суту пайдалуу болуш керек, аны жогоруда оз алдынча изилдоочулор жазып жатат паидалуу деп а кээ бирлери паида бербеит ооруга деп,мен алардан сураар элем корчулук илимдуу врачтарыбыз сиздер дегеле кыргыздар ооруп тушкондо мынаны ичсен аиыгасын мына даары жакшы толук айыктырат деп кубантып жоноткон кунунор жокко эсе... Эч бир оорукчанды жакшы узатпаисынарго, созсуз аны каира келип тажап акырында оз алдынча эшек сутун ичип жатышат
0
eliza5566
2016-07-28 21:23:36
Бардык окурмандарга кайрылат элем эшектин суту, эти арам Аллах бизге кызматын гана адал кылып буйруган. Ким иммунитетин которгусу келсе бээнин сутун ичсин, медицинанын онуккон доорунда андан башка дары толтура. Биз бардык нерсени Аллахтан гана деп билишибиз керек.Эгер оорунарга дары табылбаса Аллахка чын дилинер дуба кылгыла.Эшексиз эле шыпаасын берет.
0
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан