Куралбек Чокоев: "КЕЛЕЧЕГИМ МЕН ҮЧҮН КАРАҢГЫ ТОКОЙ БОЛЧУ"

Куралбек Чокоев учурда эс алуу менен жумушту айкалыштырып Ысык-Көлдө жүрөт. Биз ырчынын туулган күнүндө жолугуп, көл жээгинде алтын балалыгы тууралуу маек курдук.

"ЖАМАН ИШКЕ ДАЙЫМА МЕНИ КҮНӨӨЛӨШЧҮ"

– Менин балалыгым 2 баскычта өтүп, бир бөлүгүайылда, экинчиси шаарда калды. Мындан туптуура 29 жыл мурун Чүй өрөөнүнүн Панфилов районуна караштуу Партсъезд айылында төрөлгөм. Айылда жүргөндө аябай тентек болчумун. Ошондуктан балдар менен жаман иш кылып койсок, акырында дайыма мен күнөөлүү болуп калат элем. Бирөөнүкүнө ууруга кирип жумурткасын талкалачубуз, унаасынын дөңгөлөгүн жарчубуз, мышыгын өлтүрчүбүз (күлүп). Бир жолу Бодош деген жалгыз жашаган апанын мышыгын дос балдар сууга чөктүрүп өлтүрүп коюшкан. Мен алардын жанында эле жүргөм, акырында "Курал өлтүргөн" деп мени күнөөлөп коюшуптур. Ошондо атам мени көчөгө алып чыгып сабаганы эсимде. Ал кез Совет учуру болгондуктанбы, ата-энелер балдарын издешчү эмес. Күнү бою көчөдө темселеп жүрүп түн кирерде араң капкара болуп үйгө келчүмүн. Эмнегедир бала кезде эртең менен кетип бирөөнүн коюн жайып, алардын түшкү тамагын жеген даамдуу сезилчү.

"ТАТТУУ БАЛАЛЫК 11-КЛАССТА СОҢУНА ЧЫКТЫ"

– 4-класста Кара-Балтага көчүп келдик. Чөйрөм алмашканга көнө албай бир топ кыйналып жүрдүм. Шаардын балдары башкачараак сезилип, мектептин жаңы мыйзамына көнбөй, чүнчүй баштадым. Тентектигим жоголуп, токтолдум. Айланадагыларга көпкө аралаша албай жүрүп, 2-3 жылдан кийин араң дос күтө баштагам.
Балалыгым 1990-жылдарга туш келип кыйынчылык, жокчулук, ачкачылык деген эмне экенин көрүп чоңойдум. Талаага барып иштеген күндөр болгон. Эч ким иште дебесе да, керээли кечке кызылча отоп иштеп 100-200 сом тапчумун. Кийин тегеректеги үйлөр сатылып, кыш чогултуп сатып иштеп калдым. Анда 5-класста окучумун, акырын мектептен, үйдөн качып барып 200-300 кыш чогултуп, ар бирин 25 тыйындан өткөрчүбүз. Акчаны коротпой ата-энеме алып барып, алардын "менин балам азамат" деген сөзүн угуп кудуңдап калар элем.
Мектепте жакшы окудум деп айта албайм. 11-класста "каякта окуйсуң, келечекте кайсы кесиптин ээси болосуң?" деген суроо берсе, мен үчүн капкараңгы токой болчу. Кудай жалгап ыр сынакка катышып, аны жеңип, Искусство институтуна тапшырып ырчы болуп кеттим.
Балалык 11-класста соңуна чыкты. Үйлөнүп, ата болуп, алтын балалык менен коштошуп чоң жашоого аттандым. Бирок жаш үйлөнгөнгөбү, 2 жылдан кийин ажырашып кеттик. Анда 17 жаштагы эле бала болчумун, ата деген сезим да күчтүү болбоптур. Азыр болсо баламды аябай жакшы көрөм. Жакында 12ге чыгат, тез-тез байланышып, ден соолугубузду сурашып, чоң кишидей олуттуу темаларда сүйлөшүп турабыз.

"ИНИМ ҮЧҮН ӨЗҮМӨН ЧОҢ БАЛАНЫ САБАГАМ"

– Үйдө мен 4 бир туугандын улуусумун. 2 иним, карындашым бар. Менден кийинки иним экөөбүз чогуу чоңойдук. Иним аябай жоош болгондуктан, ага баары эле тийише берчү. Мен дагы ага кайдигер мамиле кылып, балдар менен кошулуп шылдыңдап койчумун. Бир жолу таежем "бул сенин бир тууганың, таарынтпай, баарынан коргоп, болушуп, көтөрмөлөп турушуң керек" деп катуу урушкандан тартып бир туугандык сезим ойгонгон. Бир жолу бизден улуураак балага иним экөөбүз тийишип коюп качып баратып иним ага кармалып калды. Ал бала инимди муунтуп киргенде мен ызаланып кетип аны көтөрүп чаап сабап салгам. Ошондо чоң балага алым жетип сабап койгонума таң калгам. Көрсө, жакшы көргөн сезимдин арты менен адамдын чыныгы мүмкүнчүлүктөрү ачылып кетет турбайбы.

"ЖҮРӨГҮМДҮН ЭЭСИН ТАПТЫМ"

– Чыгармачылык аркылуу дос күттүм, күйөрман топтодум, чет өлкөлөрдү кыдырдым. Учурда Ысык-Көлдө иштеп жатам. Бул жак салкын, элдер эс алып маанайы көтөрүңкү, атмосфера сонун. Ошон үчүн дайыма Көлгө кеткенге аракет кылам. Борбордо жумуш жакшы болсо деле Көл өзүнө тарта берет. Анын үстүнө сүйлөшкөн кызым да Чолпон-Атадан болот. Бул жерде иштеп жатканымдын бир себеби да ошол. Үйлөнүү планымда бар, бирок датасы белгилене элек. Жүрөгүмдүн ээсин таптым деген ойдомун. Анткени оюмдун баары азыр сүйлөшкөн кызым жөнүндө эле болуп калды.

"Жүрөгүмө чыгармачылыкты уюткан ата-энем болду".

"Биринчи жолу сахнага орусиялык "Премьер-министр" тобунун "Искорки" деген ырын ырдап чыккам".

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
omu
2016-07-11 10:34:12
Атасынын копиясы экенго....
Чыгармачылык ийгилик!!!!
+4
Usow
2016-07-11 15:12:34
Иш бул жакта дечи е Куралбек ха! ха !
+4
admin_superstan
2016-07-11 16:56:07
stervella415, сайттын эрежелерин сактоону сунуштайбыз. Эскертүү!
-1
Izdeim_seni.
2016-07-11 17:41:55
Баягы эле тентек болчум,сабачым,антчим минтчим деген эле глупосттор.
+4
Positive
2016-07-12 02:07:52
Баласы бар экенин Эми уктум, копко журуптур уйлонбой, ошондой болсо да чыгармачылык ийгилик. Алга умтула беришин каалайм
-1
ema70
2016-07-12 16:55:02
Абдан эрте уйлонгон экен шок бала болгон го?Баласы 12ге чыгып калыптыр озу 28-29 да болсо керек.
+4
munduz2016
2016-07-12 21:44:34
Мыкты аткаруучу.Б.Борбиевдин ”Дурудум” ырын аткарганда тааныгам
0
buboli
2016-07-16 01:47:03
да эрте уйлонгон санжарды жаны торолгондо кордум эле бат эле12-жыл отуптур курал байке анда студент болчу экоо жаш болсо? анан ажырашты
0
DNurgiza
2016-07-17 23:42:40
баласына эле жаман болгон экен....
0
aitieva00
2016-10-14 03:36:08
16 жашта уйлонуп,17 жашта балалуу болсо


0
№ 714, 8-июль-14-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан