ЖЫЛДЫЗ ТУМШУК

Жаныбарлар дүйнөсүндө

АТАЛЫШЫ МУРДУНА БАЙЛАНЫШТУУ
Жылдыз тумшук – момолой чычкандар түркүмүнө кирген сүт эмүүчү жаныбар. Жерде-сууда жашоочу бул жаныбар Канаданын Түштүк-Чыгышында жана АКШнын Түндүк-Чыгышында гана кезигет. Аталышына тумшугунда жылдыз өңдөнгөн 22 эттүү тинтүүрү болгондугу үчүн ээ болгон. Денесинин өлчөмү, күрөк сымал алдыңкы буттары жана коюу жүндөрү жагынан европалык момолойлорго окшош.

ИЙИНДЕРДИ ТАРТЫП АЛУУГА УСТА
Жылдыз тумшуктар нымдуу токойлорду, дарыя менен өзөндөрдүн жээктерин, саздуу жерлерди байырлайт. Куйругунун узундугу 8 сантиметр келип кулак калкандары жок, көздөрү кичинекей. Ийин казып жашашат, бирок кээде чириген дүмүрлөрдү же үйүлгөн жалбырактарды да үйгө айлантып алышат. Ондатрлардын (териси баалуу жаныбар) ийинин тартып алууга да уста.

ТАМАГЫН СУУДАН ДА ТААП ЖЕШЕТ
Сууда жакшы сүзө алышат, жана рулдун ролун куйругу аткарат. Суудан тамактарын таап жешет. Мисалы, майда балыктарды, рак сымалдарды. Кургактыкта болсо курт-кумурскалар менен тамактанат. Оозундагы тиштеринин саны 36-44гө дейре жетет. Азык издегенде алардын жылдыз самал тинтүүрлөрү тынымсыз кыймылдап турат. Тамак-ашын алдыңкы буттары менен кармап жейт. Эне жылдыз тумшуктар жазында 3-7ге чейин бала тууп, чоңойтушат.

КЫЗЫКТУУ

  • Жылдыз тумшук абдан сугалак. Азыгын запаска камдоону билбегендиктен, кокус тамак таба албай калса бир нече сааттын ичинде ачкадан өлөт.
  • Душманы болгон сууктан тоё тамактануу жана дайыма кыймылда болуу менен коргоно алат.
  • Болжолго караганда, жылдыз тумшуктар жер жүзүндө мындан 30 миллион жыл мурун пайда болгон.


Билип ал

КҮРӨӨКАНА ЭМНЕ ҮЧҮН ЛОМБАРД ДЕП АТАЛАТ?

Күрөөгө буюм алып, ордуна акча берүү Францияда XV кылымда пайда болгон. Андай мекемелерди Италиянын Ломбардия шаарынан чыккан адамдар ачышкан. Андыктан француздар мындай жайларды “ломбарддыктардын мекемеси” деп атай башташкан. Бул сөз бара-бара кыскартылып ломбард сөзүнө өтүп кеткен.
Кредит мекемелери Италия менен Германияда XV кылымдын аягында, ал эми калган капиталисттик өлкөлөрдө XIX кылымда пайда болгон.
Орусияда күрөө алып, акча берүүгө император айым Анна Иоанновна жол ачкан. Акча чыгаруучу жана сактоочу жайдын кызматкерлерине күрөөгө алтын же күмүш алып, ордуна акча берүүнү буйруган. Акча алган адам кийин күрөөдөгү алтын же күмүшүнүн төрттөн бир бөлүгүн гана алган.
Орусияны Екатерина II башкарган учурда 1772-жылы Москвада жана Петербургда өкмөттүк ломбард ачылган.
Ломбард жайлары акырындап КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга келип жеткен.


Дүйнөдө эмне кеп?

Африка

КАТКЫРЫК ЭПИДЕМИЯСЫ ЖАЙЫЛУУДА
Судан өлкөсүнүн Кардафан провинциясында кызыктай оору эпидемияга айланууда. Оорунун белгисине себеби жок эле каткыруу, анан эстен танып калуу кирет. Болжолдорго караганда, оорунун чыгуусуна эксперимент катары өстүрүлүп жаткан буудай сорту себепчи. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлиги: “Тамак-ашка колдонууга болбой турган буудайды эл колдонуп, анын натыйжасында галлюцинацияга (көзгө ар нерселердин көрүнүшү) кабылышууда. Себепсиз каткыруу, өз алдынча сүйлөнүү, анан эстен танып калуу ушундан келип чыгууда”,- дейт. Каткырык эпидемиясы менен ооруканага түшкөндөрдүн саны – 80. Эл бийликтен мындай буудай түрүн жок кылууну талап кылууда.

МЕЧИТ КЫЙРАП, 38 АДАМ ӨЛДҮ
Мароккодогу 4-кылымдан бери турган Лалл Кенат мечитинин төбөсү сыйынуу учурунда урап түшкөн. Натыйжада 38 адам көз жумуп, түрдүү жаракаттарга кабылган 71 адам ооруканага жеткирилген. Айта кетсек, сыйынуу учурунда 300дөн ашык адам болгон. Урандыларды тазалоодо башка өлгөн адамдардын сөөктөрү да табылышы мүмкүн делүүдө.

Япония

ЭСКИ ТЕКСТТИ ӨЧҮРӨ ТУРГАН ПРИНТЕР ЧЫГАРЫЛДЫ
Япондук инженерлер бир барак кагазды 1000 жолкуга чейин пайдаланууга боло турган принтерди ойлоп табышты. Тактап айтканда, принтер кагаздагы эски текстти өчүрүп, анын ордуна жаңы маалыматты басып чыгарып берет. Кааласаңыз мурунку жазууларды өчүртүп, жөн гана таза кагазга ээ боло аласыз. Жаңы принтерге порошок-тонер да, сыя да колдонулбайт. Башкача айтканда, жаңыча технология менен иштейт. Баасы 5,5 миң доллар турган принтердин кемчилиги – түстүү эмес, кара түстө гана басып чыгара алат. Атайын кагаз түрү колдонула турган бул принтер кагазды үнөмдөп, токойлорду аз кыюуга шарт түзөт.

Италия

АЯЛДАРДЫН КЕБЕТЕСИНДЕГИ ВАЗАЛАР САТЫЛУУДА
Италиядагы «Bitossi Ceramiche» компаниясы аялдардын кебетесин чагылдырган вазалардын коллекциясын чыгарды. Вазалардын дизайны Пьеро Форнасеттиге таандык. 1950-жылдары анын мындай вазалары аздан гана сатылып, идея колдоого алынбагандыктан, иши токтоп калган. Жакында Пьеронун уулу Барнаба атасынын үлгүлөрүн жер төлөдөн таап алып, «Bitossi Ceramiche» компаниясы менен сүйлөшкөн. Компанияга үлгү жана идея жагып, эми минтип Барнаба атасынын ишин жандандырып жатат.

Португалия

СУУ КАПТООЛОР АДАМ ӨМҮРЛӨРҮН АЛЫП КЕТҮҮДӨ
Курорттору менен дүйнөгө белгилүү болгон Мадейра аралынын жашоочулары суу каптоо менен жер көчкүлөрдөн жапа чегүүдө. Мунун баары катуу жааган жамгырдын айынан болууда. Айта кетсек, 32 адам өлүп, жүздөгөн адамдар түрдүү жаракаттар менен ооруканага түшкөн. Учурда адамдарды табият кырсыктарынан сактоо иштери жүрүп, гуманитардык жардамдар таратылууда. Көптөгөн жолдор менен көпүрөлөр суу астында калса, кулаган дарактар жолдорду тосуп, байланышты кыйындатууда.

Орусия

ӨЛКӨНҮН ГИМНИ АДАМДЫН ЧАЧЫНА ЖАЗЫЛДЫ
Марий Эл Республикасынын жашоочусу Анатолий Коненконун сүрөт музейинде атайын көргөзмөсү ачылды. Кызыгы, көргөзмөгө коюлгандардын баарын микроскоп аркылуу гана көрүүгө болот. Мисалы, Эйфель мунарасы чиркейдин мурутуна, машиналар үлгүсү апийимдин уругуна тартылса, Орусиянын гимни адам чачына жазылып коюлган. Анатолий микроминиатюралык искусство менен 1980-жылдан бери алектенет. Анын узуну да, туурасы да 9 миллиметр келген китеби «Гиннестин рекорддор китебине» кирген.

РЕЙХСТАГГА ТУУ САЙГАН СОГУШ
АРДАГЕРИ КАЗА БОЛДУ
Дагестан Республикасынын Хасавюрт шаарынын 94 жаштагы тургуну, согуш ардагери, бир топ медаль-ордендердин ээси Абдулхаким Исмаилов каза болду. Ал 1-Беларусь фронтунда 8-гвардиялык армияда кызмат кылган. Дүйнөгө белгилүү болгон “Жеңиш туусу” сүрөтүндө туу сайып жаткан адамдын Исмаилов экендиги 1990-жылы гана белгилүү болгон. 1996-жылы ага Орусиянын Баатыры наамы ыйгарылган. Ал эми сүрөттөгү эки жоокердин бири киевдик Алексей Ковалов болсо, экинчиси минскилик Леонид Горычев экендиги такталган. Бирок ал экөө тең согуштан кийинки жылдары жараттарынан каза болгон.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurik_9597
2014-01-18 00:24:38
кызык экен
0
№ 382, 26-февраль - 4-март, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан