ТЕРАПЕВТ ЖООП БЕРЕТ

Окурмандардан келген суроолорго Улуттук госпиталдын жалпы терапия бөлүмүнүн башчысы Болот Турусбеков жооп берет.

«БУТУМ КЕЧКИ УБАК ШИШИП ЧЫГАТ. БУЛ ЭМНЕДЕН?»

– Мен ишиме байланыштуу кечке отуруп иштейм. Эртең менен билинбейт да, кечки убакка жакын бутум шишип чыгат. Меники эле экен десем, башкалардыкы да шишийт экен. Себептерин билгим келет.

Элнура Шайназарова, 37 жашта, Кара-Көл

- Буттун шишишинин бир нече себептери бар: варикоз, тромбофлебит (экөө тең кан тамыр оорулары), жүрөктүн өнөкөт оорулары, боордун циррозу. Андыктан врачка текшерилип, себебин тактатууңуз керек. Бутту кечке салаңдатып отуруудан же кечке туруп иштөөдөн да бут шишийт. Анткени кан жакшы айланбай, кандын курамындагы сары суу топтолуп, бутту шишитет. Андыктан убак-убагы менен басыңыз, кыймылдаңыз, көнүгүүлөрдү жасаңыз.

«ЗАРНАДАН КУТУЛА АЛАМБЫ?»

– Тамак жегенден кийин зарна боло берем. Бул эмнеден келип чыгат жана кармабашы үчүн эмне кылуу керек?

Дилора Багышбаева, 29 жашта, Ош шаары

- Ашказан менен кызыл өңгөчтүн бириккен жеринде булчуңдуу клапан (сфинктер) жайгашкан. Ал тамак жутканда ачылып, кайра жабылып турат. Адам стресске көп кабылса ошол клапандын ачылып, жабылуусу бузулуп, ал акырында ачык бойдон калат. Башкача айтканда, оору нерв системинин иштешинин бузулушунан келип чыгат. Мындайда тамак ашказандын туз кычкылы жана маңыздары менен кошо артка кызыл өңгөчкө жылып кетет да, туз кычкылы кызыл өңгөчтүн былжырын күйгүзүп, зарна келип чыгат. Зарна боло берсеңиз врачка көрүнүп, дарыланууңуз кажет. Оору көп кармабашы үчүн эңкейип узакка иш кылбоо, тамак ичкенден 3 саатка чейин жатпоо, тоё тамак жебөө керек. Сарымсак, пияз, туздалган жана ышталган азыктарды, майлуу, куурулган тамактарды колдонбоңуз. Булар ашказан маңызын, туз кычкылын көп бөлүп чыгарышат.

«ГАСТРИТТЕН КАНТИП КУТУЛАМ?»

– Менин өнөкөт гастритим бар. Тамак ичкенден кийин тамагым аш болбой, ашказаным оорлоп, күптүйүп (дүпүйүп) калат. Бул оору кармабашы үчүн кандай чара көрсөм болот? Бул дарттан кантип кутулам?

Жанболот Тууганбаев, 46 жашта, Токмок

- Гастриттин келип чыгуусунун башкы себепкери – хеликобактер пилори. Оорулуулардын 80 пайызынын дарты ушундан келип чыгат. Дарттын жаралышына мындан башка дары-дармек, ичкилик, стресс, тамак-ашка болгон аллергия жана уулануу, баңгизаттары таасир этет. Айтылгандар ашказандын былжыр челин сезгентип, гастритти жаратат. Дарылоодо диета, дары-дармек, анын ичинде антибиотик (хеликобактер пилорини жок кылуу үчүн) жана башкалар талап кылынат. Эгер дарыланбаса ашказан жарасы жаралып, анда да дарыланбаса ракка өтүп кетет. Андыктан дарттан айыгуу үчүн дарылануу кажет. Оору козголбошу үчүн тамак-ашка ачуу, ышталган, куурулган, майлуу азыктарды кошпой, көбүнчө кайнатма суюк тамак ичүү керек.
Кечки тамакты 6-7ден кеч калбай ичиңиз. Сиз уктагыча тамак сиңиши зарыл. Хеликобактер пилориден келип чыккан гастрит башкаларга жугуштуу болуп эсептелет. Андыктан ооруган адам менен өбүшпөө, анын идиш-аягын колдонбоо, колдонсо да таза жууп колдонуу зарыл.

«ГЕМОГЛОБИНИМ КӨТӨРҮЛБӨЙ ЖАТАТ»

– Тамактын түрүн жесем да гемоглобиним көтөрүлбөй жатат. Аны дары ичпей эмнелер менен көтөрсө болот?

Жамиля Орозбаева, 35 жашта, Бишкек

- Кандын курамындагы гемоглобиндин деңгээли жогорулоосу үчүн сууга бышкан эт, малдын боору, кызылча (салатка кошуп), анар, кургатылган жемиш кактарды, балды көбүрөөк жеп, кымыз, бозо ичүү керек.

«АЛАКАНЫМ ТЕРДЕП, КОЛУМ КАЛТЫРАП ТУРАТ»

– Жаш болгонума карабай колум тердеп, бир аз калтырап турат. Себеби эмнеде экенин жана дарылоо жолдорун билгим келет.

Эленора Туратбекова, 32 жашта, Талас

- Сиз айткан белгилер калкан сымал бездин тиреотоксикоз (гормондорду ашыкча бөлүп чыгаруу оорусу) дартынан келип чыгат. Сиз эндокринологго текшерилип, дарыланууңуз кажет.

Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
adi.sumi
2016-07-04 19:50:16
Рахмат жакшы кенешттер экен. Эске алып коюу керек албетте.....
0
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан