«Non- Stop» дуэтинин ырчысы Чолпон Талипбекованын коёндой окшош эгиз сиңдилери бар экенин билет белеңиз? Алар учурда фотомодель, телеалпаруучу катары таанымал. Абдан позитивдүү, жайдары, "энержайзер" кыздардын бири оператор-монтажёр болсо, бири актриса. "Биздин үй-бүлө биригип тасма тартсак болчудай. Анткени режиссёр, оператор-монтажёр, актриса да өзүбүздөн чыгат" деп тамашалашкан эгиздерди сиздерге жакындан тааныштырабыз.
КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ
Туулган жылдары, күндөрү –1994-жыл, 1-сентябрь
МЕДИНА
Билими – Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети, кинооператорлук факультети
Бою – 174 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
МАДИНА
Билими – Кыргыз-Түрк «Манас» университети, актёрдук чеберчилик факультети
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 53 килограмм
– Мадина, Медина, куш келипсиңер! Эгиздердин жарыкка келген күнүнөн кепти баштасак...
Мадина: – Рахмат! Апам 6 айга чейин айылда жүрүп, эгиз экенин деле билбептир. Курсагы аябай чоң болгондуктан баары эле «Манас төрөйсүң, баатыр болот» дей беришчү экен. Качан гана шаарга келгенде доктурлар «кантип көтөрүп жүрөсүз?» деп чочулашып, дароо ооруканага жаткырып коюшуптур. Ошентип 3 ай ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, анан биз төрөлгөнбүз.
– Окшош кыздарды айырмалаш да кыйын болсо керек?
Медина: – Бир жолу кичинекей кезибиздеги бир сүрөттү таап алып, аябай тартыштык. Мадина «мен» дейт, мен «жок, менмин» дейм. Апамдан сурасак, көрсө, экөөбүз тең эмес, Чолпон экен (күлүп). Көбүнчө кичинекей кездеги сүрөттөрдөн өзүбүздү таба албай талаша беребиз, апам гана таанып берет.
– Ал эми мүнөзүңөр кандай?
Медина: – Мадина менден 20 мүнөт эрте төрөлгөнгөбү, анда «улуумун» деген синдром бар. «Мени эже де», бир нерсе жасасак да «мен улуумун го» деп калат. Бирок мектепте ким капа кылса дайым аларды урушуп, мени коргоп жүрчү. Мен башынан эле алсызмын. Мадина олуттуу, жоопкерчиликтүү, пунктуалдуу. Мен үйдүн кичүүсү болгондуктан эркелигим бар.
Мадина: – Элдин мага эмес, Мединага кыйын болгонуна жиним келе берчү. Себеби алар билишет да Медина алсыз экенин. Ошон үчүн коргогонго туура келчү.
– Көпчүлүк эле өзүмө окшош түгөйүм болсо деп кызыкса керек. А өзүңдүн көчүрмөң болгондогу сезим кандай?
Медина: – Биз бири-бирибизди карасак окшоштук деле жоктой. Бирок фотосессияларда экөөбүздү окшош боёнтуп койгондо күзгүнү карап алып таң калып кетебиз.
– Экөөң тең чыгармачыл чөйрөдө жүрөсүңөр. Кесип тандоодо Чолпондун да салымы барбы?
Мадина: – Биз жаштайыбыздан кошуна, туугандарды чогултуп концерт койчубуз. Балким, ошол кезден эле эл алдына чыкканга көнүп, жүрөгүбүзгө сиңирип алгандырбыз.
Чолпонду башында апамдын жолун ула деп экономисттикке тапшыртышкан. Окууну кызыл диплом менен бүтүргөнүнө карабай ал кесибин уланткан жок, кайра режиссёрлукка окуду. Чолпондун чыгармачылыкка келгени бизге дем берип, искусство жаатын тандашыбызга себепкер болду.
Мен окууну бүткөндө Кыргыз драма театрына жумушка чакырышты. Кыргызстандын негизги театрында ойноо мен үчүн чоң сыймык. Андыктан ойлонбой туруп дароо макул болгом. Кино деген кино, аны көрүп коёсуң, болду, а театр менен жан дүйнөңдү азыктандырасың.
– Медина, сен да кыздар үчүн оңой эмес кесиптин ээси экенсиң?
– Ооба, мен учурда «Жыргал Life» долбоорунда, «Тумар ТВ» телеканалында оператор-монтажёрлук кызмат кылам. Бул кесиптин ээси болушума Чолпондун да салымы бар. Ал режиссёрлукка окуп жүргөндө дайыма оператор менен маселе жаралчу. Оператор кээде уктап калат, же телефонун албайт, айтор, аябай жүдөтчү. Мен ага чейин фотограф болуп жүргөм, ошондо эмнеге операторлук кылсам болбосун дедим да, кинооператорлукка тапшырдым.
– Фотомодель катары да силерди көп көрөбүз. Моделдик кесип эмнеден башталды?
Мадина: – 2009-жылы 14 жашымда мен «Мисс Бишкек» сынагына катышып, 5-орунду алгам. Сынак бизге көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып, жарнамага тартылууга сунуштар түшө баштады. Аларга «менин түгөйүм да бар, жалгыз болгонго караганда экөөбүз чыксак кызыктуу эмеспи» деп Мединаны да бул чөйрөгө тарттым. Ошентип Кыргызстан, Казакстанда мода жумалыктарына чыгып жүрдүк. Белгилүү кийимдер тармагынын жүзү болдук. Дагы деле ар кандай сунуштар болуп турат, бирок азыр көбүнчө өз кесибибиз менен алектенип келебиз.
– Маегиңерге ыраазычылык, кыздар. Чыгармачылык ийгилик!
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg