Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы: «КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ – КЫРГЫЗ ЖЕРИНИН ВИЗИТТИК КАРТОЧКАСЫ»

Ишине баш-оту менен киришип кеткен адам гана жасап жаткан жумушу тууралуу көзү күйүп, маңдайы жарыла эргүү менен айтып берет. Респондентим интервью менен катар бир туруп мониторду, бир туруп телевизорду, анан уюлдук телефонду көрсөтүп, күзүндө экинчи ирет өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына болгон даярдыктар менен тааныштырып жатты. Оюндар тууралуу атайын иштелип чыккан интернет сайт, уюлдук телефондор үчүн колдонмо, жарнамалык роликтер, элден мурун бул даярдыктарга күбө болуу чоң кызыгууну жаратты.

– Сапар Жумакадырович, адегенде кепти Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде орун алган кыргыз-өзбек президенттери Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримовдун жолугушуусунан козгосок... Эки тараптуу мамилелерде түшүнүшүү пайда болдубу?
– Ташкентте болуп өткөн жолугушуудан кийин Кыргыз Республикасы жаңы багыт алды десек болот. Эки президент бири-бирине так убада берип, сүйлөшүп алышты. "Мындан ары келечекте пайда боло турган маселелердин баары өкмөттөр аралык деңгээлде чечилсин, биринчи орунга саясий маселелерди койбой, экономикалык маселелерди коёлу" дешти. Бул абдан жакшы көз караш. Муну эки жак тең колдоду.
Эми кыска мөөнөттүн ичинде эки өлкөнүн ортосунда мамиле түзүү боюнча иштерди жөнгө салып, тиешелүү жолугушууларды өткөрүшүбүз керек. Азыркы тапта бул боюнча президент берген тапшырмалар аткарылып жатат.

– Кыргыз-өзбек мамилесинин курчуп кетпей, эки мамлекет башчынын жолугушуусу орун алгандыгынын өзү оң таасир берет болушу керек...
– Албетте. Протокол боюнча жолугушуу 20 мүнөткө деп сүйлөшүлгөн болчу. Ислам Каримов Алмазбек Атамбаевден башка президенттер менен жарым саатка чейин каралган жолугушууларды өткөрдү. Каримовдун Атамбаев менен сүйлөшүүсү 1 саатка созулду. Андан чыгып да ары басып экөө көпкө чейин сүйлөшүп турушту. Бул жагдай позитивдүү жаңылыктар болорун билдирет. Ошон үчүн эки президенттин жолугушуусу натыйжалуу өттү дегенге болот.

– Быйыл өлкөбүздө 2-ирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Азыркы тапта Ысык-Көлгө кетчү жолдун чаңы сапырылып жатат. Даярдык иштери убагында бүтөбү?
– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыргыз жеринин визиттик карточкасы болуп калды. Быйылкы жылы бул оюндарга 40тан ашуун мамлекеттин спортчулары катышат. Дүйнөнүн белгилүү жалпыга маалымдоо каражаттары, атап айтсак, "Euronews", "CCTV", "TRT Avaz", "NHK", "Al Jazeera" жана башка телеканалдар Кыргыз Республикасын жарнама кылат. Мамлекетибиз эки ирет революциялары менен дүйнөлүк коомчулукка аты чыкса, эми, азыркы тапта кыргыз өлкөсү келечектүү мамлекет, демократиясын өнүктүрүп келе жаткан, туристтик потенциалы күчтүү деп көрсөтүп жатабыз.
Эми жолдорго же ошол эле сөз болуп жаткан ипподромго келсек. Жолдор салынып, курулуш жүрүп, үлгүрбөй жатышат дешүүдө. Бирок башка жагынан алып карасак, биз өнүгүп жатабыз. Инфраструктура курулуп жатса, ал келечекте өлкөгө гана пайдасын алып келет. Учурда Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту ипподромго коротулган каражат канча убакытта өзүн актайт деген суроонун үстүндө иштеп, бизнес-план жасоодо. Менимче, ат майданын кийинчерээк ушул тармакты жакшы билген чет өлкөлүк белгилүү компанияга башкарууга берүү керек. Келечекте бул ипподромдо чоң мелдештерди жана ири концерттерди өткөрүп турсак болот. Эми 10 миң киши бата турган ат майданга көлгө келген туристтер жана жергиликтүү калк оюндарга, концерттерге барып турганы кандай жакшы...

– Ипподромду кайрадан оңдоонун муктаждыгы канчалык эле?
– Ооба, ошондой сын-пикирлер бар. Буга чейинки ипподром шашылыш салынган. Азыркысы дүйнөлүк стандартка жооп берген болот. Учурда жарыш жолун француздар жасоодо, алар «мындай башка ипподром КМШ боюнча жок» деп жатышат.

– Оңбогон акча да жумшалып жатат...
– Ушуга токтолуп өтпөсөм болбойт. Ипподромго жумшалып жаткан каражат бюджеттен тышкаркы акча. Президент таап келген грант.

– Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын максаты – Кыргызстанды таанытуу, туристтердин санын көбөйтүү. Биздин туризм тармагынын кандай кемчиликтерин тез арада жоюу керек деп эсептейсиз?
– Эң негизги кемчилик – бул инфраструктура. Эмне үчүн биз жолдорду карызга батып салып жатабыз? Жолдон тышкары туристтер үчүн мейманканалар да маанилүү. Бизде 4, 5, 6 жылдыздуу мейманканалар жок, эмне үчүн? Кыргыз жерин, анын ичинде Ысык-Көлдү дүйнөгө таанымал кылмайынча бир да инвестор басып келбейт. Таанымал кылуу үчүн жарнама керек. Буюрса, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул миссиянын бир жагын аткарат.
Кыргыз өлкөсүн дүйнөлүк коомчулук билбесе, анын кооз жаратылышын, туристтик потенциалынан инвесторлордун кабары жок болсо, анда бул тармакта жылыш да болбойт. Бул шарттардын баарын мамлекет түзүшү керек. Азыр президент баш болуп ушул иштерди аткарып жатат.
Ушул жерден кошо кетейинчи, мен дагы бир жолу кыргыз өлкөсү үчүн күйгөн мекендештерибиз көп экенине ынандым. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрөлү деп бир топ компанияларга, азаматтарга кайрылдык. «Биз силерди жарнамалап берели, а силер бизге демөөрчүлүк колдоо көрсөткүлө» деп сурадык. Бүгүнкү күнгө карата Олимпиадалык комитетке миллион долларга жакын акча чогулттук. Бул кыргыз мамлекетинин келечеги кең экендигин гана билдирет.

– Учурдан пайдаланып 2-даражадагы «Манас» орденин алышыңыз менен куттуктайбыз. Максаттарыңыздын ишке ашканы көппү же жасала элеги көппү?
– Сөздүн ачыгы, жасала элеги көп. Акчанын жоктугунан, каражаттын тартыштыгынан жасайлы деген иштердин көбү аткарылбай турат. Бирок келечекте аткарылат деген ишеним бар. Ал үчүн азыр күнү-түнү иштеп, максаттарды ишке ашырууга аракет кылып жатабыз.
Сыйлыкка келсек, мага сюрприз болду. Орден мен үчүн аванс сыяктуу. Аны актоого бүт күчүмдү жумшайм. Президент бул сыйлыкты көп бербейт, кылдаттык менен тандап ыйгарат. Ошого мен үчүн чоң сыймык болду. Сыйлык жеке меники эле эмес, биздин бөлүмдө иштеген кызматкерлердин, дегеле Тышкы иштер министрлигиндеги кесиптештеримдин да сыйлыгы деп эсептейм.

– Жай – бул эмгек өргүүгө чыгуу мезгили. Эс алууну кайда жана кандай өткөрүүнү пландап жатасыз?
– Жок, эс албайм. Эмгек өргүүгө чыга элегиме бир канча жыл болуп калды. Буюрса, эс ала турган да мезгил келет. Эсимде, бир жолу президент бизге «бакыт – бул эмне?» деген суроо берип калды. Анан өзүнүн жообун мындайча узаткан: «Бакыт – бул үйдөн жумушка чуркап шашуу, жумуштан үйгө чуркап шашуу». Бул сөзгө толугу менен кошулам. Мен бактылуу адаммын.

– Көчмөндөр оюндарынын кайсы бирине кызыгасыз?
– Өзгөчө жаа атууга кызыгам. Өзүм деле ата албайм. Так белгиленип турган бутага жааны атуу башкача сезимдерди жаратат. Быйыл биринчи жолу ойноло турган бул оюнда ким жеңет экен деп чыдамсыздык менен күтүп жатам.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан