ЖОГОРКУ СОТ АСКАРОВ БОЮНЧА ЧЕЧИМИН ЖОККО ЧЫГАРДЫ

Бул аптанын башкы каарманы Азимжан Аскаров болду. Билген азчылыкка аталган адам укук коргоочу, ал эми көпчүлүккө ал Июнь окуясынан улам бир катар оор беренелер менен соттолгон жана өмүр бою эркинен ажыратылган кылмышкер. 12-июль күнү дүйнө коомчулугу күзөтүп турган бул иш боюнча Жогорку Сот өз токтомун жокко чыгарды.

Restart:
АЗИМЖАН АСКАРОВДУН ИШИ БАШЫНАН КАРАЛАТ

11-июлда Жогорку Соттун имараты адаттагыдан көп адамдарды тосуп алды. Кабарчылар, укук коргоочулар, эл аралык байкоочулар, элчиликтин кызматкерлери, айтор, мунун баары соттук процесстин кыргыз өлкөсүнүн ичинде гана эмес, дүйнөдө да талкуу жаратып жаткандыгын тастыктап турду.
Жогорку Сот эң жогорку жана акыркы инстанция болуп саналат, ошол үчүн анын чечимдери кайра каралбайт. Бирок ушул жылдын апрель айында БУУнун адам укуктары боюнча комитети чыгарган бүтүмүнөн улам Жогорку Сот ишти кайрадан кароого мажбур болду.
12-июлда Жогорку Сот 2010-жылдын ноябрындагы Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн, 2011-жылдын декабрындагы Жогорку Соттун токтомун жокко чыгарып, кылмыш ишин Чүй облустук сотуна жаңыдан кароого жөнөттү. Базар-Коргон райондук соту 2010-жылдын сентябрында чыгарган өкүмү күчүндө калып, Азимжан Аскаров азырынча абакта калтырылды.

ОКУЯНЫ ЭСКЕ САЛСАК...

2010-жылкы Июнь окуясында Ош-Бишкек жолунун Базар-Коргон районунда жайгашкан Кара-Үңкүр көпүрөсү аркылуу өткөн бөлүгү жүздөгөн адамдар тарабынан тосулуп турган. Аларды тынчтандыруу үчүн 16 милиция кызматкери куралсыз барып, ур-токмокко кабылышып, милициянын капитаны Мыктыбек Сулайманов мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Күбөлөрдүн айтымында, мына ушул окуяда Азимжан Аскаров укук коргоо органдарына баш бербөөгө, аларды өлтүрүүгө чакырып жүргөн. 15-июнда кармалган Азимжан Аскаров этностор аралык кастыкты козутуу, массалык баш аламандыкты уюштуруу жана укук коргоо кызматкерин өлтүрүүгө катышуу боюнча айыпталып, Базар-Коргон райондук соту аны өмүр бою эркинен ажыраткан, Жалал-Абад облустук соту жана Жогорку Сот ал өкүмдү күчүндө калтырышкан эле. Июнь окуясынан тартып ушул күнгө чейин бейөкмөт уюмдар Азимжан Аскаровго өкүм акыйкатсыз чыгарылды деп туш тарапка арызданып келет. Ал эми эл аралык коомчулук абактагы Аскаровго жан тартып, түрдүү сыйлыктарды берип келди. Өткөн жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти “Адам укуктарын коргоочу” сыйлыгын ыйгарды. Бул кадам АКШ менен Кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы кызматташуу боюнча келишиминен бир тараптуу чыгууга жеткирген.

КИМ АК? УКУК КОРГООЧУБУ ЖЕ УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫБЫ?

БУУнун комитети чыгарган чечимге ылайык, ишти карооодо калыстык болгон эмес. Тергөөдө, сот процессинде укук коргоочулар менен Азимжан Аскаровдун туугандары эмес, бир гана укук коргоо органдарынын кызматкерлери чакырылган. Ал эми мамлекеттик айыптоо позициясындагы прокурорлордун айтымында, Базар-Коргон РИИБинин башчысы өлтүрүлгөн окуя орун алган 13-июнь күнү Азимжан Аскаровду көргөн милиция кызматкерлери калп тапкыч детектордон өтүшкөн жана айткандары чын болуп чыккан.
Бул чуулуу окуяда кыргыз өлкөсүнүн укук коргоо органдары менен сот системине ишеним жоктугу чоң роль ойноп жатат. Июль айынын башында өткөн Коргоо кеңешинин жыйыны жана ушул жылдын аягына чейин ишке аша турган укук коргоо органдарынын кардиналдуу реформасы – бул тармакта олуттуу көйгөйлөрдүн көбөйүп кеткенин, айрыкча тармактын коррупцияга батканын айгинелейт. Эл ичинде “милиция менен сотко күн салбасын” деген кептин жүргөнү бекеринен эмес. Укук коргоо органдары менен сот системине карата коомчулуктун ишеним артуусу күндөн-күнгө азайып барат.
Эгерде Азимжан Аскаров эркиндикке чыкса, Конституцияга 41-берененин шылтоосу менен өзгөртүү киргизүү демилгеси кайра көтөрүлүшү ыктымал. Кайсы бир шылтоо менен өз ыңгайларына жараша Баш мыйзамды өзгөртүүнү каалап турган топтор бийлик башында көп. Учурдагы окуянын өнүгүшү ушул нукта бара жатат...

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан