ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

СПОРТТО

Камбэк
– англис тилинен "to come back" сөзүнөн алынып, "кайтуу" деп которулат. Спорттук термин, оюндарда ири эсепте жеңилип баратып, акыркы мүнөттөрдө кокусунан жеңип калган команданы айтышат. Аталган термин көбүнчө футбол, хоккей сыяктуу команда менен ойнолгон спорт түрлөрүнө карата колдонулат. Фанаттар камбэк терминин "эрктүү жеңиш" деп аташат. Евро-2016 оюндарында Уэльс өлкөсүнүн командасы Бельгияны камбэк жасап жеңген. Тагыраагы, Уэльс беттеште 1:0 менен утулуп баратып, соңунда 3:1 эсеби менен жеңишке жетишкен.

МАДАНИЯТТА
Слэм
– рок-концерттердеги фанаттардын жүрүм-туруму. Концертке келгендер денеси, колу, ийини менен бири-бирин түрткүлөшөт. Слэмдин өзүнүн эрежелери бар: жыгылып кеткендерге жардам берүү, бирөөнүн денесине жаракат келтирбөө жана айланадагыларга жолтоо болбоо. Слэмдин түрлөрү: Stage Diving (сахнадан фанаттардын үстүнө секирүү), Crowd Surfing (чогулгандар ырчыны колуна чогуу көтөрүшөт), Circle Pit (кол кармашып алып чогуу ырдашат), High Jump (бийикке секирүү).



КООМДО
Пролайф
– абортторго каршы коомдук кыймыл. Англис тилинен «pro life» – "жашоону коргоо" деп которулат. Айрым пролайферлер өз ынанымын радикалдаштырып жиберген учурлар да кездешет. Мисалы, балалуу болуу үчүн ЭКУ жана карын эне болуу ыкмаларын туура эмес деп эсептешет. Кээде абортторго гана эмес, сактанууну да токтотуш керек деген ойлорун айтып жүрүшөт. Алар бала бойго бүткөндөн баштап укугун коргоп, абортко жеткирбөөнү максат кылышат. Пролайферлер жыл сайын өз өлкөсүндө флешмоб өткөрүп, көпчүлүктү өз катарына кошулууга чакырышат. Мындай түшүнүктү карманган адамдар улуту жоголуп кетүү коркунучунда турган өлкөлөрдө көп.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Bek1996_01
2016-07-22 08:32:21
to come back мурда эле бар эле
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан