ООГАНСТАНДАН БЕЛЕК (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Эки кап шалыны көтөрүп алып артынан жөнөдүм. Бир эскилиги жеткен КамАЗ туруптур.
– Ушуга жүктөй бер, анан мени тап, жүгөрү жүктөйсүң,- деп жүгөрү сатылган тарапка кирип кетти. Машинанын ээси окшойт, бир үңүрөйгөн аксакал киши каптарды санап, алып келгенимди көмүр менен белгилеп койду. Жүктөп бүтүп машиненин айнегин карасам "Мазари Шариф" деген жазуу турат. Ушуга жармаша берейин деп жүгөрү жакка кирсем, мени күтүп турган экен:
– Он эки кап, жүктөп тур, азыр келем,- деп коюп бир жакка шашып чуркап кетти. Жүктөп бүтүп айдоочунун жанына отурдум. Айдоочу чөнтөгүнөн тамеки алып чыгып, ичиндеги тамекисин алаканына төгүп, ага кара майда нерселерди аралаштырып кайра салды да чеге баштады, гашиш дегени ушул окшойт. Бир аздан кийин көңүлү көтөрүлдүбү, мага карап:
– Каяктансың, балам? Иштерман экенсиң, мага жардамчы болбойсуңбу?- дейт. Мындай суроону күтпөгөн элем, шашып калдым.
– Лашкаргахтан.
– Аа, жакшы, жакшы. Ал жак тынч. Мага жардамчы бол, Мазари Шарифке каттайм. Акчасын жакшы төлөп берем, эгер күндө ушинтип иштесең. Апийим чекпейсиңби?- мени сынагансып карады:
– Жок, чекпейм.
– Хазарисиңби?
– Ооба,- түшүнбөсөм деле жооп берип койдум. Бизче "сопу" деген сөз окшойт да. Жан деп макул болдум.
Ар ким келип мени чакырып кетет, шалы, жүгөрү, күрүч көтөрүп келем, түнкү саат үчтөрдө машина толду. Жүктөгөнүм үчүн ар кимден алып отуруп беш миң афгани иштептирмин. Тамактанып алып жолго чыктык, аябай чарчаган экенмин, айдоочу аксакал:
– Уктай бер, эртең кечке жетебиз, ашууда тамактанабыз, ошол жерден ойготом,- дегенинен артындагы жата турган жагына өтүп, дароо эле уктап калыпмын. Түшүнүксүз түштөр, Майкл жүрөт, Жон Макфелл, айылдагы үйүм, дагы бир нерселер... Бир маалда ойготту, саат эртең мененки тогуз болуп калыптыр. Ашууга келген окшойбуз, алдыда оозу аңырайып тоннель турат.
– Салангга келдик. Жүрү, жуунуп, тамактанып алып жөнөйлү эртерээк, салкында жолду арбытып алалы.
Бул Гиндукуш тоолору эле, Саланг ашуунун аты, бул ашуу түндүк менен борбордук Ооганстанды бириктирип турган жалгыз жол. Биздин Төө-Ашууну эстеп, үйдү сагынып куса болуп кеттим. Студент кезде канча өттүм эле. Азыр минтип каяктарда жүрөм, көзүмдү жумуп, кайра ачсам эле Төө-Ашууда турган болсом кана, эх, жөө болсо да Лейлекке кетип калат элем. Кайра өзүмдү колго алдым, “күчтүү болушум керек, бошосом эле өлгөнүм ошол. Баары жакшы болот, эң негизгиси эмне болсо да токтобой аракет кыла бер” деп ичимден күбүрөнүп алдым.
Кыйналганда кимден укканым эсимде жок, бир нерсени эстей берем, эки бака сүт куюлган үч литрлик банкага түшүп калышыптыр. Чыгайын дешсе сыйгаланып эч эле мүмкүнчүлүк жок, бирөө үмүтүн үзүп кантип чыкмак элем деп аракет кылбай чөгүп өлүп калыптыр, экинчиси үмүт жок болсо деле аракет кыла бериптир колу-буттарын чапкылап. Арадан убакыт өтүп, сүт уюп коюу айран болуптур да бака секирип чыгып кетиптир. Ошол бакачалык жокмунбу, ага салыштырмалуу менде мүмкүнчүлүк көп эле.
Машина ушунчалык бозоруп калыптыр, жол аябай эле чаң окшойт. Жуунуп, тамактанганы кирдик, ашканасы шаардагыга караганда таза, жасалгаланган. Ооган палоосун, самса заказ кылдым, абдан даамдуу бышырышат экен.
Айдоочунун буга чейин мени менен иши жок эле, уктап турганымдан кийин сүйлөгөнү башкача болуп калыптыр. Ар кандай суроолорду берет, “Лашкаргахтын кайсы жериненсиң, баланчаны тааныйсыңбы, түкүнчөнү тааныйсыңбы?” деп. Айткандарыма ишенбеди окшойт, унчукпай калат. Тамактанып алып кайра жолго чыктык. Дагы деле уйкум келет, уктап калыптырмын.
Саат экилерде ойготту, машинанын ичи ушунчалык ысып кетиптир, терим куюлат тимеле. Айнегин ачсам ого бетер чаң аралаш ысык шамал кирет, жапканча шаштым, тоолор бүтүп, тегиз жерлер башталыптыр.
Бул жак сонун экен, айлана-тегерек жашыл, талааларда ар нерселер эгилип, жолду бойлоп дарактар тигилген. Адамдары да байыраак жашайт окшойт, кийингендери жакшы, жолдоруна асфальт төшөлгөн. Бирок күн өтө эле ысык, 50 градуска чейин жетет окшойт, баягы эле түгөнбөгөн чаң. Жолмо жол эле ар беш-алты чакырымдан кийин блокпосттордо аскерлер турат автоматтарын кармап. Негедир биздин машинаны эч бир постто токтоткон жок, айдоочудан сурасам, "мени таанып бүтүшкөн, эки-үч күн сайын өтөм бул жолдон" дейт. Кудай мени колдогон экен ушул адамга жолуктуруп деп койдум ичимден.
Кечки саат алтыларда Мазари Шарифке жеттик. Түз эле базарга бардык, бизден эрте барып күтүп турушкан экен жүктүн ээлери. Базар күнү-түнү тынбайт окшойт, эл көп эле, жүктөрдү таратып бүтүп, дагы бир-экөөсүнүкүн кампаларына чейин алып барып бердим. Айдоочум “эртең дагы иш бар” деп, саат он бирлерде мени базардын жанындагы үйгө алып келди. Бир чоң үй, жанында үч бөлмөлүү кичине дагы бир үй бар экен, короосу чоң эле окшойт, бак тигилген. Мага кичине үйдүн бир бөлмөсүнөн жай алып берип коюп кетти. Үч адамга деп матрацтарды жерге салып коюптур, экөөсүндө эки адам уктап жатыптыр. Светти өчүрүп жаттым. Бир аздан кийин эле бир нерселер бети-колумдан жөрмөлөп өтө баштады. Туруп жарыкты күйгүзсөм, матрацтын үстүндө жөргөмүш сымал толтура бир нерселер жүрөт. Эми укмуш тез басышат экен, качып ар жакка кирип кетишти. Моюнумдун эки-үч жерин чагып салышыптыр. Дароо үстүмдөгү курткамды чечип кагындым. Майда кумурскалар жүрөт. Бул жерде жатсам эртең мененкиге чейин менден эч нерсе калбай турган. Эртең менен мени ойготоюн деп айдоочу келсе, кийимим эле калган болсо...
Матрацты алып эшикке чыгып аябай кактым да, тынчыраак деп бактын ичине кирип жатып алдым. Күндүз жолдо келатып уктап алгангабы, эч эле уктай албай койдум. Ар нерсени ойлоп жатат элем, саат он эки болоюн деп калганда машина келип токтоп, мени алып келген айдоочу, үч кара кийимчен адам кирип кетишти мен жаткан үйгө...

(Уландысы кийинки санда)

Субан Жуманалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
OMURBEK.
2016-07-11 09:18:03
Мен биринчи деген бала кеч бир жака барган окшойт уктап атканго чамасы
0
raiana53
2016-07-11 09:31:45
мен экинчиии
-1
pochtalyonin
2016-07-11 09:43:42
Хе мен тоортунчу эле болоюнчу
-1
muli
2016-07-11 09:44:51
Сатат. Окшойт водитель 2 чиго менн походу
0
dastan73
2016-07-11 10:52:41
кызыгы эми башталатко чамаасы
0
belka
2016-07-11 11:09:33
Жакшы эле эшикке чыгып жатыптыр.
+2
barsa30
2016-07-11 12:49:12
жанагы макал барго .*ажалы жок чымын кырк жыл согуш болсо дагы олбойт* ошондой экенда башкы каарман
+3
aitowa11
2016-07-11 16:26:26
Жакшы эле эшике чыгып жатыпсын кудай колдосун
+1
Shef87
2016-07-11 18:13:27
апыртма
-2
Jaigz
2016-07-12 13:46:48
Бул адамдын акчалары эмне болгон,
+1
SHABAN
2016-07-12 21:02:23
Акчалары озу менен эле жилетканын ичинде катылуу, ал жилетканы чечпестен кийип журбойбу
+1
aydarken
2016-07-13 12:32:42
Мынча кызык чыгарма экен,озум эле аралашып жургондоймунго.
+1
Danik
2016-07-15 23:01:39
Даназалуу дорго окшоп жаман чозуштуго нары бери жазыныздар путуруп
-1
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан