БАЛИГЕ БАРЧУ СУЛУУ БАРБЫ?

Өзүнө ишенген, ай чырайлуу, бою 165 сантиметрден жогору, 1988-1998-жылдар аралыгында төрөлгөн, турмушка чыга элек бийкечтерди сынакка катышууга чакырабыз. Эгер сиз алыскы Индонезияда, океандар кучагында жаткан Бали аралына барып эс алып келүүнү кыялданып жүрсөңүз, анда чамдаңыз!

Сынактын шартына ылайык, ар аптанын жума күнү гезит бетине экиден катышуучунун сүрөтү жарыяланып,
SUPER.KG порталына добушка коюлат. Добуш берүү сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9:00дөн баштап кийинки аптанын шаршемби күнү саат 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Көп упай чогулткан катышуучу финалга өтөт.
Толук маалымат алуу үчүн 0312 323327 номерлерине чалыңыздар.

НУРАЙЫМ ЖОЛДОШБЕКОВА

Жашы – 19
Параметри – 82-62-87
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 51 килограмм
Учурда – Социалдык өнүктүрүү институтунда 3-курста окуйт


«СЫНАКТЫН ФИНАЛЫНА ӨТҮП, АТА-ЭНЕМДИ КУБАНТКЫМ КЕЛЕТ»

– Нурайым, бир учурда окуп да, иштеп да жетишип жатасыңбы?

– Мен биринчи Финансы техникумун бүтүргөм. Учурда Социалдык өнүктүрүү институтунда сырттан окуйм. Өзүмдүн кесибимди аркалап Финансы министрлигинин мамлекеттик карызды көзөмөлдөө бөлүмүндө иштеп жатам. Сырттан билим алгандыктан окуум жумушума тоскоол болгон жок.

– Биздин сынакка сүрөтүңдү өзүң эмес, курбу кызың жөнөтүптүр...
– Курбу кызым менин сулуулар сынактарына кызыкканымды жакшы билет. Ошондуктан мага айтпай эле сюрприз кылып сүрөттөрүмдү жөнөтүп коюптур. Сынакка чакыруу алганымды билгенде аябай сүйүндүм.

– Мурда да сулуулар сынагына катышып көрдүң беле?
– «Супер сулуу-2013» сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева уюштурган сынакка кабыл алынгам. Бирок бошобой катыша албай калдым. Буюрса, бул сынактын финалына өтүп, өзүмдү татыктуу көрсөтүп, ата-энемди кубанткым келет.



АЙЧОЛПОН СЕИТПЕКОВА
Жашы – 19
Параметри – 82-68-90
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Учурда – КУУнун экономика факультетинде 3-курста окуйт




«БОЮМДУН УЗУНДУГУНАН УЯЛЧУМУН»

– Айчолпон, моделдик агенттикте окуйт экенсиң. Модель болуп эл көзүндө жүргүң келеби?

– Бир жолу мода көргөзмөсүнө катышып абдан таасирленгем. Ошондон кийин мода дүйнөсү арбай баштады. Бул жаатта тажрыйба топтоп, чоң көргөзмөлөргө катышып, модель болгум келди. Азыркы тапта моделдик агенттикте подиумда туура басканды, сүрөткө түшкөндү үйрөнүп жатам. Бул чөйрөнүн сырлары жаңыдан ачылып, оош-кыйыш жактарын билип калдым.

– Кандай оош-кыйыш жактары бар экен?
– Дайыма шиш така кийип түптүз басууга туура келет. Кээде бутуң чыдатпай ооруйт. Көрө албаган кыздар да бар, алардан күчтүү болушуң керек. Бир сөз менен айтканда, модель дүйнөсү өзүнө ишенген, жоопкерчиликтүү кыздардыкы экен.

– Келбетиңдеги өзгөчөлүгүң тууралуу айта кетсең...
– Мурда боюмдун узундугу жакчу эмес. Аны кемчилик катары эсептеп элден уялып, ыйлачумун. Анда бул мени элден өзгөчөлөнтүп турган артыкчылыгым экенин билчү эмесмин да. Азыр модель болууга шарт түзгөн боюмдун узундугу менен сыймыктанам.


SUPER.KG порталында жүргүзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыгында Мээрим 83 добуш алып, финалга чыкты. Ал эми Жазгүл 78 добушка ээ болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Nura.1012
2016-07-18 09:42:53
Кийимдери кантет бири бутунун ойдосуно чн бири ичин корсотуп,кыргыз кызы болгондон кийин элге жакшынакай кийинсе болбойбу.
+11
gulaiym.95
2016-07-18 10:41:06
ужас. коркосунго
+8
Stervashka
2016-07-18 13:30:50
Нурайым жакты, ушу кызга добуш берем.
-4
zara-919
2016-07-18 14:23:41
Экоо тен Жакпады
+15
Taalai94
2016-07-18 15:45:11
Жакшы кыз калбаганбы Бишкекте?
+8
Elnura_Almazbekovna
2016-07-18 16:50:33
Nuraiymga dobush berem
-4
Elnura_Almazbekovna
2016-07-18 16:51:29
Нурайымга добуш берем.
-5
MIRAN
2016-07-18 20:30:56
Ужс
+6
sgushenka
2016-07-18 22:42:25
Сулуулар Балиге баргысы келбейт экенда демек, ушуга ч.н бир тузугуроогу чыкпады го деги...
+8
Nazikbaigazy
2016-07-19 00:59:41
Булар мага эч ким эмес, бирок уялсанар болот, сулуу эмес девей, озунор сулуусунарбы, Биричи озунду кузгудон кара, кыргызымдын ар бир кызы сулуу
+1
ilgis1991
2016-07-19 11:17:17
Экинчиси сулуу эмес экен.
0
luna.kg
2016-07-20 09:18:21
Нурайым тунку кийим кийип алганбы...)) Айчолпон ичин айтпаганда ары берисин жаап кийиниптир, Айчолпонго берем добушумду.
-2
Frunze74
2016-07-21 22:59:56
Бир мен эмес копчулук каршы сыяктанат шортачан же киндигин корсотуп ж.б. суротко тушкондорго. Негизи кыргыз элимде сулуулар коп, бирок конкурста жарым жыналач подиумга чыгууга макул эмес, ата-эне, ага-тууган, тааныштар арасында уят, экинчиден абийри, намысы жол бербейт. Эгерде ушул конкурс менин кыялымдагыдай откондо тизеден ылдый койноктор менен, орундуу суроолор, кызыктуу конкурстар менен, кары-жаш чогуу коро тургандай, кыргызымдын комускодогу чыныгы сулууларынын бир тобу катышмак..
+1
diaz
2016-07-22 10:40:20
Нурайым дегени емне балее кийип алган жок дегенде ошол жумушуна кийиген кийими менен суротко тушуп койсо болмок екен - 0 деген баа берем
+2
ikitaidesu
2016-07-24 15:41:29
Бул суротту ата эне бир туугандар коруп эмне дешти экен? Бали барбасанар барбапсынар дененерди жапкылачы!!! Озунор каражат топтоп барсанар болсо керек.
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан