Быйылкы жайда ырчылар жентек тойдон колдору бошочудай эмес. Кесиптештеринин бири неберелүү болсо, бири кыздуу, уулдуу болуп жакшылык үстүнө жакшылык болуп жатат. 3-июль күнү «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» аттуу ыры менен таанылган обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошевдин үйүндө да толуктоо болду. Үчүнчү ирет уулдуу болуп жаткан ырчынын кубанычына ортоктош болуп, сүйүнүчүн өзүнөн уктук:
– Кудайга шүгүр, жубайымдын дагы, уулумдун дагы ден соолугу жайында. Үйгө чыгарып келип, балалуу үй базар болуп жатабыз. Азырынча бир ысымга токтоло элекпиз. Ата-энем бир-эки күндө айылдан келсе кеңешип, акылдашып, азан чакырып ат коёбуз.