"ЭЛИТКАДАН" БАТИР САТЫП АЛУУДА ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУ КЕРЕК?

Азыркы тапта өлкөбүздө "элитка" аталган көп кабаттуу үйлөр жарыша курулууда. Үйгө жетсем дегенде эки көзү төрт болгон мекендештерибиздин саны андан да көп. Жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты кандай? Баары талапка жооп береби? Батир алууда эмнелерге көңүл буруу керек? Ушул суроолорго жооп издеп көрөбүз.

БҮТПӨЙ ЖАТЫП "БҮЛҮНГӨН" ҮЙЛӨР ШЕК ЖАРАТАТ

Ушул жылдын 23-июнь күнү Бишкек шаарындагы Фрунзе-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө өрт чыкты. Тилсиз жоо 13-кабаттагы батирлердин биринде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбагандыктан улам келип чыкканы айтылууда. Аны өчүрүүгө 11 бригада тартылып, өрт өчүрүүчүлөр от менен дээрлик 7 саат алышышты. Өрттүн кесепетинен 13 кабаттуу үйдүн чатыры жана 13-кабаттын батирлери, эшик-терезелери, үй эмеректери күйгөн. Бактыга жараша, өрт учурунда каза тапкандар жана жабыркагандар болгон жок.
Эскерте кетсек, бул биринчиси эмес, буга чейин да үйлөр курулуп бүтпөй жатып өрттөнүп кеткен учурлар болгон. Мисалга алсак, 2016-жылдын 10-июнь күнү Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт тутанган. Кырсыктын кесепетин жоюуга 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Ага чейин да, тагыраак айтканда, 2016-жылдын 9-февраль күнү борбор калаабыздын Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан 13 кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыккан. Аны өчүрүүгө 6 өрт өчүрүүчү унаа тартылган жана үйдүн 400 чарчы метр жыгач устундуу, черепица жабылган чатыры күйүп кеткен.
Жогорудагы мисалдар чети гана. Буга чейин да жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн жарака кеткен же мыйзамсыз салынып аягына чыкпай калган учурлар болгон. Мындай жагдайларда акчасын берип алып, ортодо күйүп калгандар көп. Андыктан батир сатып алууда жарандар эмнелерге көңүл буруу керектиги тууралуу адистердин кеңешине көңүл буралы.

"ҮЙДҮ КЕПИЛДИГИ МЕНЕН АЛГАН ОҢ"

НАСА юридикалык компаниясынын юристи Асел Андашова жарандарга жаңы батир сатып алууда өз укуктарын билүүсүн эскертет:
– Жаңы салынып жаткан үйдөн батир сатып алып жаткан адам биринчи документтерине көңүл бурушу керек. Эгер үйдү курулуш компаниясы салса, ал эми жердин ээси башка адам болсо, компания менен жер ээси өз ара келишим түзүшөт. Ошол келишими барбы, компания мамлекетке салык төлөйбү, каттоодон өткөнбү, жетекчиси ким, Мамлекеттик каттоо кызматынан уруксат алганбы, ошолорду билип, документтерин текшерип, керек болсо көчүрмөсүн чыгарып алышы керек. Андан соң гана үйдү сатып алса болот. Курулуш компаниясы үйдү салар алдында мамлекеттик тиешелүү кызматтардан уруксат алат. Анан мамлекеттик кызматтар архитектура, коопсуздук эрежелерин, курулушка керектелүүчү каражаттардын сапатын (мисалы, кыштын, дубалдын калыңдыгын, бышыктыгын, арматураларды) текшерип, жарактуу болсо, уруксат кагазын беришет. Кардар ошол кагаздарды да сурап көрүшү керек. Үй сатып жаткан курулуш компаниясы менен кардардын ортосунда сөзсүз макулдашуулар болушу кажет. Мисалы, келишим түзүп жатканда кардар "Балким, үй урап кетсе же өрттөнүп кетсе эмне болот? Кепилдик бере аласыңарбы же бере албайсыңарбы?" деп тактап, үйдү кепилдиги менен кошо алуусу зарыл. Кепилдиги жок болсо, ал жагын да документтин негизинде макулдашып алуу туура.
Азыр көпчүлүк курулуш компаниялары көп кабаттуу үйдү куруп баштаарда элден алдын ала жарым акчасын алып, "мынча мөөнөттө үйдү куруп бүтөбүз" деген убада менен сата беришет. Кардар ошол жагдайга да жакшылап көңүл буруусу зарыл. Мисалы, келишимде "Үйдү 2 жылда куруп бүтүрөбүз. Эгерде өз убагында бүтүрүп бере албай калсак, алдын ала берилген акчаны үстөгү менен кайтарып беребиз" деген сыяктуу пункт болушу керек. Ал жок болсо ошону талап кылып, келишимге коштуруу зарыл. Себеби азыр курулуш компаниялары элден жарым акчасын алып коюп 2 жылда бүтөт деген үйлөр 3-4 жылга созулуп кеткен учурлар көп. Андай учурда кардар "акчамды кайтарып бергиле" деп арызданса, компания "келишимде андай пункт жок" деп кутулат. Кардар үйдү сатып алып жаткандан кийин келишимге өзүнүн талаптарын коштурууга толук укугу бар. Ал эми курулуш компаниясы банкрот болуп үйдү толук бүтүрө албай калса, Экономика министрлигинин алдында Банкрот иштери боюнча департаменти бар, ошолорго кайрыласыздар. Мыйзам боюнча ошолор маселени чечип бериши керек.

"ТЕКШЕРҮҮЛӨРДӨН ӨТКӨН ҮЙ КООПСУЗ"

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын башчысынын орун басары Бейшенбай Жанбоев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Көп кабаттуу үйдөн батир алам деген адам алгач үйдүн аянтына, айланасынын кенендигине көңүл бурушу керек. Үйдүн жанына унаа токтотконго, балдар ойногонго аянтча койгонго, эгер өрт кырсыгы болуп кетсе, өрт өчүрүүчү унаалар кенен айланып өтүүгө орун болушу зарыл. Жери кенен болсо, бардык шартты жасаса болот. Азыр тар жерге эле кыпчып үй салып, жашоочулардын айласын кетирип жатышпайбы. Андан кийин конструкциясын карашы керек. Азыр дубалдарды толтура варианттар (кыш, бетон, пескоблок жана башка) менен куруп жатышат, жылуулугуна да көңүл буруу оң. Үй курулуп жатканда бир катар текшерүүлөрдөн өтүп, уруксат кагаздарын алышат. Үйдүн долбоорун чийген автору, курууга макулдугун берген архитектура, ошондой эле курулуш материалдарын экспертизадан өткөрүп макулдугун бергендер жоопкерчиликти алышат. Ошентип үй курулгуча эле 3 баскычтан өтөт. Анан курулуп жатканда да 3 жактан көзөмөл болот. Автордук көзөмөл, техникалык көзөмөл, курулуштук көзөмөл деген бар. Ал үчөөнөн кийин биз барып текшеребиз. Ошол текшерүүлөрдүн бардыгынан өткөн үй коопсуз десек болот. Ошондуктан үйдү сатып алардан мурун компаниядан курулууга уруксат алды, бардык текшерүүлөрдөн өттү деген документтерди талап кылуу керек.

"ӨРТ ЧЫГЫП КЕТҮҮ КОРКУНУЧУ ЖОК ҮЙ АЛЫШЫ КЕРЕК"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Ташмамбетов төмөнкүдөй кеңеш айтат:
– Батир аларда элдер көбүнчө электр жабдуулары туура орнотулганбы, өрт чыгып кетүү коркунучу жокпу, ошол жагына карашы керек. Азыр көп кабаттуу үйлөрдүн чатырында "пентхаус" деп коюшат, ошол үйлөр көбүнчө жыгач сыяктуу тез күйүүчү материалдар менен жасалгаланат. Жыгач болсо деле тез күйүп кетпөө үчүн атайын отко туруштук берүүчү суюктук сиңирилген болушу керек. Ошондуктан үй алып жатканда эмне материалдан жасалганын, өрттөнбөйбү деп сурап, ошону билүү кажет. Негизи көп кабаттуу үйлөр 2ге бөлүнөт. 9 кабатка чейинки үйлөрдүн бийиктиги 28 метр болот да, ал үйлөрдү сыртынан эле өрт өчүрүүчү унаалар менен өчүрүүгө ыңгайлуу. Ал эми 10 кабаттан бийик батирлер өрттөнсө, подъезддин ичине кирип өчүрүүгө туура келет. Мисалы, биз көбүнчө 30 метрге чейин эле жеткен өрт өчүрүүчү унааларды колдонобуз. Ал эми республика боюнча 1 эле 50 метрге жеткен өрт өчүрүүчү унаа бар. Ал 16-кабатка чейин жетет. Ошондуктан батир аларда 9-кабатка чейин алган оң. Экинчиден, көп кабаттуу үйлөрдүн балкондорунда атайын авариялык люктар болушу керек. Кокустан үйдө өрт тутанса, тургундар балкон аркылуу алдыңкы кабатка түшүп же үстүнкү кабатка чыгып кетүүгө ыңгайлуу. Бизде азыр көп адамдар ошол люктарды бирөө-жарым кирип кетпесин деп бекитип коюшат. Бул туура эмес. Ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө атайын өрт өчүрүүчүлөр үчүн лифт өзүнчө салынышы керек жана өрттү өзү өчүрө турган өрт системи сөзсүз болушу зарыл. Жер төлөсүндө өрт чыкканда үстүнкү кабаттарга түтүн кирбей тургандай түтүнгө каршы желдетүүчү тутум болушу керек.

Бишкек шаарынын Фрунзе-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги өрттөнгөн үй.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nazikbaigazy
2016-07-05 02:45:42
Жакшы Рахмат мен жакында батир алмакмын
+2
rozka
2016-07-05 14:33:42
Жакшы кенеш экен, биз мындайларына конул бурбайбыз эч эле. Биз да алалы дедик эле Рахмат!!
+3
№ 713, 1-июль-7-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан