БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып, SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

МЭЭРИМ АБДЫКУЛ КЫЗЫ

Жашы – 21
Параметри – 76-59-85
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 45 килограмм
Учурда – Кыргыз-казак университетинин лингвистика факультетинде 2-курста окуйт.



«МОДЕЛДИК КЕСИПТЕ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИМ КЕЛЕТ»

– Мээрим, социалдык тармактагы баракчаңда сүрөттөрүң көп экен, фотомоделсиңби?
– Көптөн бери моделдик чөйрөгө аралашып келе жатам. Дасыккан фотомодель болбосом да, фотосессияларга катышып, мода көргөзмөлөрүнө чыгып жүрөм. Сулуулар сынактарында да өзүмдү сынап көргөм. Апам болсо «моделдердин келечеги жок, эмнеге ушул жакка ооп баратасың?» деп айтып калат. Мен болсо бул сынакты жеңип, моделдик кесипте ийгиликтерге жетким келет.

– Бул чөйрө сага эмнеси менен жагат?
– Кичинекей кезимден бери сүрөткө түшкөндү жакшы көрөм. Биринчи жолу Орусияда косметикалык фирмалардын бири уюштурган фотосессияга катышкам. Сүрөткө түшүү шыгым бар экенин байкап, бул жаатка кызыга баштагам. Камера алдында иштегенден ырахат алам. Жыйынтыгын көрүп суктанып отура берем.



РАВШАНБЕК КЫЗЫ ЖАЗГҮЛ

Жашы – 21
Параметри – 90-67-97
Бою – 167 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Учурда – КУУнун Бизнес башкаруу институтунун сапатты көзөмөлдөө факультетинде 4-курста окуйт.


«МОДЕЛДЕРДИН ЖАШООСУ КЫЗЫКТУУ КӨРҮНӨТ»

– Жазгүл, сынакка кандай максатта катышып жатасың?
– Гезиттен сынак жүрүп жатканын көрүп өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Актриса, моделдердин жашоосу кызыктуу көрүнгөндүктөн киного тартылгым келет. Бул сынак кыялымды орундатууга мүмкүнчүлүк түзөт деген ойдомун.

– Мага метис сыяктуу көрүнүп жатасың. Каныңда башка улуттун каны бар окшойт?
– Менден көбү «өзбексиңби?» деп сурай беришет. Таятам кыргыз, таенем татар кызы болгондуктан апам метис, атам болсо кыргыз. Ошондуктан өзүмдү кыргызмын деп эсептейм.

– Көчөдө боёнбой деле жүрөсүңбү?
– Табияттан берилген сулуулук менде деле бар. Бирок көнүп калгангабы, боёнбой жүрө албайм.



SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Айпери 105 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Айгүл 42 добушка ээ болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
leilekstan_1987
2016-07-11 11:37:36
Экоон тен жакпадынар. Сынакка аттанаардан мурда озунорду чон (бой) кузгудон бир карап албапсынарда
+17
mma_fighter
2016-07-11 13:30:48
leilekstan_1987,сизге эки плюс менден
+6
aitowa11
2016-07-11 17:17:10
Быйылкы сулууларга не болгон. Орункулго окшогон сулуулар жок. Орункул татыктуу болгон
+2
gulaiym.95
2016-07-11 17:48:02
ой тооба. ушу кантип болсун. мен уялып кеттим
+6
Matilda
2016-07-12 00:49:22
Модель модага айланды го бизде.Аз кундо Хайди Клум болуп кетпегиле.
+2
Nazikbaigazy
2016-07-12 01:36:41
Мен ушул кыздарга добуш берем деп такыр бере албайм кайсыл жерден берем
0
admin_superstan
2016-07-12 10:04:01
Nazikbaigazy, cиздин сурооӊузга купуя менен жооп берилди.
0
zakukya
2016-07-12 12:19:18
Мен да катышсамбыыыы деп ойлонсом Россияда экенмин даа...
+5
Stervashka
2016-07-17 17:56:49
Экоо тен жаккан жок мага. Эчкимге добуш бере албаймын.
0
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан