ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (11-июлдан 17-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Колго алган иштериңиз ийгиликтүү бүтүп, өзүңүзгө ыраазы болосуз. Көңүлдүү маанайыңыз айланадагыларга да таасирин тийгизет. Дүкөн кыдырууда ашыкча акча албай чыгыңыз. Болбосо пландалбаган нерселерди сатып ала берип, кийинки аптада акчадан кыйналып каласыз. Банктан насыя алууга киришпей туруңуз, убакыт бул үчүн ылайыксыз. Сүйүктүүңүз жакшы жаңылыгы менен бөлүшөт. Эс алуу күндөрүн жаратылыш коюнунда өткөрөсүз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада иштер көп болгондуктан күндөр бат эле өтүп кеткендей болот. Маселелерге жакындарыңызды кириштирбей, өзүңүз чечсеңиз туура болот. Таза абада, болгондо да жагымдуу адамдардын компаниясында болууга тырышсаңыз, энергия топтой аласыз. Оңдоо-түздөө иштерин баштаардан мурда керектүү адистерден кеңеш алсаңыз ашыкча болбойт. Бойдоктор баш кошууну апта аягына пландаса ийгиликтүү өтмөкчү.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көңүлдөгү сыр, көйгөйлөрдү элге ачык жарыя кыла бербөө кажет. Айткандарыңызды кийин өзүңүзгө каршы колдоно тургандар чыгат. Соода жаатында иштегендерге чала тааныш адамдар менен келишим түзүү опурталдуу экенин жылдыздар эскертишет. Жеке мамилелерде ашыкча сын, орой сүйлөө сезимдерди муздатып коёрун эске алыңыз. Апта аягында жаңы иш баштаган тааныштарга жардам көрсөтүүңүз ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Абайлап сүйлөбөсөңүз тилиңиз душманыңыз болуп калуусу мүмкүн. Чөйрөдөгүлөр менен кылдат мамиледе болуп, абалга жараша чечим кабыл алуу керек. Жүрөгүңүзгө жакын адам сизди таарынтканы үчүн кечирим суроосу мүмкүн. Эс алып сууга түшүү үчүн барганда абайлабасаңыз кокустуктар чыгат. Үйдөгүлөр жакшы сюрпризи менен көңүлүңүздү алып, чогуу конокко барууну сунушташат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жүрөгүңүздөгү бирөөгө деген сезим чыгармачылык менен бир нерселерди жасоого түртөт. Кандай кырдаал чыкпасын аны өз пайдаңызга колдонуп калууга жетишсеңиз эрдик кылган болосуз. Жетекчилик жекече кабыл алып, сиздин карьераңыз, материалдык кызыкчылыктарыңыз тууралуу кеп козгошу мүмкүн. Оюңузду дипломатиялык түрдө жеткизсеңиз утасыз. Күндө жана жолдо көп жүрбөй, өнөкөт оорулардын козголушунан сактаныңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта башында көптөгөн үй-бүлөлүүлөрдө жубайлар ортосунда келишпестиктер чыгат. Жан шеригиңиздин мамилеси жакпай жатса, баарына кол шилтеп өзүңүз менен өзүңүз калбай, жай отуруп ачык сүйлөшүү кажет. Апта ортосунда балдарды эс алдыруу, керектүүлөрүн алып берүүгө бир топ акча коротосуз. Үйүңүздү уурулардан сактап, сыртка ачык буюм калтырбаңыз. Апта аягында эмеректерди кайра жайгаштыруу иштери чыгат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Олуттуу пландарды түзбөй, бирөөлөргө бир нерселер боюнча убада бербей туруңуз. Анткени кырдаал сиз ойлогондой болбой, өзгөрүлүп кетиши күтүлүүдө. Маселелерди чечүүдө тажрыйбасы мол улууларга кеңешип кайрылыңыз. Ууланып калбоо үчүн жаңы даярдалган гана тамак-ашты жеңиз. Конокко чакыруу алып, гардеробду жаңыртышыңыз ыктымал. Достор сизге чогуу эс алууну сунуштоосу мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Тааныштардын чөйрөсүн кеңейтиңиз. Бул иштерди баш оорусуз бат бүтүрүү үчүн керек. Аптада сүйүүлөр күчөп, убакытты чогуу өткөрүү боюнча сунуштар түшөт. Бирөөлөрдүн азгырыгы менен олжолуу болом деп капканга түшүп калбоо керектигин унутпаңыз. Алыстагы жакыныңыз айттырбай келип кубандыруусу ыктымал. Электр шаймандарын колдонуудан мурун оң экенин текшериңиз. Болбосо ток тартып же өрт чыгып кетүүсү ыктымал.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада өз кызыкчылыгыңызды куулук менен коргоңуз. Меники туура деп ачык эле көжөрүп туруп алсаңыз, пайда сиз тарапка чечилбей калышы мүмкүн. Иш менен жеке жашоону чогуу алып кетүүгө аракет кылыңыз. Болбосо үйдөгүлөрдүн урушуна кабыласыз. Жолдо жүргөндө бирөөлөрдү күнөөлөп урушуп калбоо үчүн этият болуу кажет. Жайкы эс алууга карата үй-бүлөлүк бюджетиңизди тактап, үйдөгүлөр менен кеңешесиз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Буга чейин оңой бүтүп келген иштерге көп энергия, убакыт коротосуз. Бирок буга капаланбаңыз, анткени аз иш бүтүрсөңүз да жыйынтыгы кубантарлык болот. Өнөкөт чарчоодон кутулуп, жакшылап эс алуу үчүн жайкы эмгек өргүүсүнө чыгууну пландаганыңыз оң. Ичкен-жеген тамагыңызды көзөмөлгө алып, жайкы эс алууга кам көрө бериңиз. Короо-жай же гаражды оңдоп-түзөөгө апта акырында киришесиз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бирөөлөрдүн маселесин кошо чечишүүнү моюнга илбөө керек. Бул ишиңизге тоскоол болуп, алагды кылат. Айрымдарга жаман көрүнүп калууңуз да мүмкүн. Эски таанышыңыздан кызыктуу сунуш түшөт, жооп берүүгө шашылбаңыз. Убакыт баарын өзгөртүп жиберүүсү ыктымал. Тааныштар менен конокко барарда ал жакта кимдер болорун тактап албасаңыз, сизге жакпаган адамдар менен бирге болуп калып, кейийсиз.

Балык(20.02-20.03)
Максаттарды ишке ашырууда бир жери ойдогудай болбой калса, аны күч менен бүтүрүүгө аракет кылбаңыз. Баары бир жыйынтык канааттандырбайт. Көбүрөөк акча табуу тилегиңиз жарым-жартылай гана ишке ашат. Бирок романтикалык таанышууларга ылайыктуу мезгил. Андыктан сүйүү маселесине чечкиндүү киришиңиз. Үйүңүзгө мал же чоң буюм алууга жакындарыңыз жардамдашат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Muhammadnur96
2016-07-11 09:04:44
мен 30сентябрда туулганмын менин жылдызым кайсы болуп калат же календарын жазып коесуздарбы рахмат
0
Josef
2016-07-11 12:24:01
Muhammadnur96,тараза
0
Josef
2016-07-11 12:23:38
Тараза
0
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан