Тамашоучу Зияш дагы деле изденип, өзүн бир тармактан таппай жаткан өңдүү. Бул жигит акыркы учурда тасмаларга тартылып, режиссёр, каскадёр да болуп жүрөт. Кээде тамашалуу ыр жазып, обон чыгара коюп аткарып калганына да күбөбүз. «Кыргыздын Брюс Лисимин» деген Зияш Турдубеков казак тасмасында дублёр болуп келди.
– Белгилүү казак режиссёру Ахан Сатаевдин «Райондор» деген тасмасында каскадёр катары трюктарды аткарып, жаш актёрлордун мушташкан жерлеринде дублёрлук кылдым. Бул фильмге Адилет Акматовдун чакыруусу менен бардым,- дейт ал.