«АЗИЯ МИКС» командасы Орусиянын Светлогорск шаарында болчу «Голосящий КиВин-2016» музыкалык фестивалына даярдык көрүп жатат.
БЕГИМАЙ КАРАБАЕВА «Жашоо», «Ардагым», НУРМАТ САДЫРОВ «Сагыныч кыз», Гүланда "Атама", ИРЛАН ТААЛАЙБЕКОВ "Жолукпай канча жүрмөкпүз?" аттуу жаңы ырларды жаздырып бүттү.
Орус ырчысы ВАЛЕРИЯ август айында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо концерт берет.
АЙПЕРИ КУЛБАЕВА «Картайбачы, апаке», ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ «Коштошуу» деген ырына клип тарттырып жатат.
Кыргызстандык «РУЛА» цирки Түркияда үч ай өнөрүн көргөзмөкчү.
1-8-июль аралыгында Кыргызстанда ОРУСИЯНЫН МАДАНИЯТ КҮНДӨРҮ болуп өттү.
ДАНИЯР ЭРМАТОВ жакында Ысык-Көлдү кыдырып жеке концертин бермекчи.
Режиссёр ГЕННАДИЙ БАЗАРОВ Мурза Гапаровдун "Туздуу чөл" пьесасынын негизинде "Туздуу чөл" аттуу тасманы тартууга киришти.
ЭМИЛ БАЛТАГУЛОВ "Атакем", "Суусамыр" аттуу ырларына клип тарттырып бүттү.
АЗИЗ МУРАДИЛЛАЕВ Руслан Акундун жаңы тасмасына тартылганы жатат.
АКБАР СҮЙҮНБАЕВ II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жазган "Эр жигити кыргыздын" аттуу ырына клип тартууга даярдык көрүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Azura
2016-07-12 10:28:31
Валерия "аалам строй" компаниясынын чакыруусу менен «День работников леса и лесоперерабатывающей промышленности» кунуно карата концерт коет)
+3
Uzakova.Z.A
2016-07-15 14:14:51
Азия микс молодцы. Ийгилик!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.