АТАМБАЕВ ГИТАРА ЫРЛАРЫНЫН ЖЫЙНАГЫН ЧЫГАРАТ

7-июль күнү интернетке президент Алмазбек Атамбаевдин аткаруусундагы экинчи ыры тарады. "Я не могу жить без тебя" деген чыгарманы аткарган мамлекет башчынын жакын арада гитара ырларынын жыйнагы чыгары белгилүү болду.
Өткөн аптанын аягында интернет айдыңына президенттин аткаруусундагы "Судьбе назло" аттуу обондуу ыры таркап, коомчулук аны жылуу кабыл алган эле. Ал эми 6-июлда президенттин кызы Алия Шагиева интернет баракчасына: "Атам үчүн куттуктоо кагазын жасадым. Ичине эмне деп жазганымды айтпай эле коёюн, себеби чыныгы сезимдерди кыйкырып айтууга болбойт. Жакшы көрөм, жакшы көрөм, жакшы көрөм жана аны гитара ырларынын жыйнагын чыгаруусу менен куттуктайм!"- деп жазган болчу.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн билдиришинче, көптөгөн суроолорго байланыштуу Алмазбек Атамбаев быйыл 17-сентябрда өтүүчү өзүнүн 60 жылдык юбилейине карата үй-бүлөсүнө жана жакындарына арнап 10 ыр жаздырууну чечкен. Буга чейин орус тилиндеги 5 ырын үн режиссёр Эрнест Үмөталиевге жаздырган. Ал эми клипмейкер Мирлан Саткымбаев президенттин бир ырына клип тартып бермекчи. Август айында, эмгек өргүү учурунда мамлекет башчы кыргыз тилинде дагы 5 ырын жаздырууну пландап жатат.
Алмазбек Атамбаев 2017-жылы президенттик кызматын тапшырып бергенден кийин эч бир мамлекеттик кызматта иштебей тургандыгын билдирип келет. Ал саясаттан кеткен соң чыгармачылык менен алектенүү ниети бар экенин айтат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан