Резинадай ийилип дүйнөнү таң калтырып келе жаткан «Тумар КР» тобунун бийчиси Баяман Өмүрбек уулу бир бийкеч менен кыналыша түшкөн сүрөтүн инстаграмдагы баракчасына жүктөдү. Бийчини жандаган сулуу ким болду экен деп Баяманга кайрылганыбызда, ал сүрөттөгү бийкеч сүйүктүүсү экенин жашырган жок. «Сүйүктүүм Салтанат менен сүйлөшүп баштаганыбызга эки айдан ашып калды. Алгач таанышканда эле жылдызыбыз келишип, жакын адамдардай болуп кеттик»,- дейт бийчи.