(Башталышы өткөн сандарда)
– А сен өлгүң келбейби?- Жанар Тимурду олуттуу тиктеди.
– Сен бизге качканга жардам бересиң. Түшүндүңбү?!
– Кайда?
– Кыргызстанга...
– Казандан учакка отуруп эле чыгып кеткиле... Навигатор жакынкы шаар Казань деп көрсөтүп жатпайбы?!
– Билетчи...
– Мен телефонумду пайдалансам болобу?
– Болот. Бирок чалып же СМС жибере турган болсоң, жакшылык күтпө!
– Мен баары мындай болот деп ойлобоптурмун! Тиги Циклопто курал бар экенин да билген эмесмин! Чын! Шеф Циклопко кошуп эле, Жаннаны алып келгиле деген... Азыр тиги акмак бирөөңдү атып өлтүрүп алса эмне болмок деп ойлонуп алып жүрөгүм түшүп жатат... Мен да соттолмокмун да, адам өлтүрдү деп,- шашып-бушуп сүйлөп жаткан Тимур телефонун чукулап отуруп, акыры тапты окшойт: – Бар экен! Эртеңкиге...- деди бир убакта. Кыздын көздөрү жайнай түштү. «Абдан жолдуу экенсиңер...» Тимур күбүрөндү.
Бир топ жол жүргөндөн кийин Тимур:
– Мен бир суроо берейин... Бирок ачууланбагыла! Айтчы, Джи, ушул жигиттен эмне таптың? Сенде баары бар эле го... А бул орой, маданиятсыз, мыкаачы... Мага ачууланбагыла, муну сурабасам башым жарылганы жатат,- деди да, сүйлөгөнүн сүйлөп алып кайра көздөрү алайып коркуп кетти. Жанар жылмайып койду.
– Ушундай болгон үчүн жакшы көрөм. Мен дегенде Жанар эч нерседен тартпайт. Жанын деле берип коёт... Ал баарынан мыкты!- кыз арткы орундуктан колун созуп жигитин кучактады.
– Түшүндүң да...- рулда бараткан Жанар Тимурду карады.
– Мурат Адамбаевич мени өлтүрөт. Мына, дагы чалып жатат... Же деги бир нерсени түшүнсөмчү. Же тигилер эч нерсе айтпайт, же силер!- Тимур телефонун карап алды да, оор үшкүрүндү.
– Тимур, башкысы сен бизди салып жибер! Адамдык жардамың ошол болсун! Азыр баарын башынан айтып менин ким экенимди түшүндүргөнүмдө да сен ал нерсеге ишенбейсиң! Сен жакшы кишисиң... Биз сага эч нерсе деле кылбайбыз,- кыз жылмайды.
Унаа зуулдап баратты...
ххх
Мурат кызынан же тиги кыргыз жигиттен эч бир кабар жок экенине тынчсызданып жатты. «Эми таптырбайт!» деп ичинен сүйлөнүп, бирок бул оюна ишенгиси келбей турду. Тапкан күндө да эмне кылат? А эгер кыз баарын эстеген болсочу? Мурат жооп таба албады. Ал туңгуюкка кептелгендей.
«Маржан баарын билсе эмне болот?» бул суроо Мураттын башына кайра-кайра кадалып, дүйнөсү тарып турду. Телефонуна чалуу келди, Маржан экен.
– Мурат, Джиден кабар барбы? Ал үйгө келе элек...
– Жок!
– Жок дегениң кандай, издебейсиңби?! Камырабайсың го! Аны чала жан таап алып, эми катарыбызга кошулуп адам болгондо кайра жоготсок, мен андай азапты көтөрө албайм...- ыйлаган үн угулду.
– Коркпо, алтыным! Баары жакшы болот! Жүрөгүм сезип жатат, кызыбыз жакшы эле... Мүмкүн, бүгүн кечинде үйгө келип калат.
– Балким, полицияга кайрылабыз!
– Маржан, Джи «келем» деп кат жазды го, келет. Балким, ал достору менен жүргөн болсочу... Жөн эле чуу көтөрө беребизби?!
– Сен кызык экенсиң! Анын ооруп айыкканын эсиңден чыгарып койдуңбу?! Балким, оорусу кармап бир жерде эс-учун таппай жаткан болсочу! Полицияга кайрылышыбыз керек!
– Жок, Маржан! Антпе! Эгер бүгүн келбесе кайрылабыз... Ага чейин сабыр кыл!
– Жок, бүгүн полицияга барам. Джи минтпейт болчу... Ага бир нерсе болгон окшойт!- Маржан телефонун коюп койду.
ххх
Бирок Маржан ал күнү полицияга кайрылган жок. Бир ирет кызына чалып көрмөкчү болду. Кудай жалгап чалуу кетти.
– Алло, Жанна! Жанна!
– Угуп жатам...
– Кызым, бул эмне кылганың? Сарсанаа болуп, инфаркт болоюн деп калдым... Ушундай кантип болсун?!- Маржан ыйлап жиберди.
– Ыйлабаңыз, барам! Менде баары жакшы,- кыз телефонун өчүрүп салды.
Тимур менен Жанар Аруукени суроолуу тиктеп калышты.
– Мен телефонду алып көрүшүм керек болчу. Менимче, бул кишинин болуп жаткан окуяларга тиешеси жок. Ал абдан жакшы киши. Мага жамандык каалабайт. Дагы бир жолу ушул нерсеге ынанайын деп чалууга жооп бердим. Жооптун баары Мурат Адамбаевичте, жүрөгүм сезип жатат,- кыз ишенимдүү сүйлөдү. Ичинен Маржанды аяп баратты, ага ушунча энелик мээримин төгүп, көзүнүн агы менен айланган, колунан келсе дүйнөнүн бардык жакшылыгын Джи аттуу эрке кызына берип коё тургандай бул аялдан жамандык күткөнгө болбойт. Ал абдан эле ыйык болчу. Ал эне болчу! Арууке муну толугу менен түшүнүп турду. Дилинде «эмнеге менин артымдан киши өлтүргүчтү жибердиңер?» деп сурайын деп барып, бирок Маржандын ый аралаш үнүн угуп туруп анын эч нерседен кабарсыз экенин дароо сезди. Чиеленген табышмактын бир учу Кыргызстандан, өз ата-энесинен табылат. Башкысы Бишкекке жетүү керек...
ххх
Учак абага каалгый көтөрүлдү. Колдорунан бекем кармашкан Жанар менен Арууке жанаша отуруп демин ичине ката толкунданып жатышты.
– Кеттик...- кыз аста үн чыгарды.
– Чогуу кеттик...- жигит жооп кылды.
ххх
– Тимур! Акмак, эмне телефонуңду көтөрбөй жатасың?!
– Телефонду көтөрсөм атып өлтүрүшмөк.
– Ким атмак? Эмне болду, түшүндүрчү?
– Адегенде мага түшүндүрүңүзчү, сиз эмне мени адам өлтүрүүгө жөнөттүңүз беле? Циклоп чак түштө трассанын боюнда тарсылдатып кызыңыздын унаасын аткылап жатты. Эмнеге анттиңиздер?
– Эмне, Жанна бир нерсе болдубу?
– Жок. Сиз мага түшүндүрсөңүз!
– Мен Циклопко ат деп буйрук берген эмесмин. Жетсеңер, тапсаңар, акырын алып келгиле дегем. Макул болбосо тапанчаңды кезеп коркутуп кой дегем... Эмне болду, деги айтчы?
– Эмне болмок эле, кетишти! Жаңы эле учакка түшүп жөнөштү!
– Ким?
– Кызыңыз менен Жанар!
– Эмне?.. Циклопчу?
– Билбейм. Өлбөсө керек, аны тиги жигит колу-бутун сындырып жол боюна таштап салган...
(Уландысы кийинки санда)
Марат Жанбараков