ВИВА, ПОРТУГАЛИЯ!

Бир ай бою Франция талааларында континент мыктысын аныктаган беттештер жүрүп, футбол сүйүүчүлөрү үчүн эстен кеткис эмоцияларды тартуулады. Жаңы жылдыздардын жанышы, укмуштуудай голдор жана намыскөй командалар. Финалдык оюн 11-июлга караган түнү болуп, Португалия курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Европа чемпиону аталды.

ФИНАЛГА КАРАЙ ЖОЛ

Франция

Үй ээлери бул чемпиондук баштала элек жатып фаворит команда катары саналган. Тайпалык оюндарда Дешам футболчуларын командалык оюнга келтире албай бир кыйла сындарды укту. Франция Ирландия жана Исландия сыяктуу сенсация жараткан командаларды четинен үйүнө жиберип, жарым финалда Германия менен кез келди. Суроо жараткан пенальти, Льористин тосуулары жана Гризманндын эки голу. Бул оюн Евронун мыкты беттештеринин бири саналып, «Атлетико» чабуулчусу Дүйнө чемпиондорунун күйөрмандарын жашытты. Франция 16 жылдан кийин кайрадан финалга чыгып, күйөрмандарына сүйүнүч тартуулоого даяр эле...


Башкы машыктыруучусу – Дидье Дешам

Португалия

Алгач Фернанду Сантуштун шакирттерин португалиялыктардан башка эч ким финалда көргөн эмес. Буга Роналдунун командасынын тайпалык оюндардагы 3 оюнда бир да жеңиш даамын сезбей, тең чыгуу менен аяктаган жыйынтыгы далил болуп жатты. Бирок бул команда өзү ута албаса да, эч кимге уттурбай баратты. Португалия плей-офф баскычында да Хорватия жана Польша менен негизги бөлүктө тең чыгып, «чакмактууларды» экстра-таймда жеңсе, пандарды пенальтиден утуп алышты. Барган сайын деми күчөгөн бул команда ушул убакытта гана өзүнө ишенип баштады. Жарым финалда Роналдунун даремети Бейлдикинен күчтүү болуп, 2:0 эсебинде Уэльсти тизе бүктүрүштү. Кооз оюн көргөзө албаса да, курамдын биримдиги жана бир аз ийгиликтин жылмаюусу менен Португалия финалды көздөй бет алды.


Башкы машыктыруучусу – Фернанду Сантуш

Финал

Португалия
– Франция 1:0
Гол – Эдер 109-мүнөттө
Башкы калыс – Марк Клаттенбург
Өткөн жери – Сен-Дени шаары, «Стад-де-Франс» стадиону
Көрүүчүнүн саны – 75 868

Чечүүчү беттешке эки команда тең эч кандай жоготуусуз келип, мыкты оюн тартуулоого даяр болду. Үй ээлери катары француздар оюндун тизгинин алып, Гризманн чалгындоону баштады. Оюндун 17-мүнөтүндө Пайет менен Роналдунун кагылышуусунан улам Криштиану жаракат алып, оюнду уланта алган жок. Капитан ызасына чыдай албай көзүнө жаш алды, Португалия кайгыга чөмүлдү. Роналдунун жаракат алышы Францияга жеңилдик бермек, бирок тескерисинче, Португалияга дем-күч берди.
Оюндун калган бөлүгү талаанын ортосунда ойногон жарым коргоочулар Карвалью – Силва – Саншеш менен Погба – Сиссоко – Матюиди тирешинде өттү. Ким ортоңку бөлүктө мүчүлүштүк кетирсе, топ дарбазаңда дей бер. Бул учурда кооптуу абал дээрлик жокко эсе болгону менен, 90-мүнөттө Пепени жерге отургуза алдаган Жиньяк сокку узатты! Топ дарбаза мамысына кадалды! Кошумча соккуга Гризманн жетишпей калды... Дарбазачы Руй Патрисиу баш болуп Португалия оюнчулары жеңилдене үшкүрүнүп алышты. Оюн андан ары уланды.
Негизги бөлүктө эсеп ачылбай, командалар кошумча 15 мүнөттүк эки тайм ойномой болду. Экинчи экстра-таймда Моутиньодон пас алган Эдер 23 метрден күтүүсүз сокку узатты. Гоо-о-ол! Льорис секириги менен кечигип калды. «Стад-де-Франс» кайгыда.
Клаттенбургдун финалдык ышкырыгы. Бүттү! Португалия – чемпион! Португалия – бул жалгыз Роналду эмес. Португалия – бул 23 футболчудан турган мыкты курама команда экендигин баары көрүштү.





Рекорддор

  • Роналду удаасы менен 4 Евро чемпиондугунда гол киргизген жалгыз футболчу болду. Ошондой эле Европа чемпиондугунда жалпы киргизген голдорунун саны 9ду түзүп, Платиниге жетти.
  • Балаж Жужак, Эрик Дайер жана Бейл. Дал ушул футболчулардын айып соккудан киргизген голдорунун саны 4тү түзүп, Евродо жаңы рекорд жаңыланды.
  • УЕФАнын жалпы байге фонду 196 миллион еврону түздү. Жеңүүчү Португалия 25,5 миллион евро алса, Франция 23,5 миллион еврого ээ болду. Германия 18,5 миллион, Уэльс 18 миллион. Эң азы тайпадан чыкпай калган командалар 8,5 миллиондон алышты.
  • Бул мелдешке жалпы 2 427 303 көрүүчү келди.





ЕВРО СҮРТҮМДӨРҮ

Ызы-чуу салган фанаттар
Евро-2016 баштала элек жатып фанаттар мушташы менен коштолуп, өзгөчө аракет кылган Англия менен Орусиянын күйөрмандарынын мушташы Марсель шаарында болду.


Үлгүлүү фанаттар
Ирландия фанаттары тынч, маданияттуу жүрүм-туруму менен күйөрмандык кылуу боюнча калгандарына үлгү көрсөтүп, Париж шаарынын бийлиги атайы медаль тапшырууга чейин барды. Исландия фанаттарынын стадиондогу колдоосу абдан көрүнүктүү болду.


Сенсациясы
Футболдун өзүнө келсек, бул Евро сенсацияга бай болду. Алардын арасынан Исландия чейрек финалга чейин барса, Бейл Уэльсти жарым финалга чейин сүйрөдү.


Акталбаган үмүт
Немис футболчусу Томас Мюллер бул Евродо бомбардирлик сапатын жоготкондой. Лёвдун ишенген чабуулчусу жалпы 6 оюн өткөрүп, бир дагы жолу гол киргизе алган жок.

Сактоочусу
Португалия дарбазачысы Руй Патрисиу финалда бир канча сейв жасаганы менен, жалпы мелдеште эң көп голдон сактаган Исландия дарбазачысы Ханнес Халлдоурссон болду. Ал 5 оюнда жалпы 27 жолу дарбазасын кооптуу соккулардан сактап калды.


Коштошуулар
елдештен соң бир катар капитандар улуттук курамдары менен кош айтышты: Златан Ибрагимович (Швеция), Дарио Срна (Хорватия), Бастиан Швайнштайгер (Германия) жана Робби Кин (Ирландия).

АЙТТЫ ДА КОЙДУ

Криштиану Роналду:
«Бул менин карьерамдагы эң унутулгус окуя. Улуттук курам менен кубок утуу менин эзелки кыялым эле».


Азамат Байматов: «Ийгилик күчтүүлөргө гана жылмаят».

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
eka3994
2016-07-18 10:18:29
Португалия женишине ишенген!!!
0
Urmat-1989.
2016-07-18 11:47:38
это- Порту .
Ишенгем женишине.
0
NurbekKG
2016-07-19 08:02:59
Вива деген ЖАША деп которулса керек. Португал тилинде.
0
Diana92kg
2016-07-19 17:10:28
вот койгулачы. Испания,Франция Германия утат деп эле ойлогонсунар.Португалия утат деп башында силер ойлогон да жок эленер. Уткандан кийин эле мен колдогом,ишенгем дегендер кобойду.
+5
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан