ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМ ЖАНА БИЗНЕС УНИВЕРСИТЕТИ

Окуу жайлар абитуриенттерге окуунун эки вариантын сунуш кылышат: бюджеттик жана келишимдик форманы, андан башка жолу жок. Бирок студент менен окуу жайларынын өз ара катнашынын буга чейинки колдонулуп келген системасынын жетишсиздигин убакыт көрсөттү. Буга жумшалган сиздин акча каражатыңыз биротоло кетет.

Окутуунун стандарттык схемасы, мисалы, төмөндөгүдөй болот:

  • Контракт (келишим) үчүн төлөм: 1 жылга 30-40 миң сом. 4 жылга 120-160 миң сом.
  • Жашоого: Студент университеттин жатаканасында же батирлерде жашайт, бул үчүн 1 айга 5 миң сом же андан да көбүрөөк акча төлөйт, 10 айга 50 миң сомдон ашык, 4 жылга 200 миң сомдон да ашык каражат кетет.
  • Тамак-аш, түштөнүүгө: 1 күндө 100 сом, жылына 50 миң, ал эми окуу аягына чейин, 4 жыл үчүн 200 миң сом төлөнөт.

Жыйынтыгында 4 жылга 600 миң сомдон ашуун акча сарпталат.

Окуу жайын бүткөн соң бүтүрүүчүүчүн "кайда жашайм, жумушту кайдан табам, окууга сарпталган акча каражатынын ордун кантип толтурам?" деген маселелер келип чыгат.
Бул маселелерди чечүү– Эл аралык илим жана бизнес университетинин программалары болуп саналат. Биз Кыргызстан үчүн сейрек кездешүүчү, студенттерди жана окуу жайынын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо программасын сунуштайбыз.
Биз менен бирге болуп, сиздер өзүңүздөрдүн акчаңызды сактап каласыздар, билим алуу менен бирге социалдык колдоого ээ болосуздар. Мындай мүмкүнчүлүктөр башка жогорку окуу жайларында эмес, мамлекетте да жок.

Эл аралык илим жана бизнес университетинин программалары:

  1. «Ипотека»: батирлер 5 жылга узартылган мөөнөткө берилет – биринчи төлөм -30%, ай сайын взнос (акы) төлөнөт, 2 жылдан кийин батирге жайгашат;
  2. «Депозит»: 10 000 АКШ доллары пайызсыз төлөнөт. 4 жылдан кийин биз диплом менен бирге бизге салган 10 000 доллар акчаңызды кайтарып беребиз.

Ошону менен бирге университет төмөнкүлөрдүсунуш кылат:

  • Акысыз сапаттуу билим;
  • Жатаканада акысыз бекер жашоо;
  • Күнүгө түштө акысыз бекер тамактануу;
  • Акысыз медициналык кароодон өтүү;
  • Университеттин уюмдарына жана ишканаларына жумушка алынуу;
  • Start Up: студенттердин идеяларын жана бизнес-долбоорлорун каржылоо:

3-курстун студенттери «Эл аралык илим жана бизнес университетинин жаш ишкерлер фондун» колдоо үчүн өздөрүнүн бизнес-долбоорлорун берсе болот. Эгерде эксперттик кеңеш долбоор боюнча оң чечимдерди кабыл алса, анда аны биз акча каражаты менен камсыз кылабыз. 4-курста студент өзүнүн долбоорун ишке ашырып, бизнесин ачат. 4 жылдан соң университеттен өзүнүн бизнеси менен кетип, андан ары ишин уланта алат.
Ошентип кадимки жогорку окуу жайларынын студенти ар дайым акча төлөп окуп жүрүп, жогорку окуу жайын бүтүргөндө анын чыгымдары эле калса, биздин университеттен студенттер сапаттуу билим (диплом), менчик батири (же өзүнүн акчасы менен) жана менчик бизнеси менен кетет.
Анын үстүнө студент 4 жыл бою тамакка жана жатаканага акы төлөбөй жашайт.
Университеттин миссиясы – экономикада жана коомдо позитивдүүөзгөрүүлөрдүкамсыз кылууга жөндөмдүү, изилдөөнү, долбоорлоону жана ишкерликти айкалыштыра билген жаңы формациядагы адистерди даярдоо болуп саналат.
Университеттин ректору – ОБКБ университеттик лигаларынын президенти, Урал мамлекеттик экономикалык (Екатеринбург) университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору, геология-минералогия илимдеринин доктору, Россиялык табигый илимдер академиясынын анык мүчөсү, АНО «Чоң Евразия университеттик комплексинин» президенти Федоров М.В. болуп саналат.
Университет төмөнкүадистиктер жана багыттар боюнча билим берүүишмердүүлүгүнүн лицензияларына ээ.

Университет:

  • Экономика (профилдер: финансы жана кредит, салык жана салык салуу, бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит, ислам экономикасы жана каржылоосу)
  • Менеджмент
  • Бизнести башкаруу
  • Дарылоо иши (лечебное дело)

Колледж:

  • Банк иштери
  • Каржылоо (финансы)
  • Экономика жана бухгалтердик эсеп
  • Мейманкана сервиси
  • Менеджмент
  • Туризм
  • Медайымдык иш (сестринское дело)

Лицей:

  • 1-9-класстар

Биздин дарегибиз:
Бишкек шаары, Шабдан баатыр көчөсү1/1 (мурдагы Алматы /Горький көчөсүменен кесилишет).
Тел.: 0312 53-10-22,
0705 53-10-22 (чалуу акысыз),
0773 20-14-84,
0777 80-78-64
E-mail: munib@munib.org
www.munib.org

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Karakol-3922
2016-07-11 14:44:45
Соонун го созсуз тапшырыш керек экен
0
Kroxa
2016-07-14 09:51:06
Мм кызыкгып калдым кызымды алып барсамбы оруе чектелуу эмеспи
0
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан