Дэниел Дежарден, «Кумтөр Голд Компанинин» президенти: «ИШТИН БААРЫ АЛДЫДА»

Мөөнөтүчыгарда (30-июнда Кумтөр кенинде тоо-кен иштерин жүргүзүүгө уруксат кагаздын мөөнөтүаяктамак) компания КТЧКжТЧМАдан үзгүлтүксүз иштөөнүкамсыздаган Кумтөр кениндеги Борбордук карьерди иштетүүнүн атайын долбооруна экологиялык экспертизаны (макулдашуусун) алды. Буга чейин өндүрүштүк коопсуздук жана кен байлыктарды коргоо нормалары боюнча экспертизалар алынган. Башкача айтканда, "Кумтөр" 2016-жылдын аягына чейин Борбордук карьерди үзгүлтүксүз иштетүүгө Кыргызстандын мамлекеттик органдары тастыктаган расмий укугуна ээ.
Жүрүп жаткан соттук териштирүүлөрдүэске алсак, өлкөнүн эң ири алтын кен ишканасы айлана-чөйрөнүкоргоо боюнча ведомство менен териштирүүлөр маалында КТЧКжТЧМАнын чечимине комментарий берүүүчүн «Кумтөр Голд Компанинин» президенти Дэниел Дежарден мырзаны кепке тарттык.

– Дежарден мырза, КТЧКжТЧМА менен компаниянын соттук териштирүүлөрүдагы эле жүрүп жатканына карабастан, ишти улантууга уруксаттарды алдыңар, бул эмнеге байланыштуу?
– Биздин компания өлкөнүн мыйзамдуу талаптарынын бардыгын аткарарын адистер түшүнүп билет деп ойлойм, андыктан уруксат бербөөгө негиз жок болчу. Алар ошондой эле кендин токтошу компания үчүн эле эмес, биздин көптөгөн кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү, Ысык-Көл облусу жана жалпы өлкө экономикасы үчүн көйгөйлүүмаселе болорун да түшүнүшөт. Кумтөрдөгүөндүрүштүн убактылуу токтошу кыска мөөнөткө болсо да "Кумтөр" долбоорунун экономикалык баалуулугун толук жоготууга чейинки, узакка созулган орчундуу өндүрүштүк жана финансылык кесепеттерге алып келиши мүмкүн эле. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, өлкөнүн казынасы Кумтөр кениндеги иштин 1-июлдан 31-декабрга чейин токтоосунан 120 миллион АКШ долларынан ашуун жоготууга учурамак.
Бийик тоолуу шартта Кумтөр кенин иштетүүбир катар геотехникалык факторлорго байланыштуу татаал процесс: карьердин каптал кырларынын туруксуздугу, суунун сарыгып түшүшүжана муздун кыймылы. Бул маселелерди жөндөөсүз жана күнүмдүк көзөмөлсүз калтырып, иштөөнүтоктотуу кендин техникалык абалынын кескин начарлашына алып барып, кен байлык денесин толук жоготууга чейин жеткирмек.
Андан сырткары кен ишкананын өмүр циклинин ортосунда иштетүүнүтоктотуу экологиялык катастрофа тобокелине алып келерин да адистер жакшы түшүнөт. Мындай жагдайда бардык кызыкдар тараптарга компромисстик чечимдерди издөөгө туура келди.
Азыр Кумтөр 2016-жылдын экинчи жарым жылдыгында ишкананын үзгүлтүксүз иштешине талап кылынган бардык уруксат кагаздарына жана макулдуктарга ээ. Эми биз быйылкы жылга пландалган өндүрүштүк максаттарга жетүүгө ишенимибиз артты. Учурдан пайдаланып компаниянын кызматкерлерине, өз ишинин кесипкөйлөрүнө, катуу стресс жана татаал учурда бирдиктүүкоманда катары аракеттенгени үчүн ыраазычылык билдирем. Алдыда бизди дагы бир топ татаал учурлар күтүп турганына карабастан, 2016-жылга уруксаттарды алуу чоң жетишкендигибиз жана орчундуу кадам катары бааланышы керек.

– Мындай учурда профсоюз менен алака кандай түзүлдү?
– Профсоюздар, биздин кызматкерлер компаниянын үзгүлтүксүз иштөөсүүчүн жигердүүколдоо көрсөтүп, өзүнүн пикирине бекем туруп, миңдеген үй-бүлөлөрдүжана иш орундарын коргоп калуу үчүн далалат кылып, кесипкөйлүгүн жана өз ишине берилгендигин далилдешти. Аларга чын дилден алкыш! Компания туруктуу өнүктүрүүбоюнча долбоорлорду ишке ашырып жаткан Ысык-Көл облусунун тургундары менен жамааттардын өкүлдөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдирем.

– Эми Ысык-Көл облусунун тургундарын кызыктырган суроо, «Кумтөр Голд Компани» социалдык долбоорлорун ишке ашырууну улантабы?
– Ишкананын стабилдүүиштеп, андан аркы өнүгүүсүн камсыздап, компания буга чейин алган бардык милдеттенмелерин аткарууга жоопкерчилик менен мамиле кылмакчы. Анын ичинде коомчулук алдында дагы. Ысык-Көл облусундагы социалдык-экономикалык секторлорун колдогон долбоорлорду жүзөгө ашырууга дайыма чоң суммадагы каражат бөлүп турат. 2026-жылы компаниянын операциялык аракеттенүүсүаяктаган маалда азыр Кумтөр тарабынан колдоого алынган долбоорлор менен демилгелер туруктуулукка ээ болуп, өз алдынча кирешелүүиштеп, жергиликтүүбюджеттер менен облустун калкына пайда алып келген деңгээлге жетиши биз үчүн абдан маанилүү.
Тилекке каршы, биз айрым милдеттенмелерибизди аткарууда кыйынчылыктарга туш болдук. Соттун чечими менен компания кайрымдуулукка каражат бөлө албайт. Ушундай чечим үчүн биз учурда балдар үйлөрүн, коомдук демилгелер менен жаштардын чакан топторуна жардам бере албай турганыбыз мен үчүн абдан өкүнүчтүү.

– Акыркы суроо, жалпысынан компаниянын келечегине кандай карайсыз?
– Баарынан мурда «Кумтөр» менен «Центерра» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен талаш суроолорду чечүүүчүн конструктивдүүдиалог жүргүзүүгө даяр. Ал толук мүмкүн деп ишенем жана биз акыры келишпестиктерди жоюп, компромисс таба алабыз.
«Центерра» да, кыргыз өкмөтүда эки тараптуу пайда алып келген өнөктөштүк принциптерине негиздеп мамиле курат деп күтөм. Кызматташуу Кыргызстан үчүн да, «Центерра» үчүн да, «Кумтөр» жана бардык негизги өнөктөштөр үчүн кирешелүүболууга шарт. Биздин жалпы кызыкчылыктарыбыз – акциялардын наркы өсүп, кен ишкана үзгүлтүксүз иштеп, Кыргызстан бюджетине учурунда милдеттүүтөлөмдөрдүн аткарылышы.
Мен кыргызстандыктарды терең урматтайм жана «Кумтөр» долбоорундагы бардык кызыкдар тараптардын бакубаттуулугу үчүн жигердүүиштөөгө даярбыз деп билдирем.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
suban78
2016-07-12 06:33:57
Акча тушкону го жакшы, эртен кендин запасы бутуп булар кеткенде калган зыяндуу заттарды озубуз тейлешибиз керек. Негизи эле кыргыз эли бир шорго жаралган эл окшойбуз. Урандын калдыктары, коррупция, элибиздин жакырдыгы, мутант туулган жандыктар эсептей берсен
+2
suban78
2016-07-12 06:37:04
suban78, караап отуруп озбектерди, казактарды, орустарды накта патриоттор экен деп койдум. Эли учун кандай нерселерди жасап атышат.
+1
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан