ПРЕЗИДЕНТТЕР ДА ФУТБОЛ КӨРҮШӨТ
Евро чемпиондугундагы Исландиянын ийгилиги, дүйнөнү таң калтырганы ар өлкөнүн президенттерин кош калтырган жок. Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Исландия президенти Оулавюр Рагнар Гримссонду жана анын футболчуларын ийгиликтүүоюну менен куттуктап катын жолдоду. Анда: "Командалык күчтүүэрк менен намыс, керемет оюн, күйөрмандардын бир кишидей колдоосу, албетте, урматтоо жана суктануу сезимин жаратат",- деп айтылат. Муну улай бир канча өлкөлөрдүн президенттери да куттуктап жатышкан учуру.
Июнь айында президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен вулкандар өлкөсүнүн келечектеги президенти Гудни Йоханнессон Франция-Исландия беттешинде стадиондогу VIP-орундан баш тартып, күйөрмандар менен чогуу колдоого алды. Ал эми бул беттеште Франсуа Олланд стадиондо командасын колдоп, Жиру менен Гризманндын голуна ыраазы болуп отурду.
Орусиянын Евро чемпиондугунда ийгиликсиз ойногону тууралуу Владимир Путин үн каткан эмес. "Уэльс менен болгон оюндан кийин орус хоккейи тууралуу гана ойлор келет" – өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин бул сөзүжетиштүүболгондой.
"ОЗИЛЬ МЕНЕН КРООС АЛГА СҮРӨЙТ"
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун убакыты тартыш болгондуктан көпчүлүк оюндарды көрүүгө мүмкүн болбой жатса да, Германия футболчуларына күйөрмандык кылып жаткандыгын билдирди.
Белгилүүырчы Омар да Германияга башынан эле жан тартып жатканын белгилейт.
– Бул чемпиондукта Германия курама командасын колдоп жатам. Мага жаккан Месут Озиль жана Тони Кроос сыяктуу футболчулар Дүйнө чемпиондорун алдыга сүрөшүкерек. Италияны пенальти сериясында утканы менен, жарым финалда Францияны утат деп ойлойм. Европа чемпиондугун Германия багынтат.
"ГЕРМАНИЯ КҮЧТҮҮЛҮГҮН КӨРСӨТҮП ЖАТАТ"
"Дордой" футбол клубунун машыктыруучусу Руслан Сыдыков ой бөлүшөт:
– Бул мелдеште Дүйнө чемпиондору Германия курама командасы канчалык күчтүүэкендигин көрсөтүп жатат. Мыкты ойногон Италия менен бул команданын тиреши финалдык беттеш сыяктуу элес калтырды. Эми үй ээлери Франция менен болгон оюн да кызыктуу өтөт деп ишенем. Муну менен катар Уэльс менен Португалиянын жарым финалга чыгышы таң калтырды.
Өлкөбүздүн футбол боюнча чемпиондугу – Топ-Лиганын учурдагы мыкты бомбардирлеринин бири, "Алга" клубунун футболчусу Мирбек Ахматалиев Франция командасына ишенет. "Евро чемпиондугун кызыгуу менен көрүп жаткан учурум. Күйөрмандык кылып жаткан командам Франция. Жылдыздуу курамы бар бул команда өз үйүндө жеңет деп ишенем".
"ПАЙЕНИН ОЙНОГОНУ ЖАКТЫ"
Самат Эркинбек уулу, тамашоучу:
– "Евро-2016" оюндарында Франция курамасына күйөрмандык кылып жатам. Негизи мен утулуп бараткан командага көп жан тартам. Бирок бул жолкусунда француздар мелдешти өз мекенинде өткөрүп жаткандыктан алардын жеңишин каалайм. Пайе деген футболчусунун оюну аябай жакты. Мени менен кошулуп келинчегим да футболду жакшы түшүнүп калды, азыр ал менден өткөн фанатка айланды.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg