Бишкек шаарын акыркы жылдары "түнкү көпөлөктөр" каптап баратканы жашыруун эмес. ИИМдин жаңы жетекчиси Кашкар Жунушалиев кызмат ордуна жаңы дайындалганда борбор калааны сойкулардан арылтууга аракет кыларын билдирген эле. Көп узабай Бишкек ШИИББинин кызматкерлери түнкүсүн түрө кыдырып шаардагы "түнкү көпөлөктөр" менен күрөштү баштады.
"АЯЛГА АЙЛАНГАН" ЭРКЕКТЕР
"Көпөлөк" аталыштагы 1 жумалык рейддин алкагында милиция кызматкерлери күтүлбөгөн окуяга дуушар болушкан. Тагыраак айтканда, Бишкек шаарындагы Логвиненко жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде денесин сатуу менен акча таап жүргөн 5 аял кармалып, Свердлов
РИИБине караштуу №10-аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилген. Аларды текшерүү учурунда 3өөсү кыздардын кийимин кийген эркектер болуп чыккан. Ал "аялдар" суракка алынып, арасынан бирөөсү жергиликтүү маалымат булактарынын бирине өзүнүн "кесиби" тууралуу буларды айтып берген:
"Өзүм Балыкчыдан болом, жашым 19да. Аялдардын кийимин кийип жүргөнүмө көп болду жана мага жагат. Менин мындай экенимди жакындарым, досторумдун баары билишет жана туура түшүнүшөт. Ысымымды кыздыкындай өзгөртүп, паспорт алганыма көп болду. Буюрса, жакын арада Москва шаарына барып, операция жолу менен жынысымды алмаштырам. Операцияга канча акча кетерин билбейм, анткени демөөрчүм каржылайт. Бул "кыздар" менен чогуу жашаганым менен, көп деле сүйлөшө бербейбиз. Бири-бирибиздин жеке жашообузга кызыкпайбыз деле, жөн гана отуруп, ар түрдүү оюндарды ойнойбуз. Мен кардарларыма күнүнө 5 миң сомго денемди сатам. Ал эми тиги кыздар 3 миң сомдон 5 миң сомго чейин иштешет. Кардарларыбыз эркектер".
Мыйзамда сойкулук кылуу кылмыш болуп эсептелбегендиктен, милиция кызматкерлери кармалган "кыздарды" каттоого алып, кайра коё беришкен. Коомчулукта "сойкуларга милиция кызматкерлери өздөрү "крыша" болушат" деген сөз көп айтылат. Балким, сойкуларга чара көрүү мыйзамда каралбагандыктан жогорудагы сөздөргө жем таштап жатабы же чындап эле ошондойбу деген эки анжы ой келет. Ал эми Кылмыш жана жаза кодексинде "сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү" деген берене бар. Ал боюнча кылмыш иши козголдубу же жокпу билели деп Свердлов РИИБинин №10-аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине чалсак, ар кайсыны айтып алгылыктуу жооп беришкен жок.
АЛГАЧКЫСЫ ЭМЕС...
Жогорудагы окуя алгачкысы эмес. Эсиңиздерге салсак, 2008-жылы да Бишкек шаарынан кыздай кийинген 1 эркекти 3 жигит унаасына күч колдонуп салып кетип, токойдун ичинен зордуктап, сабап, кордошкон. Андан соң 2015-жылы да Бишкек шаарынан 17 жаштагы жигит кыздардын кийимин, жасалма чач кийип сойкулардын арасында жүргөн жеринен кармалган. Милиция кызматкерлери аны суракка алып, чечиндиришкен видео интернетке чыгып, талкуу жараткан. Интернет колдонуучуларынын айрымдары жигитке жини келгенин жазышса, көпчүлүгү аны аяп, "милиция кызматкерлери адам укугун бузуп жатышат" деген таризде билдирүү калтырышкан.
КАРДАРЫН КҮТКӨН ТРАНССЕКСУАЛДАР
Бишкек шаарындагы сойкулардын интернетте сайттары да бар. Анда сойкулардын 3 түрү кардарларга сунушталат. Алар, өздөрүнүн тили менен айтканда, "перилер" (эркектерге кызмат көрсөткөн аялдар), "жиголо" (аялдарга кызмат көрсөткөн эркектер) жана "транссексуалдар" (аялдарча кийинип алып эркектерге кызмат көрсөткөн эркектер). Ошондой эле сойкулардын өз ара баарлашуусу үчүн форум ачылган. Ал форумда сойкулар бири-бирине жаңылыктарын жазышып, өздөрүн жарнамалашып жана "ак эмгек" менен акча таап жатканына тоскоол болгон милиция кызматкерлерин жамандап отурушат. Жогорудагы окуяга дагы бир мисал болсун деп так ошол сайттан кыздай кийинген транссексуалдардын бирине кардар катары чалып көрдүм. Өзүн Жасмина деп тааныштырган ал мындай деди:
– Саламатсызбы?
– Саламатчылык (чоюла сүйлөгөн эркектин үнү угулду).
– Сиз иштейсизби?
– Ооба, иштейм.
– Сиз кызсызбы же эркексизби?
– Мен транссексуалмын.
– Бир түнгө канча болот?
– Түнгө иштебейм. Саатына иштейм.
– Саатына канча?
– 4 миң сом.
Мына, окурман, тилекке каршы, бул азыркы турмуштун ачуу чындыгы. Коомубузда өөн учураган бул көрүнүш акырындап кулач жайып баратканы көңүл кейитет.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg