ИДЕАЛДУУ ПЕДИКЮР ҮЧҮН 6 КАДАМ

Жайкы бут кийим көркүнө чыгып жакшы жарашышы үчүн сөзсүз педикюр жасап, бутка кам көрүү керек. Бирок атайын сулуулук салондоруна барып педикюр жасатууга көбүбүздүн шартыбыз жок. Анткен менен бул процедураны үй шартында оңой эле жасоого болот. Бул жаатта «Шарм» сулуулук салонунун адиси Сабина Эшимова кеңеш берет.


КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ КАРАЖАТТАР:

  • Лак
  • Сүлгү
  • Дагара
  • Өгөө
  • Тырмак алуучу кайчылар
  • Манжаларды ажыратуучу каражат
  • Пемза ташы
  • Нымдандыруучу крем
  • Лак өчүрүүчү суюктук
  • Кебез

1-кадам
Адегенде буттагы чорлорду жумшартуу үчүн самындуу жылуу сууга (30 градус) 20-30 мүнөттөй салып отуруу зарыл. Самындан сырткары душка түшүүгө арналган гель, суюк самын, ашкана содасын, деңиз тузун жана жыпар жыттуу майлардын түрлөрүн колдонсоңуз болот.


2-кадам

Белгиленген убакыттан кийин бутту жумшак сүлгү менен сүртүп, коопсуз устара же пемза ташы менен тамандагы жана согончоктогу чорду кырып тазалаңыз. Мындан соң бутка арналган атайын скрабды сүйкөп, 5-10 мүнөт ушалап чайкап саласыз.


3-кадам

Тырмагыңызды алып, өгөөлөп өзүңүз каалаган формага келтириңиз. Эске алыңыз, тырмакты дайыма бир тарапка карай өгөөлөңүз. Болбосо кийин катмарланып кетет.


4-кадам
Эми тырмактын тегерегине өскөн ашыкча эттерди атайын кайчы жана таякча менен кесип, күрөк сымал таякча менен этин ичкерини карай акырын түртүү керек. Эгер тырмагыңыз саргайып кетсе, анда 5-10 мүнөт лимондун ширеси кошулган сууга салыңыз.


5-кадам
Бутуңузга нымдандыруучу кремден сүйкөп, 5-10 мүнөт массаж жасаңыз.


6-кадам
Боёордон мурун тырмактарды спиртке малынган кебез менен бир сыйра сүртүңүз. Андан соң тырмакты бекемдөөчү лакты сүйкөп, ал кургаган соң түстүү лак коюңуз. Жайкы мезгилге ачык түстөгү лактар ылайыктуу. Түстүү лак каткан соң үстүнөн бекемдөөчү түссүз лак сүйкөсөңүз узакка сакталат.



Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jama9210
2016-07-04 19:10:52
Апей ботом буттубу?
+2
sgushenka
2016-07-04 19:15:13
jama9210, канчанчы кылымда жашайсын)))???
+1
deva
2016-07-13 11:42:05
jama9210, бүтпөгөндө эмне чукулап отура бермек белең?
0
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан