ТУРИСТТЕРДИ ТОНОГОНДОР МУРУНКУ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ БОЛУП ЧЫКТЫ

Жайдын келиши менен коңшу өлкөлөрдөн келген туристтердин Ысык-Көлгө агылып жаткан маалы. Аларды тосууда айрымдар "меймандостугун" ашыкча көрсөтүп жаткан учурлар кездешпей койбойт. Алсак, 4-июль күнү Ысык-Көлгө бара жаткан орусиялык жарандарды белгисиз адамдар тоноп кетишкен.

ЖОЛ ЖЭЭГИНДЕГИ КЫЛМЫШ

Дмитрий жана Ирина Ребровдордун үй-бүлөсү Орусиядан бери Ысык-Көлгө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласын дарылатууга алып бара жатышкан. Аларды Токмок шаарына жакын жердеги айланып өтүүчү жолдон өздөрүн «милиция кызматкерибиз» деп тааныштырышкан белгисиз адамдар карактап кетишкен. Белгилүү болгондой, жабырлануучулардын жанында 100 евро, 20 миң рубль, 45 миң сом болгон. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, арадан 5 күн өтпөй бул кылмышка шектүү катары Аламүдүн районунун 1974-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну жана 1969-жылы туулган К.К. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды.

«МУРДА ДА ТУРИСТТЕРДИ ТОНОШКОН»

Бул окуя боюнча ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Аталган факт боюнча өз убагында Чүй ОИИББинин оперативдик тергөө тобу түзүлүп, Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облусунда кылмышкерлерди издөө иштери жүргүзүлгөн. Туристтер тонолгон күнү эле кылмышкерлер из жашырган унаанын мамлекеттик номуру 3 жыл мурун Бишкектен уурдалгандыгы аныкталган. Бул илинчек менен 5 күн өтпөй шектүү делинген эки жаран кармалды. Жабырлануучулар кылмышка шектүүлөрдү таанып, белгилеп беришти. Алар мурун милиция кызматында иштегендиги, кесиптештеринин атын булгап мурда да туристтерди тоногондугу үчүн кызматтан айдалгандыгы билинди. Кылмышка шектүүлөрдүн бирине 2011-жылы казакстандык жаранды тоноду деген айып тагылган. Бирок анда жабырлануучу келбегендиктен иш кыскартылып, жоопко тартылган эмес. Учурда кармалгандар 1 айга тергөө абагына камалып, дагы башка каракчылык фактыларына катыштыгы бар же жок экендиги аныкталууда.
ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча милиция кызматы бүгүнкү күндө таза иштебеген кызматкерлерди өз катарынан чыгарып жатат. Мисалга алсак, жакында эле уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар кызматкерлер министрдин буйругунун негизинде кызматтарынан бошотулушту. Алар: Чүй ОИИББинин ыкчам иликтөө кызматынын 2 кызматкери, Бишкек ШИИББинин кызматкери жана Ысык-Ата РИИБинин аймактык тескөөчүсү. Ошондой эле Чүй ОИИББинин 2 жетекчи кызматкери ээлеген кызматынан бошотулду. Мындан тышкары, Чүй ОИИББинин дагы бир ыкчам иликтөө кызматкери бошотулат. Ал азыркы тапта ооругандыгына байланыштуу өргүүгө кеткен.

КООМЧУЛУК КАРАП ТУРГАН ЖОК

Бул окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, социалдык тармактарда уурдалган акчаны чогултуу боюнча аракеттер көрүлдү. Мекендештерибиз жабырлануучулардын үй-бүлөсүнө 20 миңден ашык сом чогултуп жардамын беришсе, Чүй ОИИББинин ардагерлер кеңеши да акчалай көмөк көрсөтүштү. Ардагерлер кеңешинин төрагасы Кантемир Турдалиев акчалай жардамды тапшырып жатып жабырлануучуга: «Балаңызды атайын Ысык-Көлгө алып келе жатканыңызды угуп, биз дагы жардам берүүнү туура көрдүк. Эми эч нерседен кооптонбой эс алууга келип туруңуздар»,- деди. Ал эми Дмитрий Ребров: «Биздин эс алуу ушундай окуялар менен коштолот деп эч күткөн эмесмин. Бул окуяга көңүл кош карабаган жарандарга өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем»,- деп ардагерлерге ыраазычылыгын билдирип өттү.

"БЫЛТЫР 200ДӨН АШУУН ТУРИСТ АРЫЗДАНГАН"

Жогорудагы окуя тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун оюн уктук:

– Мындай көрүнүш өлкөбүзгө туристтердин келүүсүнө кедергисин тийгизет. Баарыбыз "туризм өлкөсүнө айланабыз" дейбиз. Бирок ошого карата чараларды көрбөсөк туристтер өлкөбүзгө келбейт. Туристтер көңүл бөлө турган эң негизги нерсе – коопсуздук. Тынчтык жок өлкөгө туристтер барышпайт. Буга окшогон окуялар мурда деле болчу, өзгөчө Ысык-Көлдүн сезону башталган маалда. Мисалы, 2015-жылы 200дөн ашуун турист бизге арыз менен кайрылышкан. Алардын көпчүлүгү каракчылыкка дуушар болгондугун, ур-токмокко кабылгандыгын, буюмдарын уурдаткандыгын айтышкан.
Туристтик сезон башталганда ИИМдин буйругу менен Ысык-Көл облусунун жергиликтүү милиция кызматына кошумча кызматкерлер жиберилген. Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин милициянын көчмө жүрүп туруучу 10 экипажы ишке киргизилди.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
turna23
2016-07-18 09:45:57
Мен ушул учурда Чолпон-Атага балдарым менен эс алганы келип,алданып калдык. Алдын ала акча тологон батир жакпай калып,кетебиз десек акчабызды кайтарбай койду уйдун ээси. Этият болгула,келуучулор.
0
turna23
2016-07-18 09:48:35
Жалгыз бой энемин,убалдан коркпогон эл болушат экен. Уч уулумду эс алдырам деген акчаны бироого кармата салып аябай жаман болдум.
+1
Samash-87
2016-07-19 03:07:47
Ысык-Колдуктор ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-07-19 09:55:17
Samash-87, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 5 күнгө БАН!
0
vestel
2016-07-19 21:16:17
Kolduktorun gyrt konkobayda
0
Volgograd8442
2016-08-03 01:09:30
Уурулук учун деле эч ким келбейт эс алганды
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан