ШААН-ШӨКӨТТҮН ХАНЫШАСЫ – ОЛЬГА БУЗОВА

Ольга Бузова – Орусиядагы эң популярдуу "блондинка" айымдардын бири. Мындан сырткары ар тараптуу медиаперсона, атактуулар катышкан кечелердин дайымкы коногу. Түрдүү багыттагы теледолбоорлору жана эл көзүндөгү жашоосу менен мактана алат. "Чыныгы блондинка", "орустардын Виктория Бекхэми" атыккан Ольга Бузова 10 жылдан ашык убакыттан бери теледен түшпөй келет.

Туулган жери –Орусия, Санкт-Петербург шаары
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 20-январь
Кесиби – Телеалпаруучу, ырчы, дизайнер, жазуучу, ди-джей, актриса
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – 54 килограмм
Параметри – 85-62-94
2007-жылы Дүйнөлүк сары чачтуу айымдардын күнүндө Ольга Орусияда "Золотая персона" сыйлыгын алып, эң стилдүү жана көрүнүктүү блондинка деп табылган.
"Дом 2" долбоорунан чыккан ырчылар менен Орусияны кыдырып, гастролдогон.
Билими – эколог, бирок өз кесиби менен иштеп көргөн эмес.
2010-жылы театрда дебют жасап, "Укмуштуу үлпөт той" деген спектаклде роль аткарган.
Хоббиси катары ди-джейликти эсептейт. Кийимдер коллекциясынын көрсөтмөсүндө алып баруучу өзү ди-джейлик пультта отуруп музыка коюп берген.

БУЗОВАГА АЙКЕЛ ТУРГУЗУШКАН

Ольга Бузова орусиялык ТНТ телеканалында эң чырлуу "Дом 2" берүүсүнүн алгачкы катышуучуларынын бири. Аталган долбоордо алып баруучу 3 жыл Роман Третьяков менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп, бирок түгөйлөрдүн сүйүү романы үйлөнүү тойго жеткен эмес. 2007-жылы "Дом 2" берүүсүнүн эң популярдуу түгөйлөрү Роман Третьяков менен Ольга Бузованын келбети түшүрүлгөн айкели атактуулардын келбети түшүрүлгөн музейге коюлган. Долбоордун алкагында Ольга Стас Каримов, Алессандро Матераццо менен сүйүү мамилесин куруп, бирок көпкө созулган эмес. 2008-жылы Бузова долбоордон кеткени калганда уюштуруучулар "алтын курамдын" эң белгилүү катышуучусун колдон чыгарбай, ошол маалда саясатка ооп кеткен Ксения Собчактын ордуна алып баруучулукка алып калышат. Кезинде Бузованын экс-жигити Алессандро Матераццо ал тууралуу "Ольга эки сөздүн башын бириктире албаган алып баруучу. Ал жумушка "Дом 2" долбоорунун продюсери Алексей Михайловскийдин көңүлдөшү болуп жеткен. Экөөбүздүн мамилебиз продюсерлердин буйрутмасы, эгер мамилебиз бекемделсе мага 5 миң доллар беребиз дешкен. Долбоорго кыздардын баары продюсердин төшөгүнөн өтүп келишет" деп басылмаларга жамандаганы бар.

"БЛОНДИНКАЛАР ЖОК БОЛСО КУУДУЛДАРГА ТЕМА ТАБЫЛБАЙ КАЛМАК..."

ТНТ каналынын жылдызы Ольга Бузованы орус телеканалдары шоу үчүн берүүлөрүнө чакырып, алпаруучунун белгилүүлүгүн пайдаланып келишет. Ольга "Универ", "Зайцев+1" сериалдарында эпизоддук ролдорду ойноп, актрисалык дареметин сынап көргөн. Ушул жылы алып баруучу "Байкуш эл" сериалында өзүнүн (Ольга Бузова) ролун ойногон. Кызыгы, блондинкаларды шылдыңдаган ролдорду көп аткарган Бузова "блондинкалар жок болсо куудулдарга тема табылбай калмак" деп, андай тамашаларга чычалабай турганын билдирген.
Мындан сырткары Ольга 2011-жылы өзүндөгү ырчылык талантын өстүрүүнү каалап, белгилүү рэп ырчысы T-killah менен "Унутпа" деген ыр жаздырат. Андан соң жолдошу Дмитрий Тарасов экөө "Баары сен үчүн" аталыштагы ырын жарыкка чыгарышат. Чыгармачылыкта тыным албаган Бузова өзүнүн кийимдер линиясын чыгарып, мода жумалыгында көрсөткөнгө да жетишкен. Ошондой эле "Дом 2" долбоорундагы өнөктөшү Роман Третьяков менен "Бузова менен Роман. Эң кооз сүйүү баяны", андан соң өзү "Стилдүү блондинканын кеңештери" деген китептерин чыгарган.

ЖОЛДОШУНУН ҮЙ-БҮЛӨСҮН БУЗУП ТИЙГЕНБИ?

Атактуулар катышкан кечелердин ханышасы Ольга Бузова 2012-жылы өзүнөн бир жаш кичүү "Локомотив" футбол клубунун оюнчусу Дмитрий Тарасовго турмушка чыккан. Кызыгы, экөө кыз-жигит болуп жүргөндө Дмитрий үй-бүлөлүү болчу. Орус басылмалары "никелүү, бир баласы бар футболчунун үй-бүлөсүн Бузова бузуп турмуш курду" деп жазып чыгышкан. Бирок Дмитрий Тарасов жубайы Оксана менен мамилеси мурунтан эле солгундап жүргөнүн айткан. Алып баруучу жолдошу тууралуу "Сүйүктүүмдүн ар бир оюнуна катышып, ага күйөрмандык кылгым келет. Эгер чет өлкөлүк клуб менен келишим түзүп калса, чыгармачылыкты жыйыштырып жолдошум менен кеткенге даярмын" дейт. Инстаграмда Кыргызстандын эли менен тең, 5 миллиондон ашуун окурманы бар Бузова жыргал жашоосун жарыялаганды жакшы көрөт. Ал баракчасында өзүнүн кийимдер коллекциясын жарнамалап, жолдошу менен чет өлкөдөгү эс алууда түшкөн сүрөттөрүн, анын берген белектерин жүктөгөндөн тажабайт.

Бузованы жолдошу дайыма гүлгө ороп турат


Жолдошу Дмитрий жубайын түрдүү айың-кептерден коргоп келет.


Экс-жигити Роман Третьяков менен.


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Begimkyz
2016-07-18 11:04:40
Аман эле болсунчу, тауыр жакпайт ушул айым.
+5
sezim_osmonalieva111
2016-07-18 12:54:49
Мага да жакпайт негедир)
+2
Dieza
2016-07-19 15:54:38
Несине ханыша дейм да?....
+2
Frunze74
2016-07-21 22:27:21
Кайдагы ханыша, атын эми угуп жатам керек болсо... Бир нерселер жазгым келди, банга кетип калам да.
Айтор Алла Пугачева же ошол сыяктуу белгилуу бироо болсо жарашмак ал атка...
0
CAAT
2016-07-26 12:29:13
Дом-2 проектисинде тапкан жигити беле Роман? Жакшы бактылуу болушсун!
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан