Издейм сени
Редакциябызга жакындарын, тууган-туушкандарын издеп кимдер гана кайрылбайт, кимдер гана кат жазбайт. Каттар жарыяланган соң табышып, катышып кеткендер да жок эмес.
Мирбек аттуу окурманыбыз 16 жылдан бери кабарсыз жүргөн агасы Дурусбекти издейт.
– Мен бир тууган агам Баймуратов Дурусбек Турдалиевичти издеп келем. Ал 1974-жылы 8-февралда Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылында туулган. Агам 1994-жылдын жай айларында Бишкекке соода кылганы кетип, ошол боюнча айылга кайрылып барган жок. Мына быйыл аны көрбөгөнүбүзгө 16 жылдын жүзү болду. Башында шаарда иштеп жүргөнүнөн кабарыбыз бар болчу. Атүгүл аскерден кайткан айылдашыбыздан чогуу түшкөн сүрөтүн да берип жиберген эле. Бирок эмнегедир биз менен азыркыга чейин кабарлашпай келет.
Дурус аке, эгер биздин издеп жатканыбызды окуп калсаңыз, анда дайын-дарегиңизди билдириңиз. Сиздин дайыныңызды билбей атам, апам, бир туугандар, баарыбыз сарсанаадабыз. Мындан 3-4 жыл мурун “Ош базарынан” кошунабызга жолукканда “шашылышмын” деп кетип калыптырсыз. Сизди сураштырып издеп барбаган жерибиз калган жок. “Шаарда эле жүрөт экен” деген сайын байкуш апам келип калабы деп жол карап күтүп келет. Сиз кеткенден бери үй-бүлөбүздө көп өзгөрүүлөр болду. Бир тууган ага-инилериңиз, эже-карындаштарыңыз өз алдынча үй-бүлө күтүп, очор-бачар болуп калышкан. Майрам күндөрү баарыбыз чогулганда үйүбүз шаңга бөлөнө түшөт. Бирок бир гана сиздин ордуңуз жетишсиз. Чогулган сайын баарыбыз “арабызда Дурусбек да болсо болбойт беле?” деп санаа тартып келебиз.
Аке, балким, бизге болгон таарынычыңыз бардыр же башка бир себептер менен кабарлаша албай жаткан чыгарсыз. Бул жашоодо башка кандай гана маселе, түйшүктөр түшпөйт. Кандай болгон күндө да, биз сизди түшүнүп, чыдамсыздык менен күтүп келебиз.
Байланыш телефондору: (0557) 89-08-09, Нурсия (0770) 41-45-50, Мирбек (0773) 97-10-03, Талант
“КЫЗЫМ МЕНЕН КАЙРА ТАБЫШТЫМ”
Өткөн сандарыбыздын биринде Атыркүл аттуу айым студент кезинде таштаган ымыркайы Гүлнараны издеп кайрылган эле. Бул макала жарыялангандан көп өтпөй кызды багып алган чолпон-аталык Минагүл эже биз менен байланышып, төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Гүлнараны издеген Атыркүл деген аял учурунда “кызымды бага албайм” деп тил кат жазып, кызын мага берген. Мен аны өз балдарыма кошуп эч нерседен кем кылбай багып өстүрүп, окуттум. Анын жазган тил каты азыр да сакталуу. Кийин Атыркүл таежесин ээрчитип, Гүлнараны алып кеткени келиптир. Эмне кылмак элем, кызымдын ыйлаганына карабай аларга кошуп бергенмин. Атыркүлдүн турмуш шарты начар окшойт, кызым ооруканага жатып калса карабай коюптур. Ошондо кызым «мени издебе. Сендей апам жок!» деп баса берген эле.
Эми минтип кызымдын эски жаратын козгоп издөө салып жүрөт. Анын издегенин уккан кызым «атын да уккум келбейт. Мени издебесинчи?!» деп ыйлап отурат. Өз убагында ойлонбостон балдарын таштаган буга окшогон энелерге наалаттан башка эч нерсе айта албайм...
Эмне демекчибиз, заманыбызда өз баласын таштаган энелердин саны азайып, Минагүл эжедей кайрымдуу, мээримдүү энелер көп болсо деп тилейбиз.
Кат куржун
“НУРЛАН, ДАЙЫНЫҢДЫ БИЛДИР”
– 1986-жылы Жалал-Абад корпоративдик техникумунда окуп жүргөнүмдө Аксы районунyн Кербен шаарчасындагы Коминтерн участкасына алма тергени жөнөтүп калды. Ал жакка барганда 1968-жылкы Тотоев Нурлан менен таанышкан элем. Нурлан аскерге кеткенде мен турмушка чыгып, ошону менен ортобуздагы байланышыбыз үзүлүп калды. “Ошто стоматолог болуп иштейт” деп укканым бар.
Нурлан, менин издеп жатканымды билсең, дайыныңды билдир. Үй-бүлөлүк катышта болуп жүрөлү. Чынара.
“АДЫЛДАЕВ АЙБЕКТИ ИЗДЕЙМ”
– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезитинин жамааты. Сиздердин гезит аркылуу жолдошум Эдуард Балдановдун досу Адылдаев Айбек Сапыровичти издегим келди. Жолдошум экөө 1984-85-жылдары Беларуста аскерде чогуу кызмат өтөшүп, жакын дос болушкан экен. Эдуард аны көп эстеп, өлөрүндө “досума айтып кой” деп керээзин айтып кеткен эле. Эми Айбекти таап, жолдошумдун керээзин айтайын деген элем. Эгер адашпасам, Айбек Душанбе шаарындагы Белинский көчөсүндө жашачу. Айбекти тааныгандар болсо, менин дарегиме кат жазып койсоңор. Алдын ала рахмат! Саяна, Орусия, Забайкалье аймагы. Дарегим: sabaldanova@yandex.ru.
“АЙДАЙ, КАЙДАСЫҢ?”
– Токбаева Айдай экөөбүз 2008-жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы университеттин КХМ-51 группасында чогуу окуган элек. Окууну бүткөндөн кийин ал “Орусияга кетем” деп жүргөн. Угушумча, Айдай турмушка чыгып, учурда Бишкекте жашайт экен.
Айдай, мени менен байланыш. Сени менен баарлашкысы келген группалашың Чолпон Аламанова,
(0543) 05-73-24, (0773) 38-43-84.
“МИРБЕК БАЙКЕ, ТЕЛЕФОН ЧАЛЫҢЫЗ”
– 2005-жылы “Шоро” фирмасында менеджер болуп иштеген Мирбек байкени издейм. Ал Тоң районунун Карл Маркс айылынан болот. Мирбек байке, эгер окуп калсаңыз, анда мага телефон чалып коюуңузду өтүнөм. Жумуштар боюнча сүйлөшөйүн деген болчумун. Чолпон, (0543) 05-73-24, (0773) 38-43-84.
№378-саныбыздагы “Издейм сени” рубрикасына атасын издеген Алтынайдын маеги чыккан эле. Мына ошол Алтынай туугандары менен редакциябызга баш багып, анан маек куруп берди.
– “Супер-Инфого” терең ыраазымын. Көптөгөн жылдар бою атама, туугандарыма жолуксам деген кыялым минтип ишке ашып отурат. Мен тууралуу макала жарыяланары менен, тагыраак айтканда, гезит жума күнү чыкса, ошол эле күнү кечинде туугандарыма жолуктум. Тагдырдын буйругу экен, атама жолукпай калдым. Атам бир нече жыл мурун бул жарыкчылык менен кош айтышыптыр. “Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” деп коюшат эмеспи. Минтип атамдын көзүн көрбөсөм да, анын бир туугандарын, эжелеримди тапканым мен үчүн бакыт.
Мындан ары да издешкендерди табыштырып, эл үчүн кызмат кылып жүрө бериңиздер. Окурмандарыңыздардын саны көбөйүп, нускаңыздар арта беришин каалайм”,- деп кубанычын бөлүшүп кетти.
“ИЗДЕГЕН АДАМЫМ МОСКВАДА ЭКЕН”
Окурмандарыбыздын арасынан “Супер почта” аркылуу да бири-бирин издегендерди кездештирүүгө болот. Мына ошолордун бири Тимур эки жылдан бери жолуга албай жүргөн адамынан кабар алып, кубанычы коюнуна батпай турган кези.
– “Супер-Инфону” мынчалык таасирдүү деп ойлобоптурмун. Досумдун айтуусу менен «Супер-почтага» жакын адамым Нурияны издеп, СМС билдирүү жөнөткөн элем. Арадан эки жума өткөндөн кийин телефонума Москва шаарынын коду менен билдирүү келиптир. Билдирүүнү ачып окуп, мен эки жылдан бери издеп жүргөн Нуриядан экендигин билдим. Анан дароо ага жооп жазып, экөөбүз телефон аркылуу сүйлөштүк. Көрсө, ал жактагы мекендештерибиз «Супердин» ар бир санын окушат экен.
Нурия учурда Москвада соода тармагында иштеп жатыптыр. «Жакын арада Кыргызстанга бара албайм. Бул жакка келип иштебейсиңби, жумуш караштырабыз» дегенинен азыр документтеримди даярдап жатам. Буюрса, күн бир аз жылыса Москвага сапар тартканы турам.
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Бишкек-48, а/я 1520 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: 32-33-26
Дамира Арстанова
koom@super.kg