КАРА МАСКА КИМДЕРГЕ ЖАНА ЭМНЕ ҮЧҮН КОЛДОНУЛАТ?

ЭМНЕ ҮЧҮН КАРА?

Кара маска-плёнкалар 3 түрдүү чыгарылат: кара косметикалык чопо менен, активдештирилген көмүр (мунун да өңү кара) жана дары баткак менен. Андыктан өңүнө карата кара маска аталып кеткен. Маска-плёнкалардын курамын косметикалык фирмалар түрдүү түзүшөт. Мисалы, учурда Кытайдан келип жаткандарынын бир түрүнүн курамы бамбук көмүрү, B5 провитамини жана табигый витаминдер комплексинен турат.

КИМДЕР ҮЧҮН КОЛДОНУЛАТ?

Упа түрүндөгү кара маска да, маска-плёнкалар да көйгөйлүү беттер үчүн колдонулат. Башкача айтканда, кара чекиттер (комедон), майда безетки же бүдүрчөлөр, май шишиктер бар, бет терисинин тешикчелери кеңейип кеткен майлуу беттерге. Андыктан бети кургак жана калыптагыдайларга, бетинде жарасы жана купероз оорусу (майда кан тамырлар кызарып көрүнүп турат) барларга болбойт! Бет териси аралаштарга бетинин майлуу бөлүктөрүнө гана коюуга болот.
Бетиндеги безеткилер абдан көптөр жана безеткилери чоңдор, алгач косметикалык салонго барып, безеткини дарылатып-айыктырып алып, анан гана колдонушу шарт.

ТААСИРИ КАНДАЙ?

  • Бет теринин клеткаларында зат жана кан алмашууну жакшыртуу менен, майда бырыштарды жазат.
  • Клеткаларга пайдалуу минералдарды берип, өзүнө ууларды жана шлактарды сиңирип алат.
  • Беттин өңүн жакшыртып, терини жылмакай кылат.
  • Майда безетки жана бүдүрчөлөрдүн санын азайтуу менен жок кылат.
  • Беттеги сезгенүүнү кетирип, бет терисиндеги тешикчелерди кичирейтет.
  • Бет терисинин алдындагы май бездеринин иштешин калыптандырат. Андыктан майлар ашыкча иштелип чыкпай калат.
  • Беттин майланып жылтыроосун, шишигенин жоготот.
  • Кара чекиттерди кетирет.

КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ

  • Алгач маскадан аллергия болбойсузбу текшерип алыңыз. Ал үчүн масканы билектин ич жагына сүйкөп 10 мүнөт коюңуз. Эгер аллергия болбосоңуз колдоно бериңиз.
  • Бетти тазалап жууп, бууга кармоо же душка (ванна) түшүү керек. Таза болбосо сүлгүнү жылуу сууга нымдап алып, аны бетке 5-7 мүнөт кармаңыз. Жылуу суу беттеги тешикчелерди кеңейтип, терини нымдаштырып маскага бетти даярдайт.
  • Масканы көз айланасына тийгизбей бетке жаап, 15-20 мүнөт кармаңыз. Андан көп кармасаңыз маска өтө кургап кетип, сыйрып салуу кыйындайт, бет тери да чоюлуп оорутат. Эгер убагында сыйрый албай калсаңыз анда үстүнөн бир аз нымдап туруп, анан сыйрыңыз. Сыйрууну бир четинен баштоо керек.
  • Эми масканын калдыктарын жууп, нымдандыруучу кремди коюп, 1-2 саат күнгө чыкпай туруу кажет.
  • Аптасына 1-2 ирет колдонулат.

Бишкектеги баалары чыгарылган фирмаларына карап 950дөн 2500 сомго чейин.

ҮЙ ШАРТЫНДА КАРА МАСКА ЖАСОО ЫКМАЛАРЫ

Маска үчүн керектүүлөрдү сатып келип, өзүңүз жасап колдонсоңуз да болот. Бирок булар маска-плёнка эмес, катардагы эле маскалар болот.

КАРА ЧОПО МЕНЕН
Классикалык. Кара чопо упасын (порошок) сатып алып, ага бир аз суу кошуп, коюулугун каймактай кылып бетке жабасыз.
Бал жана алоэ менен. Кара чопонун 1 аш кашык упасына алманын 1 чай кашык пюресин, 1 чай кашык алоэ ширесин, 1 чай кашык балды (балга аллергия жок болсо!) кошуп ботко жасап алып, бетке жабасыз.

АКТИВДЕШТИРИЛГЕН КӨМҮР ЖЕЛАТИН МЕНЕН
Активдештирилген көмүрдүн 1 таблеткасын упадай талкалап, ага 1 чай кашык косметикалык кара чопо, 1 аш кашык жылуу сүт, 1 чай кашык желатинди кошуп, ботко жасап бетке жабасыз.
Йогурт менен. 1 таблетка активдештирилген көмүрдү талкалап, ага 1 чай кашык йогуртту, 4-5 тамчы лимон ширесин кошуп, ботко жасап бетке жабасыз.
Маскадан кийин бетти жылуу суу менен жууп, крем коё бересиз. 1-2 саат күнгө чыкпай турасыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
owtu
2016-07-11 09:47:38
Кара маска интернетти жардыга кайсы сайтка кирбейин кыштан ашкан комурдой чыга калат
+5
gulsara2682
2016-07-11 11:37:34
Баасы канчадан? Жакшы кенеш экен
0
nur1975
2016-07-11 19:22:44
саламатсызбы админ кара масканы кантип кайсыл жерден алсак болт айтып койосуздарбы?рахмат иштериниздерге ийгилик.
0
Tahisha
2016-07-11 19:32:38
Админ кара масканы кайсы жерден жана баасы канча айтып коёсуздарбы сураныч. Коптон бери издеп журом. Ушул масканы
0
gulkar
2016-07-12 03:22:09
Пайдалуу кенеш экен.Мен уй-шартында озум эле жасап,колдоном.
0
Ada3003
2016-07-12 08:18:03
Мен интернеттен заказ кылсам акчасын кымбат айтышты. Москвадан келет экен. Бишкеетен эле заказ кылалы адрес бериниздер сураныч....
0
zara-919
2016-07-14 03:25:33
Кара маска интернет-магазиндерде гана сатылып атат. Эйвондун каталогуна да чыгыптыр бир тюбиктегиси 169 руб экен бирок интернеттегидейби билбейм.
0
lovely_kg
2016-07-18 20:59:21
Кайдан алса болот бул масканы?
0
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан