КЫЗЫЛ МЫЯ ЧҮЙДӨ ЖОГОЛГОНУ КАЛДЫБЫ?

Редакциябызга Чүй облусунун Жайыл, Москва жана Панфилов райондорунун тургундарынан «Биздин аймакта кызыл мыяны эсепсиз казып, биротоло жоготкону калышты. Кара-Балтадагы заводдон тышкары Кытайга тонналап алып кетип жатышат. Ушул боюнча иликтөө жүргүзүп, эмне иштер болуп жатканын билип бересиздерби?»- деген кайрылуулар түшкөн эле. Андыктан жооп издеп көрдүк.

Кызыл мыя
(лакрица, солодка) – чанактуулар уруусуна кирген көп жылдык отоо чөп. Жер тандабайт, бирок тоо этектеринде, арык жээктеринде, айдоо аянттарында көп жолугат.
Гүлдөйт – май-июнь
Уруктайт – июль-август
Көбөйөт – тамыры жана уругу менен
Түрлөрү – өлкөбүздө 4 түрү бар: катуу түктүү, түксүз, жунгар жана урал кызыл мыясы.


 «Өлкөбүздө кызыл мыянын 4 түрү бар жана дарылык касиетке ээ»
Алгач кызыл мыя тууралуу билип алуу максатында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун флора лабораториясынын илимий кызматкери Гүлжамила Койчубековага кайрылдык.
– Бизге 10 же 100 тонна терем деп келишсе да терүүгө уруксат кагаз беребиз. Анткени ал чанда кезиге турган же кызыл китепке кирген өсүмдүк эмес. Казылгандан калган тамырлары бат калыпка келип өсө бергенге жөндөмдүү.

Колдонулушу
Медицинада. Дарылыкка тамыры колдонулат. Анын өзүнө тиешелүү жыты жана таттуу даамы бар. Курамында глюкоза, сахароза, пектин заты, лимон кычкылы, эфир майы жана башкалар кездешет. Кызыл мыяны бронхит, бронхиалдык астма, ашказандын жана 12 эли ичегинин жарасы, экзема, кызыл жүгүрүк, геморройду айыктырууда колдонулуучу дарылардын курамына кошушат. Какырыкты жумшартып чыгара ала тургандыктан жөтөлдө эң көп колдонулат.
Анан дагы ал афродизиак. Тамырынын жыты жана даамы эркектерди бат дүүлүктүрүүчү касиетти алып жүрөт.
Кулинарияда. Тамырынан тамак өнөр жайлары үчүн экстракт, сироп даярдашат. Көбүртүүчү касиети болгондуктан аны сырага, кваска кошушат. Компот, кисель, халва, карамель, пастила жана шоколад жасоодо да колдонулат.


Элдик медицинада. Кант диабети, импотенция, нефрит (бөйрөк оорусу), простатит, аденома, өттүн таш оорусу жана ринитти дарылоодо колдонушат дешет.

«100 тонна теребиз дешсе да салык төлөшкөн соң лицензия беребиз»

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин жаратылышты пайдалануу жана экономика бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Мусаканов:
– Кызыл мыя кызыл китепке кирбеген отоо чөп болгондуктан канча тонна болсо да терүүгө мыйзам боюнча уруксат беребиз. Бирок, менимче, уруксаты жок тергендер көп. Алар салык төлөөдөн качкандар. Лицензия алгандар акционердик коомдор, фермерлер. Алгач алар бизге келишет. Документтерин карап, мамлекеттик салыктарды төлөгөн же төлөбөгөнүн тактайбыз. Салыктар төлөнгөн болсо аларды Кыргыз улуттук илимдер академиясына уруксат кагазын алууга жиберебиз. Аны алышкан соң жашаган жериндеги айыл өкмөтүнө барып, жетекчилик менен канча гектар жерден, канча мөөнөттө, канча тонна мыя казуу тууралуу келишим түзүшөт. Ошондон кийин чогулткан документтерди бизге көтөрүп келишет. Биз лицензия берүүдөн мурун канча тонна каза тургандарына карап, мамлекетке салык төлөгүлө дейбиз. Мурун 1 килограммына салык 3 сом болсо, учурда 5 сом 57 тыйын.
Быйыл лицензия алгандардын саны 3-4тү эле түздү. Былтыр, мурунку жылдары алардын саны көп болчу. Лицензия алгандан кийин аймактагы Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекцияга барып катталат. Алар мыя казууда экологияга зыян келтирбегендигин көзөмөлдөшөт. Мыяны кайра иштетүүчү заводду өзүбүз ачып, чыгарылган дарыларды өзүбүз колдонсок жакшы болмок.

«Мыяны Кытайга өткөзөт дегендер боюнча эч нерсе айта албайм»

Кара-Балта шаары, Жайыл, Москва жана Панфилов райондору боюнча Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жетекчиси
Манас Карабаев:
– Кызыл мыяны чогултуу 2012-жылы башталган. Ал дары болгону менен, отоо чөптөргө кирет. 2014-жылы Кара-Балтада кызыл мыяны кайра иштетүүчү завод ачылган. Мен билгени, жетекчиси кытай. Ал заводду иштеткендер кызыл мыяны терип алуу жаатында 3 лицензия алган (жалпысынан 210 миң килограмм). Ал жакка Жайыл, Москва жана Панфилов райондорунун эли 2014-жылдан бери кызыл мыя казып өткөрүшөт. Колу менен казгандар да, трактор менен казгандар да бар. Лицензиясы болгондуктан алар көп казса да эч нерсе дей албайбыз. Жеке адамдар өздөрүнө тиешелүү жерлерден каза берсе уруксат. Жайыт жерлерден, айыл өкмөткө караштуу жерлерден казууга уруксат жок. Эгер андай жерлерден казып алгандар, казгандан кийин ал жерди оңурайтып ачык калтырып койгондор билинсе, аларга мыйзам боюнча 500-1000 сом айып пул салабыз жана чуңкурайып калган жерлерди көмдүрүүгө аракет жасайбыз. 2016-жылдын январынан ушул күнгө чейин андайлар 3, ал эми 2015-жылы төртөө болду. Кызыл мыя терүүдө экологияга зыян келтирилип жатат дегенге кошулбайм. Анткени алар жапайы түрдө химиялык жер семирткичсиз эле өсүп жатышат.
Азыр кээ бир адамдар кызыл мыядан бизнес жасоо үчүн жерлерине анын уругун сээп өстүрүп жатышат. Аймактар кең болгондуктан бүт аймакка көзөмөл жасоо кыйын. Андыктан лицензиясы жок казылып, Кытайга миңдеген тонна өткөзүлүп жатат деген боюнча айта албайм. Бирок лицензия берүүдө мынча тоннадан ашпасын деген чектөө киргизилсе дейм.

«2012-жылдан бери кызыл мыя теребиз»

Жайыл районунун Жайыл айылынын тургуну Нурпейил Сарымсакова:

– Биздин жана коңшу айылдын тегерегинде кызыл мыя терип өткөзүү 2012-жылдары башталган. Жыл бою териле берет, бирок жазында казып өткөзгөндөр көбөйөт. 1 килограммынын баасы 18 сомдон 34 сомго чейин. Бизден сатып алгандар кытайлар келип ачкан Кара-Балтадагы мыяны кайра иштеп чыгаруучу заводго же Кытайга өткөрүшөт. Тонналап өткөргөндөр тамырларды чөптөй кылып таңгакташат. Бирөөнүн жеринен, жайыт жерден казып алып, ээси же жайыт комитети менен чатакташкандар көп. Жайыт жерди трактор менен казып, ал жерлерди чуңкурайтып таштап салгандар бар. Эл «кытайлар бизден алган мыяларды эркектердин бел кубатын көтөрүүчү дарыларга кошуп, аларды кайра бизге алып келип кымбат сатып жатышат» дешүүдө.

Сорттолуп кургатылганы жана пресстелгени.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан