ОМБРЕ

Омбре – бул акыркы жылдардагы эң көрүнүктүү чач жасалгалардын бири. Француз тилинен которгондо "көлөкө менен караңгылоо" дегенди билдирет. Омбрени универсалдуу чач жасалга десек да болот. Анткени бул жасалга узун, кыска, ар кандай түстөгү чачтарга ылайыктуу жана бардык курактагы айымдарга сунушталат. Бул туурасында "Силуэт" сулуулук салонунун чачтарачы Айгүл Бейшекеева кеңеш берет.



ОМБРЕНИН ТҮРЛӨРҮ

Классикалык.
Мүмкүн болушунча чач табигый түскө жакын болуусу кажет. Узун чачтардын түбү бир калыпта, назик болуп көрүнөт.


Тескери омбре. Бул түрүндө чачтын астыңкы бөлүгү эмес, тескерисинче, тамыр жагы ачык түскө боёлот.



"Pony tail" – "аттын куйругу" дегенди билдирет. Узун чачтарга ылайыкталган. Күңүрт түстөгү чачтардын уч жагы ачык түскө боёлот.



Түстүү омбре. Мында бир эле убакта чачыңызды каалаган бир нече: көк, сары, жашыл, күлгүн жана башка түстөр менен айкалыштырып боёй аласыз.


Кескин омбре.Ачык менен күңүрт түстөгү чачтарды тегиз кылып бөлүп боёо. Мисалы, кара менен сары түс. Кара чачтар үчүн омбре. Мындай түстөгү чачтарга каалагандай өң берүү татаалыраак. Бирок универсалдуу кызыл түс аркылуу каалагандай натыйжага жетүүгө болот.

Кара чачтар үчүн омбре. Мындай түстөгү чачтарга каалагандай өң берүү татаалыраак. Бирок универсалдуу кызыл түс аркылуу каалагандай натыйжага жетүүгө болот.

Тазагүл Эмилбек кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
gulzar_gulu
2016-07-23 17:49:21
Тынч эле жүргөн жакшы.
0
Bazana
2016-07-25 09:54:55
Мага жакты
+1
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан