ЖЕР-КӨЧКҮЛҮКТӨР "ЖЕРИЛГЕН КАЛКПЫЗ" ДЕШЕТ

"Ааламга жол айылдан башталат" деген жакшы кеп бар. Кайда жүрбөйлү баарыбызды тең айылыбыз көрүнбөс жип менен байлап, көк майсаңы көксөтүп турат эмеспи. Гезит бетине өлкөдөгү түрдүү айылдардын баянын жарыялап турабыз. Андыктан сиздин айылыңызга да барып калышыбыз алыс эмес. Ал эми бул сапар Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Кара-Кужур айыл өкмөтүнө караштуу Жер-Көчкү айылында болуп кайттык.

АЛТЫН КЕНДЕРГЕ ЖАКЫН АЙЫЛДАРДЫН БИРИ

Жергиликтүү калк "Кара-Кужур айыл өкмөтүн Нарын районуна туура эмес бөлгөн. Бизди Кочкор районуна эле кошуп коюшса жакшы болмок" дешет. Анткени Нарын районуна караштуу айылдардын дээрлик бардыгына Долон ашуусун ашып өтүп анан барабыз. Ал эми Кара-Кужур айыл аймагына Бишкектен бара жаткан адам Долонду ашпай эле барат. Аталган айыл өкмөткө Лахол, Жер-Көчкүайылдары кирет. Негизги тиричилиги – мал чарбачылык. Жер-Көчкү айылы деңиз деңгээлинен 3400 метр бийиктикте жайгашкан. Бир тарабында "Акташ" жана "Солтон-Сары" алтын кендери болсо, 10 чакырым аралыкта "Кумтөр" алтын кени жайгашкан. Айыл эли атам замандан бери эле мөңгүдөн агып түшкөн тоо суусунан ичип жашап келишет. Айылда 130дай түтүн бар.

"БООРУ ООРУЛУУЛАР КӨП"

Мен барган үйдө айылдын аксакалдары, орозо кармаган келин-кесек чогулуп ооз ачууга даярдык көрүп жатышкан экен. Алар үй ээси Асанкадыр Жартиевдин айткандарын бир ооздон колдоп-коштоп отурушту.

– Мындан 2-3 жыл мурун айылыбыздын бир жашоочусу ооруп, ооруканага барса боорунун жарымынан көбүн курт жеп коюптур. Доктурлар анын дартын альвеококкоз (боордун мите курт оорусу) деп аныктап беришти. Бул дарт адамга малдан, карышкыр, түлкү сыяктуу жандыктардан жугат экен. Ошол дарттан 3 адам көз жумду. 15тен ашык адам боор куртун алып жүрүүчүлөр жана 4-5 адам боорунун жартысын алдырып операция болушту. Тоонун башынан агып түшкөн сууга кишиси деле, ити деле, айтор, айылдагы мен жандык дегендин баары башын салып иче берет. Оорулардын башкы себеби ушул. Айыл өкмөт "200 миң сом чогултсаңар айылдан суу чыгарабыз" дешти. Баягы "чегирткени алына карап канын сор" деген кеп бар эмеспи. Колубуздан келишинче жыйнап жатып 170 миңдин айланасындагы акча чогулду. Эми 30 миң жетпей жатат деп тил эмизип келгени келген. Ушинтип жатып чогулткан акчабызды орто жолдо "сол чөнтөккө" солой салышпаса эле болду деп жатабыз. 2015-жылдагы парламенттик шайлоо алдында депутаттыкка талапкерлер келишип, "шайлоо бүтөрү менен келип суу чыгарабыз" дешкен. Сууну укканда туз сураган койдой болуп добушубузду аябай бергенбиз. Убада кылгандар азыр эл өкүлү болуп парламентте отурушат. Дегеле дайындары жок.
Былтыр арабдар жардам көрсөтөбүз деп айылдын бир жеринен 30 метр тереңдиктен казып суу чыгарып беришкен. Насос электр энергиясы менен иштечү. Анан айыл өкмөтүбүз келип "насоско эсептегичи жок эле электр энергиясы кетип жатат. Экономикага чыгым келтирип жатасыңар" деп туруп кырктырып салган.

"СЫНАЛГЫ КӨРБӨЙБҮЗ"

– Айыл эли дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда эмне жаңылык болуп жатат кабардар эмеспиз. Себеби сыналгы тартпайт. Баарыңар санариптик көрсөтүүгө өтөсүңөр деп антеннабызды жулуп кетишкен. Санариптик көрсөтүүгө өтүүгө баарында эле шарт жок.

Айылда мектеп менен мечиттен башка эч нерсе жок. ФАП салынган деп айтсам туура болбойт го? Айтор, ФАП болот деп контейнер орнотуп беришкен. Анын ичине көлөмдүү 2 аял кирсе, үчүнчүсү батпай сыртта калып калат. Адистер жетишсиз. Жөнөкөй процедураларды билген 2 келин иштейт. Адамдын ден соолугуна ушунча кайдигер мамиле жасалып жаткандан кийин малдыкын айтпай эле коёюн. Ветеринарлар жок болгондуктан малдарыбыз мутант жандыктарды туушат. Буту тайтак, укмуштуу дене мүчөлүү кулундар, бир көздүү улактар туулат. Жан үрөп баккан малың бала салып, анысы аз келгенсип тууттан өлүп калат.

"ЖОЛ АЗАБЫ КЫЙНАП БҮТТҮ"

Дагы бир айыл тургуну Бакас Шүкүрканов Асанкадыр аксакалдын сөзүн улай өз көйгөйүн кошумчалай кетти:

– Өткөндө биздин айылдын контролёру менин электр эсептегичимден цифраларды туура эмес жазып кетиптир. Бир айдан кийин 5000 сом деп дүмүрчөк келди. 100 сомго жетпеген эле акча төлөчүмүн. Билесиңер, айыл жеринде от менен казан, самоор көп иштетилет. Төбө чачыбыз тик туруп эле териштирип калдык. Көрсө, тиги 2 деген санды 7 деп жазып алган экен. Мен эле үйдө бекер жаткансып эми арыз жазып, ал катаны оңдотуш үчүн райондук борборго барып убара тартышым керек экен. Мага ашыкча баш оору жаратып коюп жүрөт тиги. Райондук борборго барыш эле оңой дейсиңби? Кочкорго караштуу болсок бир жөн эле. Дегеле жол азабы деле бизди кыйнап бүткөн.
Айылдыктарга унаа түтпөйт. Райондун борборуна бир барып келгенден кийин өпкө-бооруң аралашып, унааң дагы чарчап калат. Анын үстүнө айылда эч нерсе бышпагандыктан картошкадан бери сатып жейбиз. Анын баарын жүктөп келиш керек. Малга тоют камдоодон башка айдап-себүү иштери жүргүзүлбөйт. Себеби эч нерсе бышпайт. Арпа айдайбыз. Ал баш алганда суук түшөт. Кар басып кала элегинде деп чаап, жыйып алабыз.

"ТЕРИ ООРУСУ МЕНЕН ООРУЙБУЗ"

Бакас аксакалдын "аллергия болуп, денем кычышат" деген сөзүн келиндер жаалап коштоп кетишти. "Мындан 5-10 жыл мурун 2-3 эле адамды кыйнап келген аллергия бар болчу. Азыр, байкасаңыз, ар бир үйдө бирден тери оорусу менен жабыркаган адам бар. Буту-колубуз кычышып, темгил жара, карт болуп кеткен. Айылыбыз суук болгондуктан этек-жеңи кыска кийим деле кийбейбиз. Шаарга барып элге аралашканда колу-буттагы жараларыбыздан уялып корунабыз. Ал тургай чоочун бирөөлөр менен бир дасторконго отуруп калсак тырмана бергенден уялып, барбай, элден чыгып чүнчүп кеткендер бар",- дешти бир ооздон.

"БИР КҮНДӨ 4 МЕЗГИЛДИ ТЕҢ КӨРСӨ БОЛОТ"

Эки сааттык маектешүүдөн кийин эшикке чыгып кеч киргенче айыл аралай бастым. Чындыгында кылайган бир бак жок. Анткен менен жери керемет, көк майсаң шибер, жылга менен таштан ташка урунуп аккан суу. Кырда жайлаган мал жайлоону элестет. Жер-Көчкүдеп аталганы менен бир да жолу жер көчүп, табият кырсыгына чулгабаптыр. Мага гид болгон тестиер балдардын бири менен жолдо катар маектештим.

– Атың ким?
– Эрназар.

– Эмнеге айылыңарда бак жок?
– Өспөйт да.

– Гезит окуйсуңарбы?
– Ооба.

– Почта барбы?
– Жок, гезитти, пенсия менен балдардын акчасын апаларыбыз айылдагы дүкөндөрдөн барып алып келишет. Почточу дүкөндөргө таратып кетет.

– Мектептен деле ушул сууну колдоносуңарбы?
– Ооба. Ушул суудан чай кайнатып беришет, компот ичебиз, тамак жасашат.

– Сууга түшүп ойнойсуңар да, ээ?
– Ооба, чоң суунун башына барып, кээде күн ысыганда көлмө жасап түшөбүз.

– Айылың жөнүндө айтып берчи.
– Тиги турган медпункт. Бул болсо мечит. Суунун бул өйүзүндөгү 2 корпус биздин мектеп. Айылда бир күндө эле 4 мезгилди көрүп койсо болот. 1-2 айдай эле жай болот, анда да бат-баттан жаан жаай берет.

Жогорудагы көйгөйдүн баарын угуп, айыл өкмөткө жолугууну туура көрдүм. Тургундар анын ооруканада экенин айтышты. Калк айтса калп айтпайт. Эптеп тиричилик өткөрүп жаткан айылдын көйгөйүн угуп, алардын арзыбаган акча кетчүсуу маселесин чечип берүүнүн ордуна кээ бир чиновниктер өкмөттүн эсебинен акча бөлдүрүп, бассейнге түшмөкчүбүз деген дымагына каңырыгым түтөп турду. Дагы жакшы, сыналгы көрүшпөйт экен. Антпесе Ак үй-Көк үйдөгү"жума намазга баралы-барбайлы, кызматтык унаа менен батир алалы, кресло, килем алалы" деген талкууларды угушса эмне болмок?

"Мал-жан, ит-куштун баары ушул суудан ичебиз".

"Айылдык ФАП. Ичине көлөмдүү 2 аял кирсе үчүнчүсү батпай калат".

Майып туулуп, жайлоого жетпей үйүрдөн калган кулун. Кожойкеси упчу менен сүт берип багат.

Бала салган бээнин мутант кулуну. Тилекке каршы, энеси да өлүп калыптыр.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
sansho
2016-07-11 11:59:09
Солтон Сары алтын комбинаты тууралуу курч чагылдыруу абзел. Ушу кен иштегени карысынан жашына чейин аллергия болгону ырас. ошондой эле мурун Ак Таш комбинатын иштеткенде ошол комбинаттын камаздары Кара Кужурга барчу жолдун тамтыгын чыгарышкан. Ал жолго шагыл төгүп оңдош керек эле. Тилекке каршы басырылган жолду ого бетер басырылтып грейдер келип сүрүп аңгыл дөңгүл кылып баса берет.
+5
sansho
2016-07-11 12:03:25
Гүлжан Асанкожоева Ашуу Төр, Тармал Төр деген жайлоолорунда болдуңарбы. Тармал Төрдүн чөбү кадимкидей тармал өсөт. Наркы Солтон Сары жайлоосунда болуп алтын комбинаттын суусу берки чоң сууга кошулбаын иликтениши керек. Анткени ал чоң суу ушул Чүй суусунун бир башаты болуп саналат.
+2
sansho
2016-07-11 12:07:13
Берки Лахол айылында болдуңарбы. негизи бул аймакта СССР кезинде малдын саны ыксыз өскөн. Кийин чарба тараганы жеке менчикке малды толук таратып жибрбей сакталып кийин 2005-жылы революциядан кийин эл чоңдор жегенден калган малды бөлүп алышкан. Ушунун айланасындагы чыр эмдигиче чекит коюлбай келет.Чарбаны жеди деген адамдар жооп бербей айыл активистери ак үйгө чейин келишкен болчу. Тилекке каршы айыл аксакалдары бул тууралуу маселе көтөрүшпөптүр да.
+1
belka
2016-07-11 14:18:59
Эки жуз мин деген биздин жепутаттарга Акча деле эмес болсо керек,окуп отуруп канырыгым тутоду,башкасы мейли эле жок дегенде таза суу менен камсыз кылып коюшпайбы. Алтын кендеринен болунгон уу заттар абасы суусу аркылуу таасир этпесе мал жандык мутант болуп туулбайт эле да,дагы адам ит жандуу деген чын да.
+5
arlekino
2016-07-12 17:09:23
Салымбековдун мрамор чыгарган ишканасы бар жалгыз озу эле жолдорун ондоп койгонго кудурети жетет бирок кылбайт. Кемиргени кемирген. Карапайым калк эле которгону которгон
+5
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан