– Алексей, аталган концерт ким тарабынан уюшулуп жатат?
– Долбоордун жетекчиси менмин. Ал эми демөөрчү катары колдоо көрсөткөндөр бар. Негизи, аталган концерттин идеясы январда эле жаралган. Бирок, кандайдыр бир себептер менен иш жүзүнө ашпай келаткан. Ар бир нерсенин өз учуру болот эмеспи. Анын сыңарындай ал идеянын ишке ашышына мезгил жетип, минтип учурдун мыкты жылдыздарын бир сахнага чогултканы турабыз. Айта кетчү нерсе, бул коммерциялык багытты көздөгөн концерт эмес. Бул болгону төбөсү көрүнүп келаткандардын талантын ачып берүүгө көмөк көрсөтүү, чыгармаларын даңазалоо.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).