"ИЧКИЧТЕРДИН ҮЙҮНӨ БАРЫП ЖАШООМ ӨЗГӨРДҮ"

– Милицияда иштечүмүн. Оңой жумуш эмес. Күндүр-түндүр эле ызы-чуунун үстүндө жүрмөй. Бир ирет "коңшуларыбыз тынчтык бербей жатат" деген чакыруу келип, шаардын чок ортосундагы көп кабаттуу үйгө бардык. Мындай чакыруулар толтура эле болот. Кептин баары аракта да. Андайда масты алып келип, бир жумадай камап салабыз.
Айткандай эле, мас экен. Күйөөсү-аялы экөө тең жапжаш кыргыздар, экөө тең мас. Ызы-чуу түшүп мушташышкан окшойт. Үй ичинин баары идиштин сыныгы. Күйөөсүнүн колун кайрып алып жөнөгөнү калганбыз, капыстан эле эшиги жабык турган бөлмөдөн добуш угулду. Карап коёюнчу деп ача салып жүрөгүм үшүй түштү.
Бөлмөдө төрт жаштардагы кыз, анан эки жаштардагы эркек бала жүргөн экен. Экөө тең мени карап алактап коркуп калышты. Мен жаш балдардын мынчалык муңдуу көздөрүн көргөн эмесмин. Эч кандай баёолук, адамды кызыгып, күлүп кароо деген жок, коркунуч гана бар. Экөөнүн тең кийимдери кир, чачтары өсүп, уйпаланган, майланышкан. Эркек баланын алдында эч нерсе жок. Ысык сууга күйгөн окшойт, буттарында сууга толгон ыйлаакчалар.
– Силердин балдарыңарбы?
– Ооба,- аял көңүлсүз жооп берди. – Мен силерди тынч отургула дебедим беле?!- деп кызды баштан ары чаап жиберди. Нес болуп эле туруп калдым. Кыз басып барып жерде турган табакка кашык салды да: – Кел, Нуйчик, ап де,- деп инисин чакырып ага тамак бере баштады. Тамагы кадимки эле кукси. Бала отурбай жеп жатты. Кыязы, бутундагы ыйлаакчалары ооруйт окшойт.
– Бул эмне кылганыңар?! Балдардын кебетеси кантет?!
– Байке, сиздин ишиңиз эмне?!
Чыдамым түгөндү. Билбейм кандай ойлойсуңар, бирок өзүмдү кармай албай койдум. Тарс эттире келинди жаактан ары чаптым. Күйөөсү жүткүндү. Аны баса калып эзелки өчүм бар кишидей жанчып салдым. Экөөнү тең эшикке сүйрөп чыгып кайра кирсем, баягы кичине кыз инисин артына калкалап "байке, уйушпаңызчы? Нуйчикке тийбеңизчи?" деп ыйлап жиберди. А бул байкуштардын күнөөсү эмнеде эле? Мен өлүп жаткан адамдарды көргөм, алардын жакындары ээ-жаа бербей өксүп ыйлагандарын көргөм. Бирок көзүмдөн жаш чыккан эмес. Азыр бети-башы кирден ботко болуп, балалык деген эмне экенин билбей, таш боор ата-энесинин токмогун кадимки эле нерседей кабылдап, бирок ошондо да өзүнөн алсыз, кичине бир тууганына кам көрүп, аны калкалап турган кызды көрүп ыйлап жибердим. Көрсө, күчтүү адамдардын алдында ыйлайт экенбиз. Мен аны ошондо түшүндүм. Экөөнү кучактап алып ыйлай бердим. Токтоно албай койдум.
Балдарды убактылуу балдар үйүнө алып кетишти. А тиги эрди-катын "бизди сабады" деп үстүмдөн арыз жазып коюшуптур. Жумушумдан алып коюшту. Мейли, өзүм деле кетмекмин, ага кейиген жокмун. Оюм башкада болчу. Мен тиги эки балакайды таштап кете алмак эмесмин. Келинчегим колдоп, ары-бери чуркап жүрүп акыры экөөнү тең өзүмө каттатып багып алдым.
Билесиңерби, мен азыр абдан бактылуумун. Кызым Анель өзгөчө боорукер, күйүмдүү жан, 1-класста окуп жатат. Уулум Нурдан апасынын жанынан карыш жылбайт. Кээде Анель "сен бизди кайра алып барып койбойсуңбу?" деп жүрөктү эзет. "Жок, эми силерди эч кимге бербейм! Силерсиз кантип жашайм?!" деп жооткотом. Азыр алар ини күтүп жатышат. Жакында төрөт үйүнө жасанып алып барабыз...

Бакыт
Марат Жанбараков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (59)
burulsun33
2016-07-14 00:52:10
Мен да ыйладым,соз жок абдан жакшы адам экенсиз,бактылуу болунуз.
+1
meka.x
2016-07-14 03:38:47
Азамтсын жубайын экооно узуун омур берсин,бактылуу уй булолодон болгула
+2
1985lana
2016-07-14 22:40:36
Козумон жаштарым молт, молт акты...
+1
ramawka28
2016-07-15 19:16:02
мен окуп алып ыйладым...
0
miss_madi
2016-07-16 15:45:42
Атын очкур аракка баш ийген адамдар кобойуп кетти аянычтуу....
+2
Kymbat-02-04
2016-07-16 17:26:07
Кудайым ай, мындай жаш балдар канча??? Аларга да сиздей мээрим төккөн адам жолукса экен. Баарыбызга ыйман ынсап берсин!
+1
Real1949
2016-07-17 00:10:15
Адамдык сапаты бар адамдар да бар экен милиция болуп иштеген. Туура кылыпсыз!
+2
ApSaLaM_KaRyBeK_UuLu
2016-07-20 22:39:46
Азаматсыз байке алла ыраазы болсун сизден балдарыныздын, жубайыныздын омуру узун болсун.
+1
Maxabat8778
2016-07-21 00:40:57
Аллах ыраазы болсун сизге. Ошол балдардын урматын корунуз. Козумон жаш тегеренди окуганда.
0
kanykei95
2016-08-17 08:50:32
baktyluu bolunuzdar
0
Askar9895
2016-09-10 06:35:44
Эркексин байке. Узурун кор туболуко.
0
kanat_myrza
2016-10-09 02:57:48
Чындыгында козго жаш келет экен. Балдарыныздын бактысын корунуз. Сиздей адамдар коп болсун...
0
i-nurbek
2016-11-06 01:06:52
Окуп алып аябай козумо жаш тегеренип озумду зорго кармап калдым.Ылайым сиздей адамдар кобойо берсин
0
suban78
2017-01-26 20:10:34
Оой козумон кадимкидей жаш агып, башым ооруп кетти го. Эки уч сыйра окуп чыктым, ар бир окуганда жаш толуп калып атты козумо.
0
Respect3101
2017-04-06 09:42:49
Бакыт каалайм. Жакшы адамдардын бар экенине дагы бир жолу ишендим.
+1
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан