SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

30-июнь:
КЫРГЫЗ ЭЛИ ДАГЫ ДЕЛЕ -ОВ, -ОВА, -ОВИЧ, -ОВНА БОЙДОН КАЛУУДА

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына окурмандан Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашевге суроо келген. Окурман баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн мисалында "Эмне үчүн мамлекеттик документ мамлекеттик тилде толтурулбайт?" деп суроо салган. Ошондой эле аты-жөндү жазууда кыргызга жат -ов, -ова, -ович өңдүү мүчөлөрдөн качан баш тартабыз, мекеме ушул ишти качан колго алат дейт. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы: "Документтер эки тилде, кайрылуучулардын өз ыктыяры менен толтурулат. Мамлекеттик мааниге ээ документтердин баары мамлекеттик тилдин нормасында жазылыш керек деген талап мыйзамдын негизинде коюлса, Мамлекеттик каттоо кызматы Мамлекеттик тил комиссиясы менен бирдикте мамлекеттик тилдин гана нормасында бардык документтердин үлгүсүн иштеп чыгууга даяр",- деп жооп узатты.
Эмне иш кылып элдин көзүнө көрүнөрүн билбей урунуп-беринип жүргөн депутаттар үчүн бекер "шпаргалка". Паспорт жана башка мамлекеттик документтер мамлекеттик тилде жана эл аралык тилде толтурулсун деген мыйзам иштеп чыгуу керек. Ошондой болсо элди улам документтерди англис тилине котортуп, нотариалдык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү убарасынан кутултушар эле.
Ар бир өлкөнүн улуттук өзгөчөлүгүн белгилер, аталыштар, аты-жөндөрү көрсөтүп турат. Саакашвилинин грузин, Галустяндын армян экендигин дароо түшүнөбүз. Ага карабай кыргыздар баягы СССРдин заманынан "мураска" калган -ов, -ев аталып жүрөбүз. Биометрикалык паспортторго өтүү алдында мына ушундай учурларды кошо оңдоп-түзөп кетүү зарыл, паспортто аты-жөндөрдү улуттук калыпка келтирүү үчүн башка өлкөлөрдөн кайрадан кредит же грант сурап отурбай.

1-июль
ӨЗБЕКСТАН ЖАЙЫТ ТАЛАШУУДА

Кыргыз-өзбек чек арасында кайрадан конфликт чыкты... Өзбекстандын чек арачылары Аксы районунун Сөгөт айылынын аймагындагы 45 сотых жерди басып алышып, учурда эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын Аксы райондук администрациясынан кабарлашты. "Азыркы учурда сүйлөшүү уланууда. Жердин аянты канча экендиги так эмес, биздин билишибизче, 45 сотых",- дешти акимчиликтен. Жергиликтүү тургундар өзбек тарап басып алган жердин аянты 2,5 гектар экенин айтышууда. Талаштуу делген жайытты буга чейин кыргыздар пайдаланып, чөбүн чаап жүрүшкөн. Быйыл барышса, өзбек чек арачылары киргизбей коюшканы белгилүү болду.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы аталган аймак кыргыздын жери экенин, бирок "өзбекстандык чек арачылар басып алышты" деген маалымат туура эмес экенин маалымдады. Мекеменин билдиришинче, учурда чек аранын аталган тилкеси кадимки режимде кайтарылууда. Кыргыздарды жайытка киргизбей коюу аракети боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастады.
Бул окуя чек ара маселесин биротоло чечмейинче жаңжал токтобой турганын көрсөтүүдө. Жакында Ташкент шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде өлкөлөрдүн ортосундагы маанилүү маселелер президенттердин деңгээлинде талкууланганы маалымдалган эле. Суу, жер, жайыт, мунай өңдүү табигый ресурстар дайыма элдер, өлкөлөр ортосундагы талаштын себепчиси болуп келет. Кыргыз өлкөсү башка элдин, өлкөнүн байлыгын талашпаса да өзүнүкүн коргоого үйрөнүшү керек. Табигый ресурстар чектелүү гана.

4-июль
АТАМБАЕВДИН ЖАН ДҮЙНӨСҮ ЫРЫ МЕНЕН АЧЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзү жараткан "Судьбе назло" ырын гитарада ырдап, чыгарма 2-июлда интернетке тарады. Мурда-кийин кыргыз президенттеринин ырдаганын көрбөгөн көпчүлүккө бул окуя күтүүсүз болду. Ырдын башында өлкө жетекчиси чыгарманын тарыхына токтолуп, "Бул ыр алгачкы ырларымдын бири, менин жашоомдун девизи сыяктуу. Кыйынчылыктарды басып өтүүмө жардам берчү" деп билдирди. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөновдун айтымында, ырды Атамбаев жаш кезинде жаратып, гитара менен ырдап студиядан жаздырганына 2 ай болгон.
Падышалар же президенттер деле адам, алардын да жан дүйнөсүнө жакын хоббисинин болушу кадимки көрүнүш. Болгону көмүскө таланттары дайыма эле коомчулукка жарыялана бербейт. Атамбаевдин гитара чертип ырдаганын кыргыз коомчулугу жакшы кабыл алды. Социалдык тармактарда ажонун жакшы ырдаганын айтышып, позитивдүү пикирлердин аягы тыйыла элек. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин эмгек жолу саясаттан мурун чыгармачылыктан башталганы белгилүү. Ал 1983-жылы СССРдин Жазуучулар союзуна мүчө болгон. Азыркы учурда президент коомдук башталышта Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондунун төрагасы.
Атамбаев бул ырды алгачкы эмгектеринен экенин белгилесе, демек, мындан башка да ырлары бар болушу ыктымал. Муну менен мамлекет башчынын чынында эле чыгармачылыкка жакын инсан экени далилденди. Жумуш жумуш менен, чыгармачылык өз жолунда... Кыргыз өлкөсүндө чиновниктер элге жакын эмес, текебер деп көп сындалат. Ажонун ырдап чыгышы коомчулукта жөнөкөйлүктүн белгиси катары кабыл алынууда. Кол чатырын өздөрү көтөргүсү келбеген текебер жетекчилердин фонунда романтикалуу ыры менен ажобуз карапайым жан дүйнөсүн көрсөттү...

5-июль
БИШКЕКТЕ АЙТ НАМАЗЫ КАТУУ КӨЗӨМӨЛДӨ ӨТТҮ

Бүгүн өлкө ичинде 30 күн тутулган орозонун аякташы менен Орозо айт майрамы белгиленди. Жети дубандын борборлорунда жана айыл-кыштактарда эртең менен Айт намазы окулду. Быйыл Бишкек шаарында адаттагыдай эски аянттын аймагында эмес, "Жеңиш" аянтынын аймагында окулган Айт намазга, муфтият билдиргендей, 20 миңге чукул адам катышып, аларды коопсуздук кызматынын өкүлдөрү текшерүүдөн өткөрүп жатышты. Мунун да жөндүү себептери бар...
Былтыр Орозо айт күнү эртең өтөт деп турган 16-июлда Бишкек шаарынын 2 районунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети террордук топторду жок кылган. Анда баш-аягы 4 согушкердин көзү тазаланып, 7 согушкер колго түшүрүлгөн. Бир апта өтпөй Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов "террорчуларды каржылаган" деген шек менен кармалган. Операцияга катышкан "Альфанын" атайын даярдыктагы 4 кызматкери да жаракат алган. УКМК өлтүрүлгөндөр менен кармалгандар "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрү, террорчулар экенин жана Орозо айт күнү Бишкекте эл көп чогулган жерлерди жардырууну пландашканын жарыялаган эле.
Кармалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө шектүү катары кармалган Алтынбек Итибаев да бар болчу. Июль айында кармалган Алтынбек Итибаев октябрь айында Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50-СИЗОдон качкан 9 кылмышкердин катарында болгон. Алар түрмөнүн 3 кызматкерин өлтүрүп, оор жаракат алган төртүнчүсү ооруканада эсине келбей көз жумган. Чуулуу окуя орун алгандан 10 күн өткөн соң 9 кылмышкердин ичинен акыркысы болуп калган Алтынбек Итибаев кармоо операциясында атып өлтүрүлгөн. Бирок бул операцияда бейкүнөө эки жаран жана ИИМдин бир кызматкери каза тапкандыгы белгилүү. Ал эми бир ай өткөндөн кийин тергөө иштеринин алкагында камакка алынган №50-СИЗОнун мурунку жетекчиси Иманкул Телтаев асынган абалда табылган.
Андыктан Орозо айтка байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин өлкө элине карата кабатырлануу менен жазылган кайрылуусу бекеринен эмес. "Динди күчтөп таңуулоо, башка ишенимдеги же атеист мекендештерибизди кемсинтүүлөр, коркутуулар болуп жатат. Акыркы кезде диний ишенимге байланыштуу чатактар ырбап, саясий түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылат",- деп айтылат куттуктоо менен коштолгон кайрылууда.

6-июль
БЫЙЫЛ КЫРГЫЗДА ЖОЛ КӨЙГӨЙҮ: МИЛЛИАРДДАР КОРОТУЛГАН ЖОЛДОН ЖОК ЖЕ АКЧАДАН ЖОК

Жаанчыл аба ырайы табият кырсыктарынын санын көбөйтүүдө. 5-июлда Бишкек-Ош трассасынын Токтогул районуна караштуу бөлүгүндө жеңил автоунааны таш басып калып, ичиндеги 2 адам каза тапты. Жамгырдан тоо кыртышы бошоп, 24 саат бою кыймыл токтобогон трассаларда таш кулоо, шагыл же көчкү түшүү коркунучу жогору болууда. Ал эми коопсуздук ойдогудай эмес. 2016-жылдын 15-мартында Жогорку Кеңеште эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу багытында Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинен 116 миллион 470 миң доллар насыя алуу жөнүндө макулдашуу жактырылган. Алынган акчанын бир бөлүгү Бишкек-Ош жолунун кооптуу тилкелеринде кулаган таш жана көчкүдөн коргоочу тосмолорду курууга, трассада жаңы 3 тоннель тешүүгө жумшалары айтылган эле. Азырынча акчадан дагы, өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген негизги жолдун коопсуздугун бекемдөө ишинен да дайын жок. Түрдүү себептер менен кырсыктардын саны күн сайын өсүүдө. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2015-жылы Бишкек-Ош жолунда 316 жол кырсыгы катталып, 100 адам каза тапса, 580 адам жаракат алган.
Бишкек менен Ысык-Көлдү байланыштырган негизги трассанын да абалы көңүл жылытарлык эмес. Боом капчыгайында таш кулоо же көчкү түшүү коркунучу күчүндө. Үстүбүздөгү жылдын 1-3-июль күндөрү жааган жамгырдан кийин капчыгай жолун суу каптап жол жүрүүчүлөрдүн айласын кетирди. Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Кылыч Досумбетов муну жол куруудагы катачылыктардан деген туура эместигин айтат."Жолдордун четинде арыктар казылган, жамгырдан кийин келген суу ошол арык аркылуу өтөт. Бирок акыркы учурда шагыл, кум аралашкан суу агып келип, арыкка батпай калып жолду каптап жатат",- дейт ал. Расмий маалыматка таянсак, Бишкек-Нарын-Торугарт жолу акыркы 5 жылда 427 миллион долларга оңдолду. Курулуштун бардык нормалары сакталганы айтылган, бирок жолдун бети селден корголбой жатканы көрүнүүдө. Жамгыр жааган сайын трассадан автоунаа кыймылын чектей берүү көйгөйдү чечпейт.
Былтыркы жылдын август айында Боом капчыгайында трассага шагыл көчүп түшүп, Бишкек-Каракол жолу бир нече саатка жабылып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкүнүн түшүшүнө Транспорт жана коммуникация министрлигин айыптаса, аталган министрлик формалдуу жооп кайтаруу менен чектелген. Туристтик сезон кызып турган маалда трассалардан минтип "сюрприз" тартууланышы саякатчыларды чочутат. Аларга министрликтердин чарбалык аргументтери, актануулары өтпөйт. Тийиштүү органдардын кетмен-күрөгү көбүнчө кырсыктын алдын алууда эмес, анын кесепетин тазалоодо иштеп жатканы өкүнүчтүү...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан