ТӨШӨК ОЮНУНУН 10 ПАЙДАСЫ

«Маанайың жокпу? Анда сага төшөк оюну керек. Башың ооруп жатабы? Кумарга бат»,- дешет заманбап илим изилдөөчүлөр. Алардын айтымында, төшөк оюну бир топ ооруларга даба. Ишенбейсизби? Анда иш тажрыйбаңызда байкап көрүңүз.

1.
Баш ооруну басат. Төшөк оюнуна чакырганда өнөктөшүңүз «башым ооруп турат, кийинкиде» десе ынанып отуруп калбай, аны «сүйүү поездине түшүүгө» үндөңүз. Мындай учурда ага цитрамон эмес, сиз жардам бере аласыз. Окумуштуулардын айтымында, кумарга батуу учурунда иштелип чыккан эндорфин гормону табигый антибиотик, анестетик болуп саналгандыктан баш ооруну басаңдатат.

 2. Уйкусуздуктан арылтат. Керебетте ары оонап, бери оонап уктай албай жатасызбы?Белгилүү доктор Лора Берман мындай абалга кабылгандарга төшөк оюнун сунуштайт. Анын айтуусунда, кумарга баткан учурда окситоцин гормону бөлүнүп чыгып, тынч уктоого жардам берет.

3. Ооруларга каршы турат. Американын Уилкс университетинин илимпоздорунун изилдөөлөрүнө таянсак, аптасына жок дегенде 2 жолу төшөк кумарына баткандардын иммуноглобулини көтөрүлүп, ар кандай микробдорго жана вирустарга каршы тура алат.

4. Маанайды көтөрөт. АКШдагы Виржиния университетинин профессору, психолог Жеймс Соандын айтымында, төшөк оюну учурунда иштелип чыккан окситоцин жана эндорфин гормондору психикалык абалды жакшыртат, стресстен, депрессиядан чыгарат. Ошондой эле эркектин бел суусунда цинк, кальций жана башка минералдык заттар көп өлчөмдө болгондуктан, аялдын маанайына мыкты таасир берерин айткан.

5. Арыктатат. «Секс бул – спорт» деген да сөздөр бар. Анткени бир жолу кумарга батуу 15 мүнөт спорт залында чуркоо менен барабар. Бир эле жолку өтө күчтүү берилген төшөк оюнунан кийин булчуңдар жыйрыла иштеп, 150-200 калорий өлчөмдөгү майлар «күйүп» жок болот. Андыктан келбеттүү дене мүчөгө ээ болуу да өз колуңузда.

6. Жашартат. Жыныстык катнаштан кийин канда «сүйүү гормондору» көбөйөт. Ошондуктан чач жылтылдап, тери жумшарып, бырыштар жазылып адамдын өңүнө сулуулук кирет.

7. Простатиттин алдын алат. АКШдагы Улуттук онкология институтунун изилдөөчүлөрү айына 21 жолудан кем эмес төшөк кумарына баткан эркекте жыныстык жактан рак болуу коркунучу азаят дешет. «Мынча жолу болуу мен үчүн эмес» деп капаланбаңыз. Анткени мастурбация да ошондой эле таасир берет. Эякуляция простатитте топтолуучу канцерогендердин жоголушуна жооп берет.

8. Ой жүгүртүүнү жакшыртат. Америкадагы Йель университетинин изилдөөчүлөрү төшөк оюну учурунда мээ кан менен жакшы жабдылып, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүнүн жакшырарын жана үзгүлтүксүз алектенген адамдын чыгармачыл ой жүгүртүүсү мыкты болорун далилдешкен.

9. Ийгилик чакырат. Күнүгө таң эрте сүйүктүүсү менен кумарга батып, көңүлдүү чыккан адамдар ийгиликке көп жетишет. Анткени эртең мененки секс адамды чыйрак кылып, жигердүү эмгектенгенге түртөт.

10. Ыктытууну басат. Күлкүлүү угулат. Анткен менен доктор Фрэнсис Фесмайр: «Ар бирибиздин ыктытуу учурунда колдонгон каражатыбыз бар. Бирок жагымдуулугу жагынан эч бири төшөк оюнуна жетпейт»,- дейт. Ал ыктытууга каршы эки каражат ойлоп тапкан: бири манжа менен укалап басуу, экинчиси оргазм. Анын айтымында, оргазм ойгонгон нервди тынчтандыруучу касиетке ээ.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Санай берсек кумарга батуунун пайдалары түгөнчүдөй эмес. Бирок ошол эле учурда өнөктөшүн жакшы билбей туруп кошулуу бир топ ооруларды жугузуп алууга алып келет. Андыктан абайлаңыз!

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
souza.j
2016-07-22 10:36:38
Точно, уйку боюнча димедролдой эле жыгат но чиркин
+1
elmurat.kg
2016-07-22 13:36:23
муну мурдаа жазып чыккан эленорго супер 2013-жылдан мурда.коргом
0
lexus47
2016-07-22 18:22:32
Хороший секс снимает стресс, качает пресс, снижает вес)))
+4
baxa.93
2016-07-23 02:30:07
Баш ооруп,маанай жок болсо Тошок ойгода келбесе керек.
+4
nuru95kg
2016-07-23 16:29:50
ошончун эрте уйлонуу керек экен
+1
o.aza
2016-07-24 09:06:33
Коментерийлерди окуп эле жыргаймынго,кызыкта озу
+2
bekaaaaaaaa
2016-07-24 11:36:12
уйлонот окшоймун жакшы укташ учун
+1
CHORO.66
2016-07-24 13:52:43
Колдон келчу эле нерсе экен.Эгер оноктошун дайыма жок дебесе.
0
barakcha
2016-07-24 16:07:19
CHORO.66,жок десе эле маакул болуп отуруп калбай,жакшы создорунду арнап кондурууго бут аракетинди жумша да?)
+2
Belek2070
2016-07-25 03:32:16
Колдон келсе кнуго кылыш керек. Белин ооруп арыктап коздорун киртеип каласын, менин башыман откон бул нерсе.
+3
Asel9696
2016-08-19 01:15:39
Жакшы кенештер экен!
+1
bekjigitova
2016-09-22 10:47:34
salamatsyzdy admin kowuluudagy intim gelder tuuraluuda kabar berinizderchi suranych
0
Ali.979797
2016-09-23 11:41:41
Маструбисия тууралу кененирээк маалымат берсениздер, канчалык зыян экенин билбеген жаштарыбыз толтура.
0
altuha8989
2016-12-11 18:44:09
Жакшы кенеш экен мен дагыда кучтонуудомун
0
NurEli
2017-02-04 14:06:40
Жакшы болбодубу коп нерсени билип алдым
0
Nuraly88
2017-02-13 15:01:28
))))
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан