ИЗДЕЙМ СЕНИ

"АЗАМАТ АТТУУ КЛАССТАШЫМДЫ ИЗДЕЙМ"
– Мен, Эрлан Алтыбаев, (мурунку фамилиям Алтыбай уулу Эрлан) 2001-жылы туулган классташым Канат уулу Азаматты издейм. Азамат 2008-жылы Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы №7-орто мектепте 2 чейректи биз менен чогуу окуп кеткен. Такталбаган маалыматка таянсам, ал бизден кеткен соң Ысык-Көл облусунун Каракол же Балыкчы шаарында окуптур. Азат деген байкеси бар болчу, мындан башка маалыматым жок. Азамат, эгер мени таанысаң чалып койчу.

Тел.: 0708 501 451, altybaevera@gmail.com

"МАХАБАТ, МАГА БАЙЛАНЫШ"
– Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын тургуну Эшбаева Махабат Жандашовнаны издейм. Таанып-билгендер болсо кабарлап, же төмөнкү номерге байланышып койгула.

Нурзат. Тел.: 0771 914 111

"АРНААЛЫ МЕНЕН ЖАРКЫНДЫ ИЗДЕЙМ"
– 1969-жылы Бишкек шаарындагы Айыл чарба институтун (мурдагы Скрябин атындагы) бирге аяктаган тайпалаштарым жана досторум Арнаалы Акматалиев менен Жаркын Сатыбалдиевди издейм. Достор, эгерде менин кабарымды ушул гезит аркылуу окуп калсаңар байланышып койгула.

Султангазы Акматов, Ысык-Көл облусу, Түп району, Арал айылы.
Тел.: 0558 021 760, 0702 228 710

"НАЗГҮЛ, КАЙДАСЫҢ?!"
– Ноокат районунун Жал айыл аймагынан Назгүл аттуу кара тору кызды издеп жүрөм. Назгүл, окуп калсаң байланышчы. Сени издеген Бакыт Табылов.

Тел.: 0771 701 874, bakyttabylov@gmail.com

"АЙЛУНАНЫ ИЗДЕЙМ"
– Бишкек шаарындагы Ак-Өргөө конушунун тургуну 1994-жылы туулган Айлуна Абакир кызын издейм. Ал Жусуп Баласагын атындагы КУУда окучу. Айлуна, эгер менин билдирүүмдү окуп калсаў, байланышып койчу. Ошондой эле Айлунаны тааныган окурмандардан да кабарлап коюуларын өтүнөм.

Орусиядан Азамат. Тел.: +89619614025 (WhatsApp)


"АПАМДЫ ТАШТАП КЕТКЕН ТАЕНЕБИЗДИ ИЗДЕЙБИЗ"
– Окуя Союз мезгилинде болуп өткөн. Анда Фрунзеден (азыркы Бишкек) студенттер жер-жерлерге айыл чарба иштерине жардам берүү үчүн барышчу. 1971-жылы Фрунзе шаарынан Ош облусунун Ленин районуна (азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен району) студенттер пахта терүүгө келишет. Ошол студенттердин арасынан жашы 17-20лар чамасындагы студент кыз 11-сентябрда райондук төрөт үйүндө кыз төрөп, таштап кетет. Төрөт үйүнүн дарыгерлери балалуу боло албай жүргөн бир үй-бүлөгө ымыркайды берип, алар асырап алышат. Кызды багып алган үй-бүлө абдан жакшы чоўойтуп-өстүрүп, билим берип тарбиялашкан экен.
Ал адам – азыркы менин апам. Апамды өздөн артык бөпөлөп өстүргөн ата-энесинин көзү өткөндөн кийин 45 жыл мурунку чындык ачыкка чыгып, апам өзүнүн таштанды экенин билип отурат. Азыр апам очор-бачар үй-бүлөлүү болуп, бала жытын искеп, небере бактысына чөмүлүп турса да, төрөп таштап кеткен апасы ким экенин билгиси келип ыйлайт. Гезиттин редакциясына кат жазганымдын себеби, ошол окуянын түйүнүн чечмелегибиз келет. 1971-жылдары ушул окуяга күбө болгон замандаштары, балким, апамдын төрөп таштап кеткен апасын тааныйт деген үмүттөбүз. Билгендер болсо кабарлап коюуларын өтүнөм.

Балдарынын атынан Исхак.Тел.: 0550 82 81 61


Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан