ӨРҮК БЫШТЫ! КЫШКА КАМДАҢЫЗ

Өрүк кош бойлуу аялдарга жана каны аздарга абдан пайдалуу. Жүрөктүн оорусун басаңдатып, кандын айлануусун жакшыртат. Мындан сырткары бул жемиш сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Андыктан бул мөмөдөн кышка азыктарды камдап алыңыз.

ӨРҮК ШИРЕСИ
Даярдоо ыкмасы:

  1. Алгач таза бышкан өрүктү жууп-тазалап алабыз. Андан соң өрүктү жарып, данегинен ажыратабыз.
  2. Өрүктү данегинен ажыратып алган соң шире сыгуучу жабдыктан өткөрөбүз. Алынган ширеге теңме-тең муздак суу куюп, жай отто 10-15 мүнөт кайнатуу шарт.
    Эгер шире сыгуучу аппаратыңыз жок болсо, өрүктү данегинен ажыратып, сыр идишке салабыз. Үстүн 2-3 сантиметр көмө тургандай кылып суу куюп, жай отто 10-15 мүнөт кайнатабыз. Бул аралашма толук муздагандан кийин өрүктү сүзүп, кол менен эзип, электен же жука дакиден өткөрөбүз. Алынган боткону баштапкы өрүк кайнатылган сууга кошуп кайнатабыз. Чыгарарда татымына жараша кумшекер кошуп, дагы беш мүнөт кайнатып, банкаларга куюп, жаап койсок болот.


ӨРҮК ЖАЙМА КАГЫ
Даярдоо ыкмасы:

  1. Өрүктү жууп-тазалап, данегинен ажыратабыз да, блендерге салабыз. Эми боткону электен бир сыйра өткөрүп, ага татымына жараша бал же кумшекер кошобуз.
  2. Табанын бетин бир аз майлап, ага өрүк боткосун куюп, 1 сантиметрге жетпеген калыңдыкта тегиз жайып, 3-4 күнгө көлөкө, шамал жүрүп турган жайда кургатып алабыз.



ӨРҮК & КАРАГАТ КОМПОТУ
Даярдоо ыкмасы:

Өрүк менен кара карагатты жууп-тазалап, 3 литрлик бош банканын үчтөн бир бөлүгүнө салабыз да, үстүнө кайнатылган сууну куюп, 15 мүнөт күтүү керек (бул ар кандай микробдорду өлтүрөт). Андан соң суусун мискейге куюп алып, ага 1 стакан кумшекер салып кайнатып, банкага куюп, оозун темир капкак менен бекитип коёсуз. Табитиңизге жараша карагаттын ордуна кулпунай, малина, алча кошсоңуз да болот. Булар компотко өзгөчө түс жана даам беришет.


ӨРҮК & АПЕЛЬСИН & ЛИМОН КЫЯМЫ
Даярдоо ыкмасы:

  1. Алгач 3 килограмм өрүктү жууп, данегинен ажыратып, чоң идишке салабыз.
  2. 1 даанадан апельсин менен лимонду жууп, кабыгы менен кошо майда туурайбыз да, өрүктүн үстүнө салабыз. Эми 2 килограмм кумшекерди үстүнө себелеп, ширеси чыкканча коё турбыз.
  3. Ширеси бөлүнүп чыккан соң жай отто 15 мүнөт кайнатып, көбүгүн алабыз. Муздаган соң дагы 15 мүнөт кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга куюп, капкак менен жаап коёбуз.

Эскертүү!
Чоңдор үчүн күнүнө 200-300 грамм өрүк жеген жетиштүү болот. Өрүктү ач карын жегенге болбойт. Ошондой эле бул жемишти жеген соң дароо муздак ичүү сунушталбайт. Ичеги-карындарга зыян алып келиши мүмкүн.
Өрүктө жана анын кагында кант көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга өрүктү көп пайдаланууга тыюу салынат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
owtu
2016-07-11 09:43:09
Сонун кенештер экен го бирок бизде орук бышмак турсун как болуп калдыго!
+2
VIK
2016-07-11 12:02:59
Лимон менен жасап коруш керек экен.
+1
saltanat.
2016-07-11 22:46:41
Бала кезде алма, өрүккө эле тоюп алып жүрчүбүз эчтеке болбой эле.
+1
Positive
2016-07-12 01:49:06
Бир анекдот айта кетейин оруко байланыштуу. Бир карыя катуу ооруп эч барбаган дарыгер, табып калбаптыр. Анан кытайга дарыланганы эн кучтуу, проффесионал, таанымаь врачка келет экен. Ал Китай врачы кунуго бир даана абрикос берип коет экен карыяга. Ошентип 1 жума отуптур, муну тушунбогон карыя сураптыр - о догдур мени качан дарылайсын? Мен айыкканы келдим десе сага орук беритам ошол сенин дарын, ошону жей берсен айыгасын дептир. Анда карыя мен ошончо уйумдо бак орук турса ушул жака келип
+3
Positive
2016-07-12 01:51:41
дарыланамбы? Ал айтканын озуно буюрсун деп Кыргызстан га кайтып келе Берген экен. Айтмакчы карыя катуу айыкпас журок оору болуп ооруган экен)))
+3
deva
2016-07-12 12:21:46
Буюрса, бизде, көлдө эми бышып жатат!Апельсин кошулган варенье жакты, жасап көрүш керек.
0
Ayka1994
2016-07-14 17:25:06
Ии ошондой пайдалуу бекен биз орук бышып тер десе тажап каччу болуппуз муну билбей эле
0
Sana_30
2016-07-15 17:38:00
Орукту курут менен кошуп кайнатканы баарынан сонун болот.
0
Stervashka
2016-07-17 17:42:09
Супер инфо сураныч, стресстен арылып семируунун жолу тууралуу кенештерден айтып койсонуздар абдан сонун болот эле.
0
admin_superstan
2016-07-18 09:12:48
Stervashka, саламатсызбы? Сунушуӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан