БЫЙЫЛ КАНДАЙ КУПАЛЬНИКТЕР МОДАДА?

Экстрим моделиндеги өтө ачык фасондогу купальниктер бул сезондо актуалдуулугун жоготту. 2016-жылдын тренди болгон купальниктерди тандап алыңыз.

СЕЗОНДУН ХИТИ – СҮРӨТТҮҮ КУПАЛЬНИК


Заманбап модага сүрөттүү гамма жакшы эле отурукташып алды көрүнөт. Башында бул тенденция кийимдерде колдонулуп, кийин бут кийим менен сумканы басып, көптөн бери актуалдуулугун жоготпой келе жатат. Эми мындай жасалга купальниктерге чейин жетип, ар түрдүү түстөр жана саймалар менен кооздолду. Андыктан сүрөттөр түшүрүлгөн жабык монокини стилиндеги купальник тандаңыз. Бул модель келбетиңиздеги артыкчылыктарды көрсөтүп, кемчиликтерди жашыра алат.



РЕТРО КУПАЛЬНИК

Өткөн сезондо популярдуу болгон винтаж стили актуалдуулугун жоготкон жок. Бул модель бели узун трусысы менен таанымал. Дизайнерлер аталган купальниктердин бюстгальтерине ачык түстөрдү беришип, ал мурункудай жөнөкөй эмес, кооз көрүнүп калды.



ТОКУЛГАН КУПАЛЬНИК

Жиптен токулган элементтери бар купальниктер бул жылы да популярдуу. Ал назик, сексуалдуу көрсөтөт. Келбети келишкен кыздарга трусы менен бюстгальтери өзүнчө болгон модели, ал эми толуктарга жабык модели жарашат.


ТОРДОЛГОН КУПАЛЬНИК

Классикалык үч бурчтуу бюстгальтери бар купальниктин бул түрү эмчегинин көлөмү орточо жана кичине кыздарга жарашат. Жадакалса эмчеги чоң кыздар да өзүнө жарашыктуусун тандап алышса болот. Четтери тордолгон, бийиктиги орточо келген мындай купальниктер бардык келбеттеги айымдарга ылайыктуу.


СПОРТТУК СТИЛДЕГИ КУПАЛЬНИК

Көлгө чумкуп, күнгө күйгөндү гана эмес, спортту да сүйгөн саркеч кыздар үчүн дизайнерлер спорттук стилдеги купальниктерди чыгарды. Бул жылы мындай фасондор бир кыйла ачык түстөрдө сунушталып, ага сүрөттөр түшүрүлдү. Ал эми ыңгайлуулук боюнча бул модель башкаларды алдына салдырбайт. Анын этно стилинде сүрөт түшүрүлгөнүн тандасаңыз жаңылбайсыз.



ЧАЧЫЛУУ КУПАЛЬНИК

Басканда чачысы ары-бери чайпалып купальникке кооздук берген бул модель сөзсүз көңүл бурдурат. Ошондуктан көптөгөн дизайнерлер андан акыркы жылдардан бери баш тарта албай келишет.



ЖЕҢИ УЗУН КУПАЛЬНИК

Мода көргөзмөлөрүндө былтыр пайда болгон бул моделди пляждан көп деле жолуктурган эмеспиз. Бул сезондо жеңи узун купальниктерге экинчи мүмкүнчүлүк берилди. Мындай модель кыздарды табышмактуу, сексуалдуу көрсөтөт.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
2016-жылдын тренди болгон купальниктерди сунуштайбыз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
owtu
2016-07-11 09:40:38
Маникенша кыз аябай жакты! Купальниктерди жакшы корсот алыптыр!
0
arimaz89
2016-07-11 10:59:37
Жакшы чыгыптыр, азамат!

0
asha302
2016-07-11 13:45:23
бел деген кайдаааа кызда...
+6
stervella415
2016-07-11 16:57:39
Rahmat super info,kandai kupalnik moda kandai alywty bilbei attym ele.çaçyluusun alsamby deimdaaa,baskan saiyn kork berip towumooo
0
gulkar
2016-07-12 03:15:22
2016ж купальниктери вообще жаккан жок,эмне деген фасон.Шорты м-н топике окшош го.
+3
jai
2016-07-12 08:30:10
Алиби,Автандилдин жагамбы деген клибиндеги кыз бул.
+2
nurjazy
2016-07-13 13:55:23
з сүрөттө төшү аябай кичине көрүнгөн, купальник жарашкан эмес модел кызга!
0
jamal-ai
2016-07-14 07:09:30
Көкүрөгү же төшү десе болбойбу сөзсүз эле э.... и деш керекпи?
+1
SeN_Sulusun
2016-07-14 09:33:49
хахах кызда алипе деген передачаны корсонор соз жок ответ берген
0
admin_superstan
2016-07-14 16:45:58
Nokia, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан