«ТАЙПАЛАШ ТЕҢТУШТАР, КАЙДАСЫҢАР?»
– 1986-1991-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунда окуган тайпалаштарымды: Жалал-Абад облусундагы Барпы айылынан Азамат, Алчалуу же Алмалуу айылынан Айтбайды (чын аты Рашид) жана Оштун Калинин айылынан Курсанды издейм. Достор, окуп калсаңар мени менен байланышкыла.
Таалай, тел.: 0709 344 502
«ГҮЛНУРДУ ИЗДЕЙМ»
– Курбум Гүлнур Султанованы издейм. Ал Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Темир-Канат айылынан болот. Экөөбүз Кажы-Сай шаарчасында нан бышыруучу цехте чогуу иштегенбиз. Акыркы жолу 1995-жылы көрүшкөн элек. Ошондон бери кабарым жок. Жолдошунун аты Турсунбек. Угушумча, азыр алар Кажы-Сайда турушат.
Нургүл, тел.: 0779 130 967
«УУЛУМ, КАЙДАСЫҢ?»
– Мен 2012-жылы ооруканага жатып калдым. Доктурлар менде залалдуу шишик бар экендигин айтышты. Көп акча керек болгондуктан уулум акча таап иштеп келем деп Казакстанга кетиптир. Ошондон бери дайыны жок. Уулумдун аты Ажиев Нурболот Карагулович, 1989-жылы 14-апрелде Кемин районуна караштуу Быстровка айылында туулган. Баламды издеп кайрылбаган, барбаган жерибиз калган жок. Эгер Нурболотту таанып-билгендер болсо, суранам, жардам бериңиздер.
Нуржан Орузбаева, тел.: 0709 048 530
«АРАПБАЙ, ШАМИЛЬ, МАГА БАЙЛАНЫШКЫЛА»
– Тайпалаштарым 1957-жылы туулган Арапбай Исламидинов жана Шамиль Ахметшинди издейм. Биз 1974-1976-жылдары Бишкек шаарындагы №11-кесиптик техникалык окуу жайда бирге окуганбыз. Азыр ушул досторумдун дайынын билгим келет. Тааныгандар болсо кабарлап коюңуздар.
Райымбек Осмонбеков, rosmonbekov@gmail.com
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш. Байланыш телефону: (0312) 32-33-28
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg