Социалдык фонддун төрагасы Нурдин Ибраев кызматынан бошотулуп, анын ордуна ТЕҢИЗБЕК АБЖАПАРОВ дайындалды. Абжапаров аталган фонддун төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Өлкөдө ПСИХИКАЛЫК жактан жабыр тарткан 70 433 адам каттоодо турат. Алардын 5864ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.
Өзбекстанга таандык болуп келип, быйыл кыргыз өкмөтүнө өткөрүлгөн төрт ПАНСИОНАТТЫН үчөөнө кыргызча ат берилди. Эми алар "Бостери" ("Золотые пески"), "Алтын жай" ("Рохат"), "Эне-Сай" ("Дилором") деп аталат. Ал эми "Бустон" пансионатынын аталышы өзгөртүлгөн жок.
Мамлекеттик ИПОТЕКАЛЫК компаниядан 93 адам насыя алды. Жалпысынан 4741 адам насыя алуу боюнча арыз менен кайрылган.
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө 172 миңден ашуун МАЙЫП адам бар, алардын 28 миңи 18 жашка чыга электер.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку балл менен 52 алтын сертификат алгандардын 12си Бишкек шаарындагы №-61-МЕКТЕПТИН окуучусу болуп саналат.
Июнь айында өлкө ичинде 20 киши сууга чөгүп каза тапты. Анын 60 пайызы Чоң Чүй каналында ЧӨГҮП ӨЛГӨНДӨР. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
Бишкек шаарынын тургундарынын керектөөсү үчүн "ТЕЗ ЖАРДАМ" кызматындагы бригаданын санын дээрлик 3 эсеге көбөйтүү керек. Учурда 38 бригада иштейт. Врачтардын жетишсиздигинен норма боюнча 11 чакырууга эмес, 19 чакырууга барышат.
1-июлга карата 3 миңге жакын жаран өз үйүн КАМСЫЗДАНДЫРДЫ. Анын 2 миңге чукулу айыл жеринде жашагандар болуп саналат.
Быйылкы жылы 62 миңден ашуун окуучу мектептерди аяктады. Бирок анын 25 миңи гана ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН керектүү босоголук баллынан өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева айтты.
Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Кыргыз Республикасына Германиянын канцлери АНГЕЛА МЕРКЕЛЬ иш сапары менен келет. Анын сапары 13-14-июлга пландалганын Президенттик аппараттан билдиришти.
2016-жылдын январь-март айларынын аралыгында өлкөдө 55 миңден ашуун адам ар кандай насыялык мекемелерден 2 миллиард 726 миң сомдон ашуун НАСЫЯ алышкан. Бул боюнча Мамлекеттик статистикалык комитет маалымдайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.