ТҮРКИЯДАГЫ ЖАРДЫРУУГА ШЕКТҮҮЛӨРДҮН АРАСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР БАР

5-июль күнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Стамбул шаарындагы "Ататүрк" аэропортунда орун алган окуя боюнча: "Бул жардырууга шектелип 30 адам камакка алынды. Алардын арасында Дагестан, Тажикстан жана кыргыз өлкөсүнүн жарандары бар",- деп билдирди.
28-июнда 45 адамдын өмүрүн алган "Ататүрк" аэропортунда 3 жанкечти жардыруу уюштурушкан. Окуядан кийин эле түрк жалпыга маалымдоо каражаттары жанкечтилердин бири кыргыз жараны экенин жазышкан, бирок бул маалымат расмий тактала элек. Учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдоодо.
Ошондой эле 3-июль күнү эле түркиялык ЖМКлар Стамбулдагы аэропортто Украинадан учуп келген 2 адам кармалганын кабарлашкан. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөсү деп шектелүүдө жана алардын жүгүнөн аскер кийимдери, снайпердик дүрбүлөр, башка адамдардын аты-жөнүнө жазылган кыргыз паспорттору менен туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр табылган. Сурак учурунда шектүүлөр Сирия жана Иракка бара жатышканын, документтер ал жактагы аялдар менен жаңы төрөлгөн балдарга даярдалганын айтышкан.
Ушул жылдын май айында эле дал ушул Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропорттон 98 уйгур жасалма кыргыз паспорттору менен кармалган болчу. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев "Супер-Инфого" берген маегинде: "Мындай окуяларды болтурбоо үчүн эң башкы көрүлүп жаткан аракет – бул биометрикалык паспорт. Биометрикалык паспорттордун жасалмасын жасоо мүмкүн эмес",- деген.
Албетте, жогорудагы 2 шектүү жасалма кыргыз паспорттору менен кармалыштыбы же жокпу, анын дайыны жакын арада белгилүү болот. Бирок кыргыз өлкөсү жасалма документтерди чыгаруучу фабрика деп жаман жагынан атыкканы тиешелүү чараларды чукул көрүүгө жана жазаны катаал кылууга түртпөй жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан