Кыргыздын хит ырларына казак ырчыларынын көзү түшүп бүтпөчүдөй. Өткөн сандарыбызда «Кыз-Бурак» тобунун «Практикант агай» деген чыгармасын казактын ырчысы Индира Елемес ырдап чыкканын жазганбыз. Көп өтпөй эле Айкын Төлөпберген Султан Садыралиевдин «Жөнөкөй жигит» аттуу ырынын обонуна сөз жазып ырдап чыкты. Чыгарма 2006-жылдары радио-телевидениеден байма-бай жаңырып, ырчынын хит чыгармаларынын катарын толуктаган. Аталган ырды Айкын сурабай эле аткарып жатканын жана ырдашына каршы эмес экенин Султан билдирди.