ИЧТЕГИ МАЙДАН АРЫЛУУ ЖОЛДОРУ

Бишкектеги "БиСпорт" фитнес клубунун машыктыруучусу Келдибек Атайбеков: "Адам арыктамайынча казыны кетирүүгө мүмкүн эмес. Андыктан курсактын керектүү булчуңдарын иштетүү жана күч келтирүү менен майды кетирүүгө багытталган көнүгүүлөр менен кошо диета кармоо, чуркоо (же узакка басуу же сууда сүзүү) керек. Фитнес клубга барып машыгып, муну үйдө көнүгүүлөр менен да айкалыштырсаңыз 1 айда 3-7 килограммга чейин арыктайсыз",- деген кеңешин айтат.

КӨНҮГҮҮЛӨР
(Эскертүү! Көнүгүүлөр айымдар менен мырзаларга бирдей сунушталат. Ар бир көнүгүүнү 10 жолу жасап, тыныгыңыз. Бул 3 ирет кайталанат. Көнүгүүлөргө киришүүдөн мурун чуркап денеңизди жибитип алыңыз.)


2 бутту тизеден бүгүп, колду башка жазданып жатып, анан башты көтөрүп өйдө болуп түз отурабыз.


Түз туруп, бутту кенен ачып, 2 колду алдыга сунуп, белди түз кармап отуруп-турабыз.


Түз туруп оң колдун чыканагын сол буттун тизесине, анан сол колдун чыканагын оң буттун тизесине жеткиребиз.


Сол капталга жатып, оң бут алдыга сунулуп, сол бут тизеден бүгүлөт. Сол кол түз алдыга сунулуп, оң кол менен башты кармайбыз. Ушул калыпта башты мүмкүн болушунча өйдө көтөрүү кажет. Анан берки капталга оодарылып, көнүгүү кайталанат.


Топко чалкалап жатып, бутту эки жакка ачып, 2 колду баштын алдына алабыз. Эми кезек баш менен кошо дененин өйдөңкү жагын мүмкүн болушунча өйдө көтөрүүгө келет.


Түз жатып, оң колду башка алып, оң бутту бүгөбүз. Эми башты көтөрүп, оң колдун чыканагын сол буттун тизесине тийгизебиз. Анан бут, колдордун орду алмашылып жасалат.


Бутту сунуп, колдорду капталдарга алып түз жатабыз. Эми бутту тик өйдө көтөрүп, түшүрөбүз.


Түз туруп, бутту бир аз ачып, шыргыйды (таякты) ийинге алып, анан бирде оң, бирде сол капталга 90 градуска чейин бурулуу кажет.


КӨНҮГҮҮЛӨРДҮ ТРЕНАЖЁРЛОР МЕНЕН АЙКАЛЫШТЫРУУ

Тренажёрго башты төмөн каратып түз жатып, ылдый сыйгаланбоо үчүн буттарды керектүү жерге илип, 2 колду башка жазданабыз. Анан тулку бойдун үстү жагын баш менен кошо өйдө көтөрүп түз отурабыз.


Тренажёрго отуруп, 2 кол менен кармагычтан кармап асылып, күч менен ылдый эңкейебиз.


Айланып туруучу жолдо чуркоо.


Велотренажёрдо машыгуу.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ичтеги майдан арылтуучу көнүгүүлөр
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
altyn_kyz
2016-07-11 09:13:22
жакшы кенеш болуптур тем более кыргыз тилинде,машыктыруучу молодец! Ийгилик
+6
Nurkyz1977
2016-07-11 10:28:40
Ар дайым кыймылда болуп жеген тамагын козомолдоп жесе эч кандай ашыкча май топтолбойт, туура тамактаныш керек суюктукту кобуроок ичуу керек.
+2
diniya9595
2016-07-11 10:54:04
Эн сонун кенештер)) рахмат
+1
NURDANCHIK
2016-07-11 13:38:54
Рахмат сонун кенеш
+1
leilek_suluktu
2016-07-11 20:54:22
Рахмат
0
Targarien
2016-07-12 01:14:20
Жакшы эн сонун Машыктууручу [moderated]дан видеосабактарды ачсаныз болчудай кыргыз тилинде анан талиясы ичке болот дегенди бели ичке кымча бел айым болот десениз жакшы болот
0
maestro123
2016-07-13 08:18:23
Мага да жакты сонун.
0
gulnara2014
2016-07-14 11:19:58
Урматуу админ бул видеону кантип кочуруп алса болот? Жооп жазып койунуздарчы сураныч.
0
admin_superstan
2016-07-14 14:03:47
gulnara2014, саламатсызбы? Сизге купуя кат аркылуу жооп берилди.
0
marzi88
2016-07-14 14:48:55
кайдан корсо болот
0
Arslan12
2016-07-14 16:46:56
Бардык мучосу топ келишкен сулуу кыз экен!
0
Stervashka
2016-07-17 17:46:04
Мен эч эле семире албай атам, озум орто элемин бирок азыраак толсом деген тилегим орундалбай келет. Коп ойлоном, аз жейм. Стресстен чыга албай журом бир жылдан бери. Кенеш берип койсонуздар. Рахмат.
0
maestro123
2016-07-18 11:47:13
Дарегин жазып койсоңуздар жакшы болмок.
0
Maxa90
2016-08-05 21:02:19
Видеону кантип көчүрсө болот?
0
Xanisha
2017-11-02 14:19:42
Бул видио неге жуктолбойт админ
0
admin_media
2017-11-02 14:52:34
Xanisha,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/media/stv/171509
0
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан