ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (18-июлдан 24-июлга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Үй-бүлөлүк жана чарба иштерин жөнгө салууга ылайыктуу апта. Оңдоп-түзөө жүргүзүүнү же үйдү жасалгалоону пландаңыз. Үйдөгүлөрдүн маселесин чечүүгө жардамдашып, көңүлүн алыңыз. Иште бир идеяны ишке ашырууда сиздин көмөгүңүз керектелет. Билгениңизди аянбаңыз. Каржыңыз көңүл жылытарлык болбой, бир жактарга барууну кийинкиге жылдырасыз. Антсе да дем алыш күнүңүз ойдогудай өтүп, жакшы эс аласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада сизди жаңы иштер, кызыктуу жаңы сунуштар күтөт. Социалдык статусуңузду жогорулатууга мүмкүнчүлүк да чыгат. Шейшембиде өз алдынча чечим чыгарбай, жакындарыңыз менен кеңешиңиз. Бейшембиде чөйрөдөгүлөр менен мамилеңизди анализдеңиз, болбосо мамилелер туюкка такалуусу мүмкүн. Оңой олжолуу болом деп кылтакка түшүп калбоону жылдыздар эскертишет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Ичте катылган идеяны
жүзөгө ашыруу сизге моралдык жана материалдык канааттануу алып келет. Жолугушууларды дүйшөмбүгө белгилесеңиз ийгиликтүү өтмөкчү. Бейшембиде акчанын келип түшүшү күтүлүүдө. Ишембиде азырынча кереги жок буюмду сатып алуудан карманыңыз. Жекшембиде достордун компаниясында болуп, күндү көңүлдүү өткөрөсүз. Алыстагы жакындарыңыз жакшы жаңылыктары менен кубантат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Иште азырынча
башкалардан өзгөчөлөнүүнүн кереги жок. Ийгиликтердин келиши кыйын, андыктан энергияңызды сактай туруңуз. Үй-бүлөлүк бюджетте акча жетиштүү деп аны оңго, солго чача бербеңиз. Жакында жаңы планды ишке ашырууда акча керек болуп калат. Тааныштар менен коомдук ишке катышууңуз мүмкүн. Соода жаатында иштегендер шеригин кыйынчылыктан сууруп чыгууга күч үрөшөт. Бул жаатта керектүү адистерге кайрылуулары мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Күтүлбөгөн кырдаалдан улам кийинкиге деп калтырылган ишти колго алууга аргасыз болосуз. Аны оңой жана тез бүтүрүүнүн жолдорун издештириңиз. Тапканыңыз иштегениңизге жараша болорун эске алыңыз. Бойдоктор өзгөрүүлөргө даяр болуусу кажет. Анткени тагдырына таасир этүүчү адам менен таанышышат.
Жакындарыңыздын бири чогуу конокко барууну сунуштайт. Барган жериңизден жаңылыктарды угуп кайтасыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иш боюнча ары
кызыктуу, ары азгырмалуу сунуштар түшөт. Алардан башыңыз айланып, маанилүү нерсени унутуп койбоңуз, же өткөрүп жибербеңиз. Чогуу иштешкендердин сынына чычалабай, туура жыйынтык чыгарсаңыз өзүңүзгө эле пайда. Апта агында акчалуу болууңуз ыктымал. Дүкөн кыдыргыңыз келсе акчаңызды бекем катыңыз. Сүйүүдө амбицияңызды өзүңүзгө калтырып, туура эмес сүйлөөдөн карманыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Түзүлгөн кырдаалдын оордугуна карабай иштериңизди убагында бүтүрүүгө тырышыңыз. Жаныңыздагылар сизди туура түшүнүшүп, жардам беришет. Маселелерди чечүүнү дем алыш күнгө калтырсаңыз туура. Айрымдар жашаган жерин алмаштырып, башка жакка көчүүнү пландашат. Сүйүктүүңүз туура, бирок ачуу сөздөрдү айтуусу мүмкүн. Андыктан аны менен айтышуунун, катуу таарынуунун кереги жок.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптанын башындагы окуя сизди кубанычка бөлөп, убайымдуу маанайыңыздын изи да калбайт. Бейшемби командировкага аттанууга, тааныштарга барууга ылайыктуу. Жума күнү буга чейинки ишиңиздин жемишин татып, акча аласыз. Тапканыңыздын канча бир бөлүгүн банкта сактап көбөйтүүнү ойлоңуз. Дем алыш күнү жеке жашооңузга убакыт таап, эс алыңыз. Маданий жайларга баш багыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Шашылыш чечим кабыл алып, өз чечимиңиздин курмандыгы болуп калбаңыз. Туура ой жүгүртүңүз. Бизнес менен алектенгендер жаңы өнөктөштөр менен пайдалуу макулдашууларга жетишишет. Бирок акчанын көбөйгөнүнө кубанып жүрө бербей, ден соолукка да көңүл буруңуз. Сактоого бирөөлөрдөн буюм албаңыз. Жоготуп, ашыкча чыгым тартасыз. Жаңы таанышкан адамыңыз идеялары менен бөлүшөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жогору турган инстанцияларга иштер менен барууга туура келет. Буга чейинки жетишкендиктерди бекемдөөгө тырышыңыз. Кайсы бир планды жүзөгө ашыруу үчүн акча коротосуз. Бирок жыйынтыгында андан көптү таба аласыз. Балдардын талаптарын аткарууга убакыт бөлөсүз. Жакшы көргөн адамыңыз бош болбой, жекече эс алууңуз мүмкүн. Туугандардын бириникине баш багып, белектүү кайтасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Майда пландарды жүзөгө ашырууну коё туруп, негизгисин бүтүрүүнү колго алыңыз. Шаршембиде өткөн иштерге байланыштуу юридикалык маселе чыгат. Коркпоңуз, аягы жакшы бүтөт. Жума күнү өзүңүздү башкалардан жогору сезип, көпчүлүккө кошулбай койсоңуз, аягында жаман акыбалда каласыз. Сүйүктүү адамыңыз сизден колдоо жана камкордукту күтөрүн унутпай, анын сезимдери менен ойнобоңуз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта түрдүү окуяларга, жолугушууларга бай болмокчу. Бирөөлөрдүн мактоосуна эрип кетип, алардын ишин бүтүрүшүүгө көп убакыт коротпоо керек. Чоң кирешелер тууралуу кыялданбай туруңуз. Досторго же жакындарга жардам көрсөтүп калууңуз ыктымал. Апта аягында баарлашууларда этият болуу кажет, болбосо бирөөдөн кагуу жеп көңүлүңүз сууйт.
Шашылыш жол жүрүп калууңуз да ыктымал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан